Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Жаштар аллеясында курулганы жаткан көп кабаттуу үйгө байланыштуу сот иши 23-сентябрга жылдырылды.

Бул күнү сот сейил бакты кыйратып, тар жерге дагы бир үйдүн салынышына каршы шаар тургундарынын эки арызын бир карамай болду.

Бишкектеги жаштар аллеясында июнь айынан тарта көп кабаттуу үй куруунун камы көрүлө баштаган. Бирок ага аллеянын жээгиндеги үч кабаттуу үйдө жашаган тургундар каршылык көрсөтүп келишет. Бул маселе учурда соттук териштирүүдө жатат.

Ушул айдын төртүндө мэрдин орун басары Алексей Филатов шаар тургандарын сот териштирүүлөрү бүтмөйүн курулуш иштери жүргүзүлбөй тургандыгын, ал гана эмес мэр курулуш иши үчүн башка участокту караштырууну буйурганын айтып ишендирген эле. Бирок аталган үйдүн тургуну Эсен Абдылдаевдин айтымында, “Юнис курулуш” вице-мэрдин сөзүнө чейин да, андан кийин да аллеяны бүлдүрүү аракетин токтоткон жок:

- Накта эле уурулук. Биринчи ишти чечип алып куруш керек. Күндүз иштеш керек. Түн ичинде уктап жатканда элди дүрбөлөңгө салышы туура эмес. Шабдан баатырдын эстелигинин так түбүнөн алып жатат жерди. Гүл өскөн клумбалар бар эле. Буга бюджеттен 36 миллион сом бөлүнгөн экен. Менде картасы бар. Мамлекеттик каттоо кызматынын көрсөткөн жери бир, ал эми “Юнис курулуш”салып жаткан жери башка болуп жатат да. Алар оңдоп алыптыр картаны.

Мындай аракеттерге нааразы болгон тургундардын өтүнүчү менен башта мэрияда атайы иликтөөчү комиссия түзүлгөн. Июнь айында түзүлгөн комиссия 5-августта гана отурум уюштуруп, анда шаар тургундарына үй салына турган участок мыйзам чегинде сатылганын билдирген даяр протоколду көрсөткөн. Протокол шаардык прокуратура тарабынан да тастыкталган.

Бирок нааразы тараптын жакточусу Нуржан Канходжаевдин айтымында, жердин сатылышы мыйзамга туура келбейт. Тескерисинче аны бузат:

- Шаардык прокуратура ишти иликтеп, анын жыйынтыгын сурап жаткан бизге эмес, эмнегедир “Юнис курулушка” берген. Алар мэрияга тапшырып, анын ушундай жыйынтык чыгарышкан. Ошондуктан бул жерде биздин укук бузулду. Анткени кайрылган биз элек да. Протокол түзүлгөндө 12 кишиден турган комиссиянын алтоосу гана болгон. Ошондой эле мэрияын токтомун жокко чыгаруу боюнча да арыз бердик. Токтомго ылайык, “Юнис курулушка” жер участогун аукциондун жана соода сатык боюнча келишимдин негизинде берүү каралган. Жер кодекси боюнча көп кабатуу үй куруу үчүн жер конкурстун негизинде, анан соода сатык келишими боюнча сатылат. Булар болсо аукциондун негизинде сатылганын айтып жатышат. Бул мыйзамга каршы келет.

Үй курулушуна каршы тарап “Юнис курулуш” компаниясына экс-депутат Рахатбек Ирсалиевдин байланышы бар экендигин ырастап жатышат. Алар жумушчулардын бейбаштыгын токтотуу үчүн бир ирет аны да чакыртууга аргасыз болушкан.

Ал эми Рахатбек Ирасалиевдин пикиринде, протокол менен токтомду жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Анткени бул жер аукциондо бардык архитектуралык нормалардын сакталышы менен, Бишкек шаарынын башкы планынын негизинде текшерилип сатылган:

- Картада кандай көрсөтүлгөндүгү тууралуу так маалыматты алып айтса жакшы болот эле. Үй шаар тургундары айтып жаткан Шабдан баатырдын эстелигинен 18 метр ары жакта турат. Канчалык аллеяга кирип кетип жатабыз, чыгып кетип жатабыз аны карай турган башкы архитектуралык курулуш көзөмөлдөө мекемеси бар. Ар бирибиз эле жолдун, үйдүн туура эмес салынып жатканын тастыктай турган болсок анда баарыбыз куруучу болуп кетпейбизби.

Бирок ошол эле учурда экс-депутат Рахатбек Ирсалиев “Юнис курулуш” компаниясына жана бул курулуш ишине да таптакыр тиешеси жок экенини тастыктады.

Шаардык мэриянын маалымат катчысы Ирина Казлинская бул маселе боюнча мэрияда түзүлгөн комиссиянын чечими күчүндө экенин жана акыркы сөз сотто болоорун маалымдады:

-Эгер шаар тургундары сотко берүүнү эп көрүп жатса, бул аларды укугу. Демек биз баарыбыз соттун чечиминен көз карандыбыз. Биз сот чечимин күтөбүз.

Аллеядагы курулуучу үй боюнча талаштуу маселе Бишкек район аралык сотунда 1-сентябрда каралган. Бирок жооп берүүчү тарап мэриядан өкүлдөр келбей калып, ал 7-сентябрга жылган. Ал эми бүгүн сот нааразы тараптын мэриянын жердин сатылышы боюнча протоколун жана токтомун жокко чыгаруу боюнча эки арызын бир кароону чечип, процессти 23-сентябрга белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG