Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Дүйнөнүн назарын бурган шайлоо


Түркия Кыргызстанда парламенттик шайлоонун демократиялуу өткөнүнө канааттануусун билдирди.

Түркия Кыргызстандагы шайлоонун тынч жана демократиялуу маанайда өткөнүн жогору баалады. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө “парламенттик шайлоонун ийгиликтүү болушу менен боордош кыргыз калкынын башына келген бул чечүүчү учурдан аман өтүп кеткени канааттануу менен кабыл алынды” деп айтылат.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден берки эң маанилүү шайлоо экени белгиленген билдирүүдө “Кыргызстандын калкы тандап алган парламенттик демократия өлкөнүн туруктуулукка, тынчтыкка жана бакубат турмушка жетүүсүн тездете турганына ишеним чоң. Июндагы кайгылуу окуялардан кийин өлкөнүн түштүгүндө да шайлоого калктын активдүү катышуусу бул ишенимди бекемдейт” деп белгиленет. Билдирүүдө “Түркиянын демилгеси менен 2-октябрда Ысык-Көлдө өткөн “Улуттар аралык диалог: ынтымак жана сабырдуулук” аттуу жыйында жаралган тынч маанайдын бүт өлкөгө жайылганы бул шайлоо менен айгинеленди” деп айтылат.

Жыйынга катышкан Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу түштүктөгү окуялардан көп өтпөй буларды айткан:

- Кыргызстанда элдин колдоосуна ээ болгон абройлуу саясатчынын бийликке келүүсү өзгөчө мааниге ээ. Түркия боордош кыргыз калкынын тез арада тынчтыкка жана туруктуулукк жетиши үчүн колдон келген бардык жардамды көрсөтүүгө даяр.

1-октябрдагы шайлоо Батыштын гана эмес, Түркиянын басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурду. Сыналгылар аркылуу бир күн бою Бишкек менен түз байланыш түзүлүп, шайлоонун жүрүшү тууралуу байма-бай маалымат берилип турду.

NTV сыналгысы шайлоонун жыйынтыгына баа берип, “Кыргызстандагы шайлоодо мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринен түзүлгөн партия күтүүсүз жерден озуп чыкты” десе, “Hürriyet” гезити “Курманбек Бакиевдин бийлиги апрелдеги ыңкылапта кулатылгандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоодо мурдагы президенттин тарапкерлери жеңишке ээ болду. Кыргызстандагы шайлоонун эң маанилүү жагы – жалпы шайлоо күтүлгөндөн алда канча демократиялуу маанайда өттү” деген баасын берди.

“Zaman” гезити шайлоодо озуп чыккан “Ата Журт” партиясы парламентке келген бардык партиялар менен коалициялык өкмөт түзүүнү пландап жатканын жазып чыкты. “Ата Журттун” тең төрагасы Камчыбек Ташиев Курманбек Бакиев менен партиясынын ортосунда эч кандай жакын мамиле болбогонун жана мурдагы президентке каршы козголгон бардык кылмыш иштери улантыла турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG