Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Жаштарды коркуткан эскертүүлөр күч алды


УКМК оппозициялык маанайдагы жаштарды чакырып, шайлоо жыйынтыгы нааразылык акцияларына чыккандардын камала турганын эскертүүдө.

“Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү Каныбек Сарымсаков ага карата коркутуп-үркүтүүлөр май айынан тарта эле башталганын, кечээ эле өзүн УКМК кызматкери деп тааныштарган Искендер аттуу бирөө телефон аркылуу дагы бир ирээт “эскертүү” бергенин айтат:

- “Эгерде 23-июлда же андан кийин кандайдыр бир акциялардан пайда болсоң сени тыгып коем”- деп айтты. Сөзмө сөз айтканда.

Каныбек Сарымсаковдун билдирүүсүндө “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырып, алардан “23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин көчөгө, борбордук аянтка чыкпайбыз” деген тил кат да жаздыртып алып жатышат. Эгерде көчөгө чыгуу болсо кылмыш иши козголуп, камала турганын эскертип коркутушууда.

- Шайлоолор илгертен эле шайтан оюндар, ушундай кысым-басым менен коштолуп өтүп келчү эле. Бирок бул окуя мурдагыларга караганда аябай коркунучтуу болуп барат,-дейт “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка”.

Кыргызстандагы жаштардын жана студенттердин укугун коргоо кеңеши да буга дейре УКМК кызматкерлеринин оппозициячыл манайдагы жаштарга “кызыгуусун” айыптап, акыйкатчы жана бир катар депуттарга кайрылуу жолдогон.

Акыйкатчы Турсунбек Акун ушул өңдүү арыз менен жаштардан эч ким кайрылбаганын негиз кармап, айрымдар жөн эле учурдан пайдаланып саясий качкын катары чет өлкөгө баш калкалап кетүү максатын көздөп жатат деп билдирди:

- Мен баарын билем. Кимди куугунтуктап атат, кимди куугунтуктабай эле. А ким эптеп эле чуу чыгарып чет мамлекетке кетейин деп атат. Мага келе албай атышат көбү. Чуу чыгарышып калп эле... Болбойт да андай?! Мамлекетти жөн эле жаманатты кылган болбойт да! Причем здесь мамлекет башчысы, премьер-министр же башкалар?!

Баш прокуратурага арыз менен “Мен ишенбейм” кыймылынын өкүлдөрү коркутуп-үркүтүүлөргө карабай президенттик шайлоого байкоо салышаарын, добуш берүү учурунда көрүп билген мыйзам бузуу фактыларын ачык айтуудан баш тартышпай турганын билдирүүдө.

УКМКнын маалымат кызматы өз кезегинде жаштарга карата коркутуп-үркүтүүлөр тууралуу маалыматы төгүнгө чыгарып келатышат.

XS
SM
MD
LG