Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Өзгөн: көчкү алдында калгандардын абалы белгисиз


Өзгөн районунун Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү басып калган үйдүн жашоочуларын чыгаруу үчүн адистер жете элек. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз катчысы Элмира Шерипова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Бүгүн эртең менен түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Өмүрбек Эгемкуловдун үйүн басып калган. Анын ичинде алты адам болгон деген божомол бар.

Айылда жер көчкү коркунучу дале сакталууда. Көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде да бир турак жай бар. Азыркы учурда ошол үйдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү аракеттери башталды.

ӨКМнин маалыматына караганда, куткаруучулар жана тиешелүү жетекчилер көчкү болгон аймакка баратышат. Өзгөн менен Топ-Жаңгактын алыстыгы 31 чакырым. Анын беш чакырымына автоунаа баралбайт.

XS
SM
MD
LG