Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

"Жаштарды социалдык топко теңебеш керек"


Айдар Жоробеков: Негизги басым жаштардын активдүүлүгүнө жасалат

Айдар Жоробеков: Негизги басым жаштардын активдүүлүгүнө жасалат

2009-жыл КМШда жаштар жылы деп жарыяланган. Буга карата Кыргызстандын Жаштар департаментинин башчысы Айдар Жоробеков “Азаттыкка” маек курган.

Айдар Жоробеков: - Мамлекет башчыбыздын жаштар жылы деп жарыялоо тууралуу жардыгана ылайык, ар кайсы министрликтердин өкүлдөрүнөн жана региондордун жетекчилеринен турган уюштуруу комитети түзүлдү. Иш планы да бекитилди. Өкмөттүн токтому менен бекитилген иш планындагы чаралар жылдан-жылга эле жасалып келаткан иш-чаралар. Жаштар жылы деп өзгөчөлөнүп айырмаланган деле жок.

Жаштар саясатындагы эң негизги функция - бул координациялоо жана маалымат жеткирүү
Өзүңөр билгендей жакында эле жаңы улуттук программа, улуттук концепциянын долбоорун иштеп чыкканбыз. Ал концепция азыр министрликтерде макулдашуу процесстерден өтүп жатат. Кечээ жакында көлдө болуп өткөн жаштардын форумунда мамлекет башчыбыз Курманбек Салиевич жаштардын алгылыктуу, социалдык жактан керектүү деп табылган долбоорлорун колдоого 2010-жылы 50 миллион сом бекитип берейин деди. Жаштарга кайрылып жатып, “бул баштапкы сумма болсун, эгерде долбоорлоруңар, демилгеңер чындап эле мамлекетке керектүү, социалдык жактан мааниге ээ деп табылса, белгиленген суммадан көбүрөөк каражат талап кылынса 2011-жылга муну көбөйтүүнү эске алабыз” деди. Мамлекет башчыбызга мындан 4-5 ай мурун кат жолдодук эле. Улуттук концепция менен биргеликте президенттин алдындагы жаштар иши боюнча координациялык кеңешти түзүп, өзүңүз колдоп жетектеп бериңиз деген кайрылуу болду эле. Бул кайрылуубузду эске алып колдоп бергени бизди кубандырбай койбойт.

Жаштар департаменти турса дагы бир орган түзүүнүн эмне зарылчылдыгы бар, же эмне силер иштей албай атасыңарбы, деген суроолор да туулуп жатат. Эң негизги нерсе жаштар саясаты бул - тармактар аралык саясат. Жаштар саястын ишке ашыруучу органдын деңгээлин мнистрлик деңгээлге жеткизип койгон убакта дагы деле жетишсиз болот. Жаштар саясатындагы эң негизги функция бул координациялоо жана маалымат жеткирүү. Мына ушул фунцияларды ишке ашырууда бизге координациялык кеңештин салымы чоң болот. Бул кеңештин катчылыгы катары жаштар департементи иштей берет.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Жаштар саясатындагы приоритеттүү багыттарды белгилелеп кетесизби?

Айдар Жоробеков: - Президент мына жаштар саясаты тууралуу мыйзамга кол койду. Бул долбоорго ылайык алты-жети багыт приоритеттүү деп табылды. Булар – саламаттыкты сактоо, иш менен камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, билим берүү. Негизги басым жаштардын активдүүлүгүнө жасалып жатат. Жанагы мамлекет башчыбыз берип жаткан 50 миллион сом үйдө жатып алып, алма быш, оозума түш деген жаштарга эмес, активдүү, өзүнүн мотивациясы бар, элге, жерге, мамлекетке кызмат кылайын, пайдалуу иш жасайын деген улан-кыздарга багытталган.

Жаштар саясатын жүргүзүү, ишке ашыруу ыкмалары мурдагыдан кескин айырмаланат. Мурда вертикалдуу түрдө жүргүзүлүп келсе, азыр горизанталдуу иш жүргүзөбүз. Ар бир жаштар уюмдардын, жаш лидерлердин көз карашын, позициясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Эгер алар сунуш кылган долбоорлор алгылыктуу деп табылса, ал сөзсүз колдоого ээ болот. Азыр биздин департамент тарабынан мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча комиссия түзүп жатабыз. Комиссияны түзүүдө жөн гана мамлекеттик органдар менен чектелип калбастан коррупциялык аспектилерди азайтуу максатында комиссиянын курамынын дээрлик жарымы жарандык коомдун өкүлдөрүнөн болсун деп жатабыз. Эгерде бул комиссиянын курамына катышууга кызыкдар болгон жаштар, жаш лидерлер, активисттер болсо эшик ачык. Биз алар менен ар тараптуу кызматташууга даярбыз.

