Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Кыргызстандын намысын коргогон Айбек Ибраимов


Айбек Ибраимов, каратэ-до боюнча дүйнө чемпиону.
Айбек Ибраимов, каратэ-до боюнча дүйнө чемпиону.

Каратэ-до боюнча Түркияда өткөн дүйнө чемпионатында бишкектик 3 өспүрүм 5 медаль утуп келди. 14 жаштагы Айбек Ибраимов дүйнө чемпиону аталды.

Стамбул шаарында 28-июлдан 2-августка чейин чыгыш өнөрү каратэ-донун шотокан түрү боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Өлкөнүн улуттук каратэ-до федерациясынын башкы катчысы Анарбек Матмусаевдин айтымында, Түркиядагы дүйнө чемпионатында 33 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты. Анда кыргызстандык 14 жаштагы өспүрүм Айбек Ибраимов бардык аттандаштарын утуп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.
Анарбек Матмусаев

Каратэ-до чыгыш өнөрү менен 8 жашынан бери машыгып келатканын, быйыл 7-класста окуй турганын, дүйнөлүк биринчилик курч мүнөздө өткөнүн Айбек Ибраимов “Азаттыкка” айтып берди.

- Мен Бишкектеги 29-гимназияда окуйм. Быйыл 7-класска көчтүм. Он төрт жашка чыга элекмин. Ошондой болсо да 14 жаштагы өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионатында мөрөй талашып, 4 жолу таймашууга чыктым. Жарым финалда түркиялык атаандашымды утуп, финалда өзбекстандык улан менен күч сынаштым. Бардык аттандаштарымды утуп алуу менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болуптурмун. Каратэ-до менен 8 жашымдан бери машыгып жүрөм. Мурда футболго да кызыгып, бул оюнду да көп ойночумун. Атам жаш кезинде эркин күрөш менен машыккан экен. Балдар бош убактыларында спорт менен машыгып, Кыргызстанды дүйнөлүк арненада таанытса деймин. Эмдиги жылы Москвада дүйнө чемпионаты болот. Ошондо чемпиондук наамымды сактап калууга аракет кылышым керек.

Стамбулда 8 жаштагы бишкектик Александр Кузнецов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Ал 10 жаштагылар арасындагы таймашууга да катышып, коло медалдын ээси болуп калды. Командалык эсептеги күч сынашууда дагы бир коло медаль тагынды. Александр Кузнецов эмдиги жылы дүйнө чемпионаты болорун, анда баш байге үчүн күч сынашарын “Азаттыкка” билдирди.

- Стамбулдагы дүйнө чемпионатында мен бир күмүш жана эки коло медаль утуп алдым. Каратэ-до менен алты жашымдан бери машыгам. Быйыл 1-классты бүтүп, 2-класска көчтүм. 2011-жылы дүйнө чемпионаты Москвада болот. Ошондо алтын байге утуп, дүйнө чемпиону болууга аракет кылам.

Стамбулда кыргызстандык өспүрүмдөр Артем Пак жана Эрик Иманахунов да коло байге утуп алышты.

Кыргызстанды дүйнөлүк аренада тааныткан жаш өспүрүмдөрдү тарбиялаган Бишкектеги “Кейхацу” спорт клубунун жетекчиси Дмитрий Казанов өзү да чыгыш өнөрү менен таанылган спорт чебери болуп саналат.

Ал өз шакирттери менен быйыл ноябрда Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарына катышууга даярдык көрүүдө.
XS
SM
MD
LG