Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

30 жыл мурда Москва олимпиадасында кыргызстандык 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп, олимпиадалык бийиктикке жетишкен.

1980-жылы Жайкы олимпиаданын шылтоосу менен Москвада 45 миң адам бата турган жабык стадион, олимпиада айылы, Крылатскиде велотрек, Таллинде олимпиада айылы, суу, парус спорт имараттары курулган.

Бул олимпиаданын жүрүшүнө социалисттик жана капиталисттик түзүлүштөрдүн карама-каршылыгынан улам айрым өлкөлөр келбей калган.

Москва олимпиадасына 81 өлкөдөн 5748 олимпиадачы катышты. Олимпиаданы сыналгыдан 59 өлкөнүн 1,5 млрд. көрүүчүлөрү көрө алышкан. Москва олимпиадасында 35 дүйнөлүк, 74 олимпиадалык рекорддор жаңыртылган.

Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Оcмоналиевдин айтымында, бул олимпиадалык таймашуулар кыргыз спортунун туу чокусу, бийиктиги болгон.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчсы Канат Аманкуловдун айтымында, кыргызстандык Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Мелентьев, Александр Блинов жана Николай Чернецкий олимпиада чемпиону аталып, 5 алтын медалдын ээси болушуп, өлкөнү таанытканы үчүн алардын байгесине эл аралык мелдештер өткөрүлүп жүрөт.

Ат спорту боюнча Александр Блинов жеке таймашууда экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль да тагынган. Ошол учурда кеңеш доорунда биринчи ирет марафондук жарышта маркум Сатымкул Жуманазаров коло байге уткан.

Фехтования-кылыч чабышууда кыргызстандык Александр Абушмахмедов менен Леонид Дунаев да коло медаль жеңип алууга жетишкен.

Бул Олимпиадага АКШнын жана аны менен мамилелеш 17 өлкөнүн спортчулары келген эмес.

Кыргыз спортунун сыймыгы болгон 5 олимпиада чемпиондору тууралуу окурмандарга учкай баяндай кетели.

Александр Мелентьев
Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев

Ок атуу боюнча олимпиада чемпиону Александр Мелентьев 1954-жылы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Ал 1969-жылдан баштап ок атуу спортуна кызыгып, тапанчадан атуу боюнча машыга баштайт. Анын биринчи устаты - Александр Кирилович Курбанов.

Александр Мелентьевдин багын Москва олимпиадасы ачты. Мытицидеги ок атуучу жайда олимпиадалык баш байге үчүн 33 мерген атаандашып, тапанчадан таамай атышкан. 50 метр аралыктан, 60 ирет ок чыгарып, тегерек бутаны атууда бул жолу ийгилик Александрга жылмайды. Тапанчадан таамай атууда дүйнөлүк рекордду 581 упай менен жаңыртып, Олимпиаданын чемпиону болуп калды. 1982-жылы да дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, алтын медаль тагынган.

1985-жылы СССРдин жана Европанын чемпиону болсо, 1984-жылы Сеулда өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль жеңип, дүйнөлүк рекордду дагы жаңырткан. Ал 1989-жылы Аргентинадан дүйнө чемпиону болуп кайткан эле. 1990-жылы Москвада өткөн Дүйнө чемпионатында командалык экинчи орунга илинген. 1991-жылы 663 упай менен Европанын чемпиону болгон. Александр Мелентьев мергендердин арасынан ХХ кылымдын эң мыкты спорт чебери аталды.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова

Москва Олимпиадасында жылдызы жанып, олимпиаданын алтын медалын тагынып, кыргыз спортун дүйнөгө тааныткандардын бири Татьяна Колпакова - жеңил атлетика боюнча 1973-жылы Фрунзеде машыга баштаган. Ал 1959-жылы туулган. Аны чоң спорттун дүйнөсүнө алып келген устаты - Л.М.Эльтерман.
Татьяна Колпакова


Кыз-келиндер арасында узундукка секирүү боюнча олимпиадалык рекорд 682 см болуп, аны 1968-жылы Мехикодо румын В.Вискополян жаңырткан.

Москва олимпиадасындагы таймаш курч мүнөздө өттү. Татьяна Колпакова да биринчи секирүүдө эле 684 см аралыкты багындырып койду. Андан кийин ГДРдин өкүлү Б.Вуяк 688 см чекке жетти. Үчүнчү ирет секиргенде Т.Скачко 701 см аралыктан ашып, лидерликти колго алды. Татьяна төртүнчү жолу - 687 см жетсе, польшалык А.Влодарчик 688 см секирип, Татьяна төртүнчү орунга жылып калды. Бешинчи жолу секиргенде деле 673 см болуп, ийгилик күмөн эле. А.Влодарчик 695 см секирип, экинчи катарга көтөрүлдү. Татьянанын 6-жолу секириши 706 см (7 м 6 см) аралыкты багындыруу менен бардык атаандаштарын артка калтырды.

Бул олимпиадалык чемпиондун алтын медалы Татьяна Колпакованын шыбагасына буйруганы эле. Ага “СССРге эмгек сиңирген спорт чебери” деген ардак наам да ыйгарылган.

