Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Олимпиада: жеңиштин даамы, жеңилгендердин ызасы


Ванкувер-2010 Олимпиадасынын бешинчи күнү аяктады. 21-кышкы оюндарда ойнотула турган 86 комплект медалдын 27си өз ээлерин табышты.

Олимпиаданын беш күнүнүн жыйынтыгында Германия курамасы үч алтын, төрт күмүш жана эки коло медал жеңүү менен командалык биринчи орунга чыкты. Кийинки катарда үч алтын менен бир күмүш уткан Түштүк Корея спортчулары, командалык үчүнчү орунду Швейцария курамасы үч алтын жана бир коло медал менен ээлеп турат.

500 метрге коньки тебүүдө аялдар жана эркектер арасында Түштүк Корея, лыжа жарышынан Швейцария спортчулары эки алтын тагынышса, беш чакырымга коньки тебүүдө голландиялык Свен Крамер марага 6 мүнөт 14 секундада жетип олимпиаданын рекордун жаңыртты. Ванкувердин дагы бир жаңылыгы 10 чакырым аралыктагы лыжа жарышында франциялык Венсан Жейдин алтын медалга татышы болду. Буга чейин ал лыжачылардын рейтингинде 30 тизмекте туруп келген эле.

Аялдар хоккейинде АКШ менен Финлияндия жарым финалга жолдомо алышты. Эркектер арасындагы таймашта Америка курамасы швейцариялыктарды 3:1, Канада болсо Норвегия хокейчилерин 8:0, ал эми Орусия Латвия командасын 8:2 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандын хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов кышкы олимпиадага карата өз божомолун айтты.

- Германия, Швейцария жана Франция курамалары алдынкы катарда тургандыгы туура эле көрсөткүч. Себеби бул өлкөлөрдө кышкы спорт жакшы өнүккөн. Командалык экинчи орунга Түштүк Кореянын чыгышы жакшы мисал. Бул өлкөдө кышкы спортто жакшы деңгээлде колдоо болуп жаткандыгынын түшүмү. Хоккейден Орусия алдыгы чыгышы мүмкүн. Ал эми башка түрлөрүнөн Германия, Швейцариянын көрсөткүчү жакшы болот окшойт.

Олимпиада оюнунун символуна айланган көркөм муз тебүү боюнча түгөйлөр арасында алтын менен күмүш медалды Кытай спортчулары жеңип сенсация жаратышса, үчүнчү орунга немис атлеттери татыктуу болушту.

Бул мелдеште алдыңкы орунга талапкер болуп эсептелишкен орусиялык жуптар төртүнчу орундун ээси аталышты. Акыркы 44 жылдын аралыгында көркөм муз тебүүдө орусиялык спортчулар байгелүү гана орундарды ээлеп келишкен. Ал эми эрекектер арасында фигурист Евгений Плющкенко 17-февралда муз майданга чыгып, биринчи бөлүктүн жыйынтыгы боюнча топ башына чыкты. Спорттун бул түрүнөн Плющенкодон тышкары америкалык Эван Лайсачек жана жапониялык Нобунари Ода чемпиондук наамга талапкерлерден болуп эсептелинет. Алардын чечүүчү таймашы 18-февралда өтөт.

Бул оюндарда Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Ольга Решеткова 17-февралда Бишкек убактысы боюнча түн жарымда 1.5 чакырым аралыкта лыжа жарышына чыгат. Ал эми Дмитрий Трелевский 21-27-февралда мөөрөй талкашканы турат. Хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов буларды айтты:

- Олимпиада оюндарында өлкөнүн намысын коргоп жакшы көрсөткүчкө ээ болууга эмне жетсин. Бирок Кыргызстанда кышкы спорт жакшы өнүкпөй жатат. Ошого карабай спортчуларыбыз олимпиадага катышып жатканы жакшы, бирок алдыңкы катарга чыгат деген ойдон алысмын.

Ванкувер Олимпиадасында азырынча алдыңкы он орунда Германия, Корея, Швецариядан тышкары АКШ, Канада, Франция турат. Ал эми буга чейинки олимпиадаларда жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен Норвегия, Жапония, Орусия сыяктуу өлкөлөр 20 команданын катарында турушат. Олимпиаданын 11 күнүндө дагы 59 комплект медал ойнотулмакчы.

"Азаттыктын" архивинен: Спортчунун сөөгү Тбилисиге жеткирилди

Грузин спортчусу Нодар Кумариташвилинин сөөгү Ванкуверден Тбилисиге жеткирилди. Спортчу Ванкувердеги олимпиадага карата машыгып жатканда каза тапкан.

Спортчунун сөөгү Тбилисиге жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00
XS
SM
MD
LG