Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Мурат Саралинов: Жаштар олимпиадасына 7 жолдомо бар


Мурат Саралинов

Мурат Саралинов

Быйыл жайында Сингапурда алгачкы ирет жаштардын дүйнөлүк олимпиадасы өтөт. Ага кыргызстандык спортчулар да жолдомо алышты. Спорт тармагындагы акыркы жаңылыктар тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жооп берди.

- Быйыл жайында Сингапурда өтө турган биринчи жаштар олимпиадасына Кыргызстандан канча өкүл барат жана бул олимпиаданын мааниси, максаты тууралуу айтып берсеңиз?

Мурат Саралинов: Кыргызстан эгемен мамлекет катары эл аралык олимпиада кыймылынан калбай, буйруса, август айында тарыхта биринчи жолу өтө турган жаштар арасында биринчи олимпиадалык оюндарга катышканы турат.

Былтыр Сингапурда Азиялык жаштар оюндары өткөн, анда да биз Кыргызстандын туусун көтөрүп катышканбыз. Быйыл да кргыз желеги менен чыгып, өлкө намысын коргоону башкы максат кылган элек. Бирок жаштар олимпиадасына жолдомо алуу сыноосу абдан катуу болду. Чынында эле жолдомо алуу маселеси оор болду. Анткени биздин мамлекет өзү чакан өлкө болгону менен эл аралык ири мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышып, мөрөй алгандардын саналууларына гана жеке жолдомолор ыйгарылды.

Биринчи жаштар олимпиадасына кыргызстандык жети спортчу жолдомо алды. Буйруса, Сингапурга жакшы команда менен барып, ийгиликке жетсек деген ниет бар. Ошондуктан азыр баары машыгууларда жүрөт. Даярдык, машыгуулар үчүн колубуздан келген жардамды көргөзүп атабыз.

- Жети жолдомо алды деп жатасыз, ушул жолдомолор спорттун кайсыл түрлөрүнөн болду? Жолдомо алгандардан кимдер Кыргызстандын намысын коргойт?

Мурат Саралинов: Биринчилерден болуп Сингапур жаштар олимпиадасына суучул Дмитрий Александров жолдомо алды. Ошондой эле анын сууда сүзүү боюнча өнөгү Екатарина Лысенко да жолдомого ээ болгон.

Оштук Исламжан Далибаев бокс боюнча дүйнөлүк биринчиликте жакшы ийгиликке жетишип, ага да жолдомо ыйгарылган. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында мөрөй алып, Азия чемпиону болгон Урмат Ааматов менен күмүш байге уткан Шадыбек Сулайманов да Сингапурга жолдомо алып, даярдык көрүп жатышат.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча кыздар арасында Айша Акбарова да Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болуп, анын да Сингапурга жолу ачылган. Жакында эле спорттун беш түрү боюнча дүйнө биринчилигинде ийгилик жараткан Иляз Бактыбековго да жаштар олимпиадасына жолдомо ыйгарылган. Ошентип учурда жети жаш спортчубуз Сингапур жаштар олимпиадасына жолдомо алып, азыркы күндө даярданып жатышат.

- Мурда, кийин жаштар олимпиадасы болгон эмес эле да. Биринчи жолу болгону жатат. Бул олимпиаданын өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Мурат Саралинов: Өзүңүздөр билгендей, 4 жылда бир олимпиада өтөт. Ошол окуяны идея кылып, Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Роггенин демилгеси менен жаштар арасында же 14 жаштан 18 жашка чейинки муундар катышкан атайын олимпиада уюштурулганы турат. Бул жерге ошондой эле эки курак боюнча спортчулар бөлүнүп, мөрөй талашууга чыгышат.

Спорттун айрым түрлөрүндө 15-16 жаштагы жигиттер күч сынашмак болсо, айрым спорт түрлөрү боюнча 17-18 жаштагылар да катышып, мөрөй талашмакчы. Бирок мен спорт адиси катары бир нерсени айтып кетээр элем, биз Улуттук олимпиада комитеттеринин Коппенгагенде өткөн жыйында бул жаштар үчүн өзүнчө олимпиадалык оюндар өткөрүүгө каршы пикирлерди да айттык. Анткени биз жаштарды жаш кезинен ушундай чоң таймашууларга салып, ден соолугунан ажыратып, бечел кылып салбайлы деген пикирлер да айтылды. Себеби олимпиада өзүнчө бир саясат, лидерликти талашуу майданы болуп кеткен. Анан айрым бир өлкөлөр ийгилик көрсөтөбүз деп жаш балдардын ден соолугуна зыян келтирип, дары-дармек менен бечел кылып алабызбы деген көп ойлор, сунуштар айтылды. Ошондуктан Сингапурда боло турган биринчи жаштар олимпиадасы кандай деңгээлде өтөөрү сыноодон өтүп, адистер баам салабыз.

Эртеңки күндө бул жаштар олимпиадасы уланабы же уланбайбы деген маселе да талкууга алынат. Анткени көп улуттук олимпиаданын комитеттери өкүлдөрү дүйнө жүзү боюнча чоңдор арасында бир эле олимпиада болсо деген пикирлерди да айтышууда. Ошондуктан Сингапурда Эл аралык олимпиада комитетинин, улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын жыйындары болот. Ошол жыйындарда эл аралык олимпиада уюмдарынын, ошондой эле Азиянын олимпиадалык кеңешинин президенттери болуп, баарыбыз кеп-кеңеш куруп, айрым маселелерди талкууга алып, ошол жерден да бир жолу сындан өткөрүп, анан дагы жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.

Андан кийин быйыл октябрь айында Мексикада улуттук олимпиада комитеттеринин ассамбеллеясынын Конгресси болот. Ошол жерде да ушул жаштар олимпиадасы тууралуу суроо көтөрүлөт деген ойдобуз.

- Мындан сырткары быйылкы спорттук башкы мелдеш ушул жылдын ноябрында Гунанжоудо өтө турган 16-Азия оюндары өткөнү турат. Ушул Гуанжоудо өтө турган Азия оюндарында өлкөнүн экономикалык жана саясый кырдаалы спортчулардын ийгиликтерине таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Мурат Саралинов: Өлкөдөгү саясый-экономикалык кырдаал спортчулардын ийгиликтерине таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок биздин спортчуларыбыздын көбүн билем, алар абдан намыстуу келишет. Биз да өз ара сүйлөшүү өткөрүп жатабыз, спортчулар менен машыктыруучулардын арасында кайрадан күч- кубат кылып, Кыргызстандын намысын да көтөрүп койсок деген тилектебиз. Өлкөбүз ушундай абалда турганда ушундай кырдаалга карабастан, биз чоң ийгиликтерге жетишишибиз керек. Ушундай максат-тилектерди ишке ашыруу үчүн учурда бүт спорт федарацияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өткөн.

Азыркы күндө ар бир федарация өзүнүн Гуанжоуго 16-Азия оюндарына бара турган спортчуларын эл аралык, республикалык машыгууларга алып барып, жакшы даярдап жатышат. Ошондуктан биз ой-тилек боюнча Катардын борбору Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндардан кем калбай, биздин делегация жакшы бир спортчулар менен бекемделип, биримдиктүү, ынтымакта бир команда менен барабыз деген ойдобуз. Анткени Азиялык оюндар биз үчүн мааниси чоң. Себеби ушул Азия оюндарында 2012-жылы Лондон олимпадасына талапкерлерди да сындан өткөрүп, спорттук деңгээлибизди байкап көрөбүз.

- Дүйнөгө да Кыргызстан саясый окуялары менен да таанылып жатат. Спорт жагынан да таанылууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

Мурат Саралинов: Чынында эле 7-апрелдеги кандуу төңкөрүштөн кийин жана түштүк аймактардагы окуялардан кийин Кыргызстан дүйнөгө таанылды. Биздин спортчулар да Азия, дүйнө чемпионаттарында, эл аралык Гран-при мелдештерде таанылып, мөрөй алып жүрүшөт. Ошондуктан Улуттук олимпиада комитети жана өлкөнүн Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентиги, спорт федерациялар менен биргелешип биз жакшы татыктуу спортчуларыбызды Гуанжоу Азия оюндарына алып барып, Кыргызстандын желегин желбиретип, ошол жерден жакшы ийгиликке жетишсек деген ойдобуз. Ошондуктан бүгүнкү күндө даярдык абдан катуу жүрүп жатат.
XS
SM
MD
LG