Ал “Эл достугу” ордени менен сыйланган 1981-жылы Универсиаданын да чемпиону болгон. 1985-жылы СССРдин чемпионаты, Кубогунда байгелүү орунду ээлеген. Чоң спорттон кийин машыктыруучу болуп иштеп жүрдү. Учурда Орусиянын Москва облусунун Королев шаардык спорт мектебинин жетекчиси.

Александр Блинов
Олимпиада чемпиону Александр Блинов

ХХII Олимпиадалык оюндарда кыргызстандык ат спортунун өкүлү Александр Блиновдун да багы ачылып, алтын медаль тагынды. Ал Москва олимпиадасынын мелдештеринде ат спортунун үч түрү боюнча мөрөй талашты.

Мында Александр Галзун күлүгү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, 15 тоскоолдуктарды таамай, так секирип өтүп, 120,8 упайга ээ болду. Кыргызстандык Александр Блинов жеке таймашка - күмүш медалдын ээси болсо, командалык эсепте СССРдин курама командасынын намысын талашканы үчүн тарыхта биринчи жолу чемпиондук алтын медаль ыйгарылды.

Александрга ат спортунун сырын үйрөткөн устаты - Кыргызстандын биринчи олимпиадачысы Сайботтал Мурсалимов. Александр азыр Москвада жашайт.

Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев

Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген ишмер Каныбек Осмоналиев кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан азаматтардын бири.
Каныбек Осмоналиев


Каныбек Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы айыл жергесинде өттү. Атасынан эрте ажырады, анда Каныбек болгону 2 жашта болчу. Жаш кезинен эле спортко ынак эле, боюнун кичинесине карабай, футбол, баскетбол ойночу.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө, чоң спортко алып келген устаты Семен Давыдович Иткин болду.

Москва олимпиадасы Каныбек үчүн да, кыргыз эли үчүн да унутулгус. Эң жеңил салмактагы оор атлетчилердин атаандашуусу курч мүнөздө өтүп, бардык атаандаштарынан озду.

Каныбек Осмоналиев - кыргыздан чыккан биринчи олимпиадалык чемпион болуп калды. Жалпы көрсөткүч боюнча 245 кг салмакты төрт балбан көтөрүшкөн. Алар кореялыктар Хан Ген Си менен Хо Бонг Чон, венгриялык Беила Олах жана кыргызстандык Каныбек Осмоналиев эле. Булардын арасынан эң жеңили Каныбек Осмоналиевге алтын медаль ыйгарылды. Анын салмагы 51,7 кг эле.

Николай Чернецкий
Олимпиада чемпиону, жөө күлүк Николай Чернецкий

1979-жылы кыргызстандык жөө күлүк Николай Чернецкий жаштар арасында Европанын чемпионатында алтын медаль тагынып чемпион аталса, ошол жылы СССРдин чемпионатында 400 метр жарышта бардык атаандаштарынан алдыга озуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, СССРдин чемпиондук наамын жеңип алган.

1979 жана 1980-жылдары да жеңип, рекордго жаңы чек койгон. 400 метрден 4 жолу чуркап эстафеталык жарышта СССРдин жөө күлүктөр командасы 1980-жылы Москва олимпиадасында марага биринчи келип олимпиадалык оюндардын алтын медалын тагынышты. Алардын, 4 жигиттин (Р.Валюлис, М.Линге, Н.Чернецкий жана В.Маркин) катарында кыргызстандык Николай Чернецкийдин турганы өзгөчө сыймыкка бөлөгөн.

Николай табына келип турганда 1979 жана 80-жылдары жабык стадиондогу жарыштарда Европанын чемпиондугун эки ирет жеңип, мыкты жөө күлүктөрдүн алдыңкы сабына кошулган. Ал 1953-жылы туулган. 400 метр аралыкка чуркоодо Кыргызстандын рекорддун 1977-жылы Вильнюстагы мелдеште жаңырткан. Анын көрсөткүчү 46,72 секунда эле. Николай дүйнөдөгү эң мыкты жөө күлүктөрдүн катарына кирген. Азыр Москвада жашайт.
Сатымкул Жуманазаров


Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары Турат Калыбаев Москва олимпиадасына Кыргызстандын командасын жетектеп барганын эскерип, олимпиада кыргыз спортунун бийиктиги болгонун айтып, кеңеш доорунун тарыхында олимпиадалык коло медаль алган биринчи марафончу, маркум Сатымкул Жуманазаров болуп калганын “Азаттыкка” билдирди.

- Дулдул жөө күлүк маркум Сатымкул 1951-жылы 17-сентябрда Манас районунун Көк-Дөбө айылында туулган. 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин окуусун Таластагы № 6 кесипчилик окуу жайында уланткан. Сатымкулга спорт дүйнөсүн ачкан мына ушул окуу жай. Биринчи устаты - Анаркул Кибраев болгон. Анын жараткан ийгилигин мурдакы кеңеш доорунда да, учурдагы Шериктеш өлкөлөрдөн бир да марафончу кайталай элек.

Учурда Кыргызстанда Москва олимпиадасынын чемпиондору Каныбек Осмоналиевдин, Татьяна Колпакованын, Александр Мелентьевдин байгесине жана коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровду эскерүү эл аралык мелдештери ар жыл сайын өткөрүлүп жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG