Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Бүгүн Жаштардын эл аралык күнү


Дүйнөлүк жаштар күнү 1945-жылдан бери белгиленип келет

Дүйнөлүк жаштар күнү 1945-жылдан бери белгиленип келет

Бул датага карата Бишкекте “Jashtar Camp 2009 - мен Кыргызстанды өнүктүрөм” аттуу иш-чара өттү.

Жаштар күнүнө карата Сорос фонду, Жаштар иши боюнча департаменти жана БУУнун Өнүктүрүү программасы “Jashtar Camp 2009 - мен Кыргызстанды өнүктүрөм” иш-чарасын уюштурган. Долбоордун максаты тууралуу Сорос фондусунун өкүлү Улан Шабынов “Азаттыкка”буларды айтты:

- Биз жер-жерлердеги жаштарды бири-бири менен тааныштырып, алардын пикир алышуусуна, чогуу долбоорлорду ишке ашыруусуна өбөлгө түзүү максатын көздөдүк. Алар пайдалуу нерселерди үйрөнүп жана курбалдаштарына үйрөтүп кетет деп үмүттөнүп атабыз.

Аталган иш-чарага 300дөй мектеп окуучулары, студенттер, жаш лидерлер чогулган. Алар менен алгач Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова жолукту. Министр айым жаштар саясаты ал жетектеген министрликке өткөнүн, эми алар жаштар менен жаңыча иштешерин айтты:

- Биз жаштар менен мурдагыдай эмес, жаңы форматта иштешебиз. Буга чейин өкмөт жаштар саясатын иштеп чыгып, анан кийин жаштар арасында жайылтчу. Биз болсо бул процесске жаштардын өздөрүн тарталы деп атабыз, анткени сөзсүз түрдө алгач аларды угуп, алардын каалоолорун эске алуу керек. Биздин программа, пландарыбыз жаштардын орчундуу проблемаларын чечүүгө багытталат.

Ошондой эле министр айым жаштарды бүгүнкү майрам менен куттуктады:

-Биринчиден, бардык жаштарды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Алар Кыргызстандын келечеги. Өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүүсү жаштардын колунда. Андыктан аларга ден соолук, мобилдүүлүк, мекенине керектүү иштерди аткарууга күч-кубат каалайм.

“Jashtar Camp 2009 - мен Кыргызстанды өнүктүрөм” иш-чарасы аты айтып тургандай эле, өлкөнү өнүктүрүү темасына арналган. Иш-чара учурунда бир эле убакытта ар кыл залдарда ар кайсы тармактар боюнча долбоорлордун ачылыштары болуп, жаштар өздөрү каалаган бет ачаарга катышып атышты. Студент Баатырбек Осмонкулов да өлкөнү өнүктүрүүгө салымын кошо турган долбоордун бет ачарын жасаганын айтат:

- Учурда жаштардын көбү өз укуктарын билишпейт, андыктан биз курсташтарыбыз менен мектеп окуучулары үчүн семинарларды өткөрүүнү чечтик. Аларга мектеп рекэтчилиги, укуктук билим, кесип тандоо боюнча сабактарды өтөбүз. Ушундай жол менен биз аз да болсо өлкөбүздү өнүктүрүүгө салымыбызды кошобуз деп үмүттөнөм.

Ошондой эле “Jashtar Camp 2009” иш-чарасы кызыктуу сынактар менен коштолуп, соңунда жаштар өз майрамын белгилөөнү улантуу үчүн түнкү клубга кетишти.
XS
SM
MD
LG