Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

39-шахмат олимпиадасы Орусияда уланууда. Кыргызстан мында жоон ортодо келүүдө. 29-сентябрда Эл аралык шахмат федерациясынын президенти шайланат.

Кезектеги шахмат олимпиадасы Орусиянын Ханты-Мансы шаарында 19-сентябрда башталып, учурда жүз элүүдөй өлкөнүн командалары мөрөй талашууда. 39-шахмат олимпиадасынын жеңүүчүлөрү 4-октябрда аныкталат.

Кыргызстандын намысын жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин, өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Насир Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев жана Нурдин Самаков коргоп жатышат.

Кыз-келиндер командасынын курамында Александра Самаганова, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышууда. Кыргызстандын эркектер командасы үчүнчү турда Барбадосту утуп алышты. Төртүнчү атаандашы Түркмөнстанга бир упай айырма менен утулду. Бешинчи таймашууда Ливиянын командасын 3 упай айырма менен утуп алышты. Ирландия менен акыл таймашында кыргызстандык жигиттер тең чыгышты. Бул тең чыгууга жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин менен Алгис Шүкүралиев салым кошушту.

Балдар күнү өткөрүлгөн шахмат таймашы, 1-июнь, 2010-жыл
Эр-азаматтар жетинчи беттешүүдө Орусия-4 командасы менен таймашка чыгып, аларды кыргызстандыктар 4:2 эсебинде утуп алышты. Шахмат боюнча жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаевдин айтымында, кыргызстандыктардын даярдыгы начар болсо да дурус ойноп жатышат. Алардын кийинки атаандашы бразилиялык жигиттер болгону калды.

Кыргызстандыктар 149 командадан учурда 43-орунда келатышат. Грузиянын жигиттери - биринчи, Венгрия – экинчи, Армения – үчүнчү орунда келатат. Оюн ээси орусиялыктар алтынчы орунда турушат.

Кыргызстандык кыз-келиндер командасынын аракети орто. Алар учурда 72-орунда турушат. Үчүнчү турда эстониялыктарга бир упай айырма менен утулуп калышты. Төртүнчү беттешүүдөгү атаандашы Суринам өлкөсүн командасын 3 упай айырма менен жеңип алышты. 5-турда Иордания өлкөсүнүн командасын бир упай айырма менен утуп алууга жетишти. Алтынчы беттешүүдө швециялыктардан да жеңилүү ызасын тартышты. Кыз-келиндер кийинки беттешүүдө да кубалыктар менен ойноп утулуп калышты.

Кыз-келиндер акыл таймашуусунда Украинанын командасы биринчи орунда келүүдө. Экинчи катарда орусиялык кыз-келиндер турат. АКШнын кыз-келиндер командасы үчүнчү орунда. Кыргызстандык кыз-келиндер командасы 72-орунда келатат.

Президент тандалат

29-сентябрда Ханты-Мансы шаарында Эл аралык шахмат федерациясынын 81-конгресси болуп, бул уюмдун президенти шайланат. Президенттикке эки талапкер сунушталган. Алар: ФИДЕни учурдагы президенти Кирсан Илюмжинов менен шахмат боюнча экс-чемпион Анатолий Карпов.

Кирсан Илюмжинов 1995-жылдан бери ФИДЕнин президенти милдетин аткарат, эми дагы кийинки 4 жылга бул дүйнөлүк уюмдун жогорку жетекчилигин тейлөөгө камынып турат дешүүдө шахмат адистери.
Кирсан Илюмжанов

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, шахматты дүйнөгө даңазалоо жагынан Кирсан Илюмжинов өтө чоң эмгек кылды.

- Калмакстанда өзүнүн президенттик бийлигинен пайдаланып, мектептеги баштапкы класстарга шахматты үйрөтүү сабагын киргизген. Ал ошондой эле Калмакстандын баш калаасы Элистанын сыртында бир канча миллион долларлык Шахмат шаарчасын дүйнөнүн шахмат борборуна айлантуу максатында курган. Кыргызстанга келип, жардам берүүгө, колдоо көрсөтүүгө убадасын да берген.

Шахмат адистери Кирсан Илюмжанов советтик менчиктештирүүнүн арты менен тапкан байлыгын чачып, айрыкча жер шарынын өнүгүп келаткан бөлүктөрүндө - Африка, Түштүк Америка, Азияда - акыл оюнун жайылтууда акчаны да, аракетти да аяган эмес дешет.

Шахмат боюнча машыктыруучу, бишкектик Төлөгөн Исаевдин пикиринде Анатолий Карпов да шахматты дүйнөгө жайылтып, Москвада эл аралык шахмат академиясын ачып, жаштарга тажрыйбасын бөлүшүп келатат. Отуздан ашуун мамлекеттерде Анатолий Карповдун шахмат мектептери бар.
XS
SM
MD
LG