Элеонора Бейшенбек кызы:
- Мурунку бийликтин тушунда “XXI кылымдын кадрлары” деген программа бар эле. Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин алдында кадрлардын улуттук резерви түзүлгөн болчу. Алдыда ушул сыяктуу активдүү жаштарды окутуп, мамлекеттик кызмат калуу боюнча ири долбоолор барбы?

Айдар Жоробеков: - Кадрлардын улуттук резервин топтоо азыр да иштеп жатат. Курманбек Салиевич кечээ жакында өткөн жаштардын форумунда "тилекке каршы ишке албайт, ишке орношууда тууганчылык, коррупциялык схемалар ишке ашырылат дейбиз дагы, бирок расмий статистиканы карап көрсөк азыркы кезде мамлекеттик органдарга, алардын өкүлчүлүктөрүндөгү бош жумушчу орундар алты жүздөн ашат" деп айтты. Бул деген жогорку окуу жайларды аяктаган жаш адисттердин билим деңгээлинин жана квалификациясы төмөн экенин тастыктоочу терс мисал болуп жатат.

Ошондой эле кадрлардын резерви деп чектелип калбастан өлкөнү жаңылоо багытында кара жумуштарды даңазалоо биздин азыркы негизги максатыбыз болуп турат. Болбосо президентибиз белгилеп кеткендей, диплом билим алуу процессиндеги эң негизги максат катары кабыл алынат дагы, билим алуу стадиялары болсо коррупциянын өзүнчө механизмдери болуп калды. Билим берүү системасы өңчөй билим берүү менен чектелбестен, руханий жактан да өнүктүрүп өстүрүүнү камтый кетиш керек. Ушу менен чектелип калбастан, аскерий патриоттуулук, бул жаатта аң-сезимди өнүктүрүү боюнча Коргоо министрлиги менен биргеликте демилге көтөрүп, бүт күч структуралары менен Кыргызстандын бүт аймактарында иш-чараларды өткөргөнү жатабыз.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Кыргызстанда жаштар үчүн турак-жай маселеси абдан курч турат. Жаштарды турак-жай менен камсыз кылуу, аларга жеңилдетилген ипотекалык кредит берүү каралганбы?

Айдар Жоробеков: - Элеонора, бул жерде бир кызык нерсени белгилей кетиш керек. Буга чейин сиз менен болгон жолугушууларда да сөз кылып кеттик эле. Мында акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатат. Бир жагынан биз жаштар бул - биздин интеллектуалдык күч, инновациялык ресурс, стратегиялык потенциялыбыз дейбиз да, экинчи жагынан жаштарга жеңилдетилген кредиттер керек, ипотека керек, ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек дейбиз. Ушинтип бири-бирне карама-каршы келген тезисттерди өзүбүз белгилеп жатабыз. Ошону менен бирге жаштарды биз башка социалдык топторго, мисалы карыларга майып адамдарга теңеп коюп жатабыз.

Эгерде чындап эле жаштар өздөрү рынок шартында активдүү болуп, дээринде барлары өздөрү эле ишке алынып кетет. Мамлекеттин жеңилдиктерин башка социалдык топторго багытташ керек. Жаштар саясаты боюнча мурунку мыйзамда сиз айткан көптөгөн жеңилдиктер каралган. Бирок батыш мамлекеттеринин тажрыйбаларын иликтеп көрсөк, жаштар үчүн мындай жеңилдиктер каралган эмес. Анткени жаштар жалпы рыноктун шартына, мыйзамдарына ылайык кыймылдашы керек. Биздин мурунку мыйзамда да ушундай жеңилдиктер каралган. Бирок жалпы экономикалык мыйзамдарга карама-каршы келгендиктен иштеген эмес. Ошондуктан жаңы мыйзамда мындай жоболор жокко чыгарылды.

Жаңы мыйзамдын негизги жоболорунан болуп жаштардын жаш курагы кичирейди. Маселен мурун 14 жаштан 35 жаштагылар жаш деп эсептелсе, жаңы мыйзамда 30 жашка чейинкилер деп белгиленди. 35 жашка чейин деп белгиленишинин себеби, мурунку мыйзамдын түзүүчүлөрүндө "жаштардын көп катмары жеңилдиктерден пайдаланып алышсын", деген деген позитивдүү тилектер болсо керек. Бирок акыркы изилдөөлөргө ылайык, азыр жаштар көпкө чейин өз алдынча болбой инфантилдүү абалда калып келишет экен. Ушуну жоюу керек.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Рахмат.
XS
SM
MD
LG