Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

3-сентябрда Индиянын Гувахати шаарында кол күрөш боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандыктар 19 медаль жеңип келишти.

Индияда өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык чоюн билек балбандар 6 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль утуп, олжолуу жеңиш менен кайтып келишти.

Армрестлинг – кол күрөш спорту Азияда жана дүйнө жүзүндө абдан таасирдүү болуп, кеңири жайылып баратат. Буга Индиянын Гувахати шаарында өткөн Азия чемпионаты күбө. Азиянын тандалган 7 өлкөсүнүн эр азаматтары мөрөй талашып, кыргызстандык 10 балбан 19 медаль жеңип алуу менен командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Индияда Азия чемпиону аталып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөндөр кыз-келиндер арасында Ольга Ярославцева менен Айнура Асанбекова, эр-азаматтардан Геннадий Старастенко жана кол күрөш федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетов Азиянын алтын медалын тагынды.

Мурда Азия, дүйнө биринчиликтеринде мөрөй алып жүрүшкөн Замир Шамырбаев, Геннадий Старастенко жана Вячеслав Абросимов сыяктуу билеги күчтүү жигиттер бул ирет Азия чемпионатынын күмүш медалдарын утуп келишти.

Индияда Азия чемпиону болгон Айнура Асанбекова менен Вячеслав Абросимов дагы эки коло байге утса, Элвира Аскарбек кызы, Бактияр Кубанычбеков жана Андрей Воробьев коло байгелүү болушуп, алар жеке таймашууларда үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Өлкөнүн кол күрөш боюнча 3 жолку чемпиону Айнура Асанбекова Индияда өткөн Азия чемпионатында 1 алтын, 2 коло медаль жеңип алганын, спортко өтө кеч келгенин, кыргыз кыздар бул спортко маани берүүсү зарылдыгын “Азаттыкка” айтып берди.

- Мектепте окуп жүргөндө эле спорттук оюндарга көп катышып калдым. Сабак учурунда танаписке чыгарыбыз менен кол күрөш же мындай күрөш менен классты чаңызгытып калар элек. Кээ бир эркек балдардын колдорун бурап, ызалантып ыйлатканга чейин алпаруу мен үчүн көнүмүш адатым эле. Ал кезде кол күрөш спорту жөнүндө түшүнүк жок болчу. Биздин Ат-Башыга кийин эле жетти. Кыз-келиндер арасынан саналуубуз барбыз. Алардан иргелип отуруп, биздин райондун атынан чоң таймаштарга 48 жашка чыксам да мен чыгып жүрөм. Райондук маданият үйүндө режиссерлук ишти аркалайм. Ал эми кол күрөш спорту менен машыкканга бизде кайдагы шарт. Турмуш-тиричилик менен алпурушуп күн кечиребиз. Кыргыз кызынын күчтүү экенин тастыктоо үчүн жан үрөп, бардык аракетимди жумшап аткан кезим. Бул менин биринчи Азия чемпионатына катышканым олжолуу болду.

Кол күрөш боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, Армрестлинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, бул спортко кызыккандар арбын болуп, мыктылар декабрда АКШда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө.

- Кол күрөшү боюнча эле Бишкекте 6-7 спорт клубу иштеп, бул спорт менен машыгууну каалаган жаштардын таламдарын аткара албай, үлгүрбөй жатабыз. Бишкектин биринчилигин өткөрсөк эле 150-200 балбан келип, күн өткөн сайын каалоочулар арбып баратат. Дагы билеги күчтүү жигиттер мындай спорт түрүнөн спорт клубдары, федерация бар экенине маани бербей келишет. Айрыкча кыргыз кыздары бул спортко анча кызыкпай, уялып жүрүшкөн. Эми гана бирден-экиден маани бере баштады. Болбосо жигиттерди ыйлата кармаган өтө күчтүү кыргыз кыздары арбын. Таймашууларга катышса таланттуу кыздардын да багы ачылат эле. Өлкөнүн кол күрөш боюнча мыктылар, тандалгандар декабрда АКШда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүп, камынып жатышат.

Азия таймашуусунда мөрөй алган Замир Шамырбаевдин айтымында, бул спорттун өзгөчөлүгү тубаса күчтөн сырткары чапчаңдык, шамдагайлык зарыл.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, айыл жергесиндеги тубаса күчтүү кыз-жигиттер бул спортко маани бербей, мелдештерге катышпай жүрүшөт.

Быйыл декабрда кол күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк таймашууга даярдык көрүшөт.

Былтыр Канаданын Ванкувер шаарында өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандын командасы катышпай калган. Себеби Канада элчилиги кыргызстандык спортчуларга расмий чакыруу келсе да, виза ачпай коюшкан.

Армрестлинг спорту 1961-жылдан бери эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнөлүк федерациясы уюшулуп, учурда ага сексенден ашуун мамлекет мүчө. Дүйнө коомчулугунда бул спорт түрүн олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө аракеттер көрүлүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG