Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Тамеки тарткандардын саны өсүүдө


Дүйнөдө бир жылда 5 миллиондой адам тамекинин таасиринен көз жумат.
Дүйнөдө бир жылда 5 миллиондой адам тамекинин таасиринен көз жумат.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын чылым чеккендердин саны көбөйүп жатат. Натыйжада улуттун ден соолугу начарлап, чылым чегүүдөн пайда болгон оорулардан улам бир жылда өлкөдө 15ке чейин адам каза болот.

Булар туурасында Мамлекеттик медициналык академияда Тамеки тартууга каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн “Чылымсыз күн” аталышындагы тегерек үстөлдө айтылды. Мындан сырткары чылым чегүүгө каршы күрөшүүнүн таасирдүү ыкмалары жөнүндө да кеп козголду.

Бир күндө Кыргызстанда бир адам 8-10 даанага чейин чылым чегет. Ал эми дүйнөдө бир жылда 5 миллионго жакын адам тамекинин таасиринен пайда болгон оорулардан улам каза болот.

Иса Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Аширалы Зурдинов өз сөзүндө Батыш өлкөлөрүндө чылым чеккендердин саны азайганына карабастан, Кыргызстанда бул көрүнүш тамырын жайып бара жаткандыгын айтат:

-Мунун себеби бир жактуу эмес. Өзгөчө биздин жаштар, жалпы элдин түшүнүгү бул маселе боюнча аз болуп жатканы, ошого маани бербегени, андан тышкары ар түрдүү турмуш шартына байланыштуу болушу мүмкүн. Тамеки чексе өзүн жакшы сезем деп психологиялык көз каранды болгондор жана бири-бирине таасир кылгандар бар. Бул маселе сабатсыздыкка, жалпы маданий деңгээлге көз каранды.

Тегерек үстөлдүн алкагында студенттер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары да айтылды. Мамлекеттик медициналык академияда чылым чегүүнүн деңгээлин аныктоого багытталып жүргүзүлгөн изилдөөлөр туурасында студент Екатерина Трофимова буларды айтат:

-Изилдөөгө 230 студент катышкан. Натыйжада алардын 37 пайызы тамеки тартаары маалым болду. Бир күндө чегилген тамекилердин саны орто эсеп менен 9 даананы түздү. Изилдөөгө катышкан чылым чеккендер орточо төрт жылдан бери тамеки чегери аныкталды. Мындан чылым чегүүнүн башталышы 19-20 жаштарга туура келерин болжолдоого болот.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары чылым менен күрөшүү жолдоруна өзгөчө көңүл бурушту. Алсак, тамекинин таасирин азайтуу үчүн тамеки кутуларындагы жазууларды өзгөртүп, керек болсо жарнактарды азайтуу керек экендиги айтылды:

-Атайын адистер бир кишиге гана багытталган билдирүүлөрдү жасашат. Мисалы, министрлик эскертет дегендин ордуна министрлик “сизге эскертет” деп баса белгилөө керек. Ошондой эле "тамеки чегүү сизде өпкө рагын пайда кылат" деп жазылышы керек.

Мындай пикирин медицина илимдеринин кандитаты Денис Винников билдирет.

Ошол эле учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын 5-курсунун студенти Урмат Буржуев тамеки чегүүнү дароо токтотуу мүмкүн эместигин, андай боло турган болсо чылым чеккендердин укугу бузулаарын айтат:

- Жаман көрүнүштөргө каршы мыйзамсыз жолдор менен күрөшүүгө болбойт. Эгер биз бардыгына чылым чегүүгө тыюу сала турган болсок, оорулуу адамдарга биринчи шарт түзүп беришибиз керек. Чылым чеккендер бара-бара тамекини ташташы үчүн алар эркин чылым чеге ала турган өзүнчө аялдама, өзүнчө маршруттук таксилер болушу керек.

Ал эми ден соолук багытында Кыргыз-Фин долбоорунун башчысы Токталили Ниеминин айтымында, Батышта чылым чегүү менен күрөшүүнүн жолдору жакшы иштелип чыккан:

- 1950-жылдарда Финляндияда эркектердин 76, аялдардын 13 пайызы чылым чеккен болсо, азыр бул көрсөткүчтү 50 пайызга чейин азайтканга жетиштик. Чылым чегүү менен күрөшүү үчүн дүкөндөрдө тамекини бирден сатууга тыюу салып, тамекинин баасын көтөрүү керек. Мындан сырткары чылым саткан дүкөндөрдү мектептерден алыс жайгаштырып, тамекинин зыянын көрсөткөн сүрөттөрдү тамеки кутуларына чаптоо жакшы натыйжаларды берет.

Ал эми Бишкектик жаштар чылым чегүүгө каршы күрөшүү үчүн буларды сунуш кылышат:

Чыңгыз: Мен күчтүүмүнбү, же тамеки күчтүүбү деген ниетти коюп алдыга чыксаң таштайсың.

Жеңиш: Тамекиге каршы күрөшүү көнүп калган кишилерге оор эле го. Мисалы, мен деле чегем. Таштап көрөйүн дегем. Бирок организм талап кыла берет. Оору эле го деп ойлойм.

Гулиза: Тамекини коомдук жайларда чегүүгө тыюу салынса. Көпчүлүк нерсе адамдын өзүнүн ички дүйнөсүнө көз каранды. Эгер эрки бар болсо өзү эле таштап коюшу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG