Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Германияда бильярд боюнча дүйнөлүк таймаш өтүүдө


Каныбек Сагынбаев

Каныбек Сагынбаев

15-октябрда Германияда бильярд боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев баштаган жигиттер коргоп жатат.

Самбодон дүйнөлүк 3 коло медаль

Тбилиси шаарында өткөн самбо күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында 10 кыргызстандык мөрөй талашты. Натыйжада кыргызстандык үч спортчу коло байгелүү болушту. 52 кг. салмакта Эламан Касымбеков, 60 кг. салмакта Артур Те үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Кыздар арасындагы таймашууда бишкектик Анара Жумалы кызы 44 кг салмакта жарым финалга чейин жетип, коло байгелүү болду.

Кыргызстандык кайыкчы Казакстандын чемпиону

Кыргызстандык Максим Бондарь кайыкта калак менен сүзүү боюнча Казакстандын чемпиону болду. Бул туурасында улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Олег Роганов маалымдады.

Бишкектик Максим Бондарь 500 метр аралыктагы кайык жарышында биринчи орунга ээ болду. Ошондой эле 1000 метр аралыктагы мелдеште кыргызстандык Александр Пароль экинчи орунду камсыз кылды.

Жаштар арасында Сингапур олимпиадасынын катышуучусу, бишкектик Руслан Молтаев 500 метр аралыктагы жарыштагы кайык жарышында биринчи орунду жана 200 метр аралыктагы жарышта экинчи орунду ээледи.

Германиядагы дүйнөлүк чемпионат

14-октябрда Германиянын Виллинген шаарында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Өлкөнүн бильярд федерациясынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун айтымында, дүйнөлүк таймашууда Кыргызстандын намысын дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев баштаган 4 жигит коргоп жатат.

- Бул дүйнөлүк чемпионат болоор алдында Бишкекте өлкө биринчилигин өткөрүп, мыкты жигиттерди иргеп алдык. Мурдакы дүйнө чемпионттарында алтын байге алган Каныбек Сагынбаев баштаган спортчулардан үмүт зор. Алардын даярдыгы дурус, маанайлары жарык. Жеңишке жетип калышы да ыктымал.

Дулдул Сатымкул Жуманазаровду эскерүү эл аралык мелдеши

Бишкекте СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндарда марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, мелдештер 16-октябрында Бишкектеги “Спартак”стадионунда болмокчу. Турнирге Кыргызстандын бардык аймагынан 150 спортчу жана Орусия, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышканы келишти.

Мергендер мелдешип, чемпиондор аныкталат

15-октябрда Бишкекте ок атуу боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты башталды.

Мергендерди сыноо мелдешине өлкөнүн ок атуу мектебинин жана Бишкектин башка клубдарынын, ошондой эле Панфилов районунун “600” жана “Коргоочу” клубдарынын өкүлдөрү катышып, мөрөй талашууда.

Кант шаары-спорт ордосуна айланууда

16-октябрында Кант шаарында спорт комплексинин ачылуу аземи болмокчу. Спорт комплексте спортчулар окуу-машыгуу чогулууларын өткөрө алышат. Спорт комплексте футболдук талаа, бассейн, чуркоо жолу, мейманкана, тамактануучу жай жана калыбына келтирүүчү имараттар курулду.

Жогорудагы аталган спорт комплексти оңдоо жана курууга 3 миллион сом өлчөмүндөгү каражат сарпталган.
XS
SM
MD
LG