Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Кыргыз элине тиешелүү болгон мүнүшкөрлүк өнөрү тээ илгертеден атадан балага өтүп мурас катары сакталып келет. Бул өнөрдү мыкты өздөштүргөн Оболбек мүнүшкөр өзүнүн төө комдот кушу менен 30-40 жыл бою карышкыр, эликтерди алып келген болсо, кийинчирек манасчы Саякбай Каралаев дагы куш кармап келген.

Азыркы учурда Тенти Жаманаков, Кутулду Сулайманбеков, Ишпай Кадыров, Алмаз Акунов сыяктуу көптөгөн мүнүшкөрлөр бар. Алар да ата салтын улап куш салып, түлкү, коендон тарта карышкырга чейин алып жүрүшөт.

Мүнүшкөр Рыскулбек Сулайманбеков ата салтын улап, бул өнөрдү жайылтуу максатын көздөп келет. Ал “Азаттыкка” мүнүшкөрлүк тууралуу маек куруп берди.

“Азаттык”: Сиз туризм багытында иш алып барып, мүнүшкөрлүк өнөрүн да таштабай келесиз. Куш кармап, ителги багуу ишине кандайча аралашып калдыңыз?

Рыскулбек Сулайманбеков: Мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрлөрү менен биздин ата-бабалар журтту багып, чоң иштерди жасап жүрүшкөн. Менин чоң атамдан баштап өз атама чейин куш-бүркүттөр менен алек болушуп, саяпкерлик өнөрүн да аркалаган адамдар болушкан. Жаш кезибизде аталарыбыз бүркүт салганда аларга коен, түлкү качырып берчүбүз. Мен азыркы учурда куш салууга аябай ынтызармын.

“Азаттык”: Алгачкы жолу куш салганыңыз эсиңиздеби?
Казакстанда куш таптагандардын чемпионаты өтүп, катышуучуларга атайын титулдар ыйгарылат.


Рыскулбек Сулайманбеков: Мектепте окуп жүргөн маалыбызда досум экөөбүз кыргый кармап алып, ошону бактектерге, чымчыктарга салып, бул өнөргө аралаша баштаган элек. Куш менен ителгинин айырмачылыктары бар. Ителги адамга аябай жакын болот, ал учуп андан ары качып кетпейт.

Ителги үйрөткөн адамын тегеректеп учуп, артынан келип конот. Ал эми куш болсо кичине качанаак болот деп койобуз. Мен биринчи куш салган күндөрүмдө, атама тиешелүү болгон кушту качырып алгам. Ошондон кийин бул мисал мага сабак болуп калды. Учурда инимдин колунда бүркүт, куш бар. Биз аларды айылда багабыз. Мен азыркы маалда мүнүшкөрлүктү көтөрүү багытында иштерди алып баруудамын.

“Азаттык”: Сиз куш салып, эмнелерди кармай алдыңыз?

Рыскулбек Сулайманбеков:
Биздин бир кушубуз бар эле, ал бир сезондо 80-90го чейин коендорду алып койчу. Ал эми бүркүт болсо түлкүнү алат, аларга карышкырдын чоң дөбөттөрүн алдыруу өтө оор, бирок кичирээк карышкырларды алдырса болот. Негизинин ар бир куш өзүнүн салмагына жана жүрөгүнө жараша иш кылат.

“Азаттык”: Сиздер мүнүшкөрлүк өнөрүн көтөрүү максатында кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

Рыскулбек Сулайманбеков: Өткөн жылы Англияда куш салуу өнөрүнө кызыккандардын фестивалы болуп өттү. Бул иш-чарага 35 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бизден болсо беш мүнүшкөр барганбыз. Бул өнөр Орто Азиядан келген, Орто Азиянын өкүлдөрү мына ушулар деп бизди параддын алдында бастырып жатышты. Куш салууну кийин гана өздөштүргөн Англия өлкөсүндө учурда 20 миңге жакын мүнүшкөр бар экен. Манас атабызда айтылган кара шумкар, ак шумкардын баарын ошол фестивалдан көрдүк.
Ата-бабабыздан калган мурастарды түшүнбөгөн аткаминерлер мүнүшкөрлүк сыяктуу оюндарга көнүл бурбаса, бул өнөр өнүкпөй калышы мүмкүн.


“Азаттык”: Бул фестивалга Орто Азиядан Кыргызстандын гана мүнүшкөрлөрү барыштыбы?

Рыскулбек Сулайманбеков: Бизден сырткары Казакстандын да бүркүтчүлөрү барышты. Алардын үч мүнүшкөрүн улуттук оюн боюнча вице-президенти жетектеген 14 киши коштоп жүрүштү. Бизде болсо баары тескерисинче. Мүнүшкөрлүк улуттук оюндун катарынан чыгарылып салыныптыр. Ал эми Казакстанда болсо куш таптагандардын чемпионаты өтүп, катышуучуларга атайын титулдар ыйгарылат экен.

Дооронбек Садырбаев “Азыр өкмөт башкаргандар шаарда балмуздак жеп чоңойгондор” деп таамай айткан. Ата-бабабыздан калган мындай мурастарды түшүнбөгөн аткаминерлер мүнүшкөрлүк сыяктуу оюндарга көнүл бурбаса, бул өнөр өнүкпөй калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Негизинен азыркы маалда Кыргызстанда мүнүшкөрлүк кандай абалда турат?

Рыскулбек Сулайманбеков: Кыргызстанда мүнүшкөрлүк мыкты абалда деп айтууга болбойт. Анын себеби жетишерлик деңгээлде бул оюнга көңүл бурулбагандыгында. Өлкөбүздүн гербинде кыргыз элинин кыраандыгы, көчмөндүгү андагы бүркүт аркылуу берилип турат. Демек биз бул өнөрдү жакшы жолго коюшубуз зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG