Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Жаштар саясаты жаңыча жүргүзүлөт


10-ноябрь Кыргызстан жаштарынын күнү. Бул күнү Бишкекте ири жыйын өтүп, анда жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция талкууга коюлду.

Кыргыз бийлиги буга чейинки жаштар саясаты боюнча кабыл алынган документтерди учурдун талабына төп келе берчү эмес, деп тапты. Ошондуктан жаңы улуттук концепциясын түзүү боюнча жаштардын демилгесин колго алып, мындан ары жаштар менен чогуу-чаран иштемекчи болуп жатат.

Вице-премьер-министр Элмира Ибраимова жаштар жыйынында сүйлөп, улуу муун жаштарды көп учурда баласынтып, аларды кандайдыр бир олуттуу чечимдерди чыгарып, жоопкерчилик алууга даяр эмес деп кабылдап жүрөөрүн айтып өттү. Эми мындан ары жаштарга карата мындай саясат натыйжалуу болбостугун, аларга бийлик өнөктөш катары мамиле жасашы керектигин белгиледи:

- Өлкөнүн келечегин көрө алган жана кура алган башкаруучулардын жаңы муунун калыптоо зарыл.

Жаңы концепцияны түзүүгө баардык жаштар тартылган. Жумушчу топтун арасынан бийликчил да, оппозициячыл да жаштарды, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн да көрүүгө болот.

Концепцияга ылайык, жаштар үч топко бөлүнгөн. Мындан кийин мамлекет жаштарга карата аракеттерди дал ушул топтордун кызыкчылыгына карап көрмөкчү.

Биринчи топко өз көйгөйлөрүн өздөрү чечкен, коомдогу ар кыл көрүнүштөргө кайдыгер карабаган өтө жигердүү жаштар кирет. Экинчи топту өз алдынча, бирок социалдык жактан пассивдүү, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз тартылбагандар түзөт. Үчүнчү топтогулар - социалдык жактан аяр катмардагылар болуп саналат.

Бул концепцияны түзгөн жумушчу топко киргендердин бири, “Ата Мекен” партиясынынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев кандай гана мыкты документ иштелип чыкпасын баары келип эле өкмөттүн ниетине такалаарын белгилейт:

- Кеп концепцияда эмес, ошол концепциянын ишке ашырылышында болуп жатат. Эгер мурунку эле документтердей кылып өкмөт буга анча маани бербесе, жаштар өзүбүздүн күчүбүз менен албетте аракет кылабыз. Бирок өкмөттүн колдоосу жок ишке ашырыш абдан кыйын.

Бул концепциянын билим берүү жагын “Перемена” инновациялык билим берүү кору колго алган. Аталган кордун жетекчиси Алмаз Тажыбайдын пикиринде, жаштарга эң оболу өз жашоосун өздөрү өзгөртүүгө шарттар түзүлүшү керек:

- Билимдүүгө дүйнө жарык дегендей билим берүү жагынан көтөрүш керек. Азыркы талап – жаштарды жашоосун өзгөртүүгө өздөрүн активдүү катыштырууга шарт түзүп берүү.

Мындай концепциялар иштелип, коом талкуусуна коюлуп жаткан чакта, башкасын албаганда эле өлкөдө жаштар арасында миграция маселесин көпчүлүктү ойго салып турат. Мисалы бул жыйынга Ат-Башынын Ак-Музунан келген жаш лидер Байыш Абдыбеков айыл ичи ээнсиреп бош калганын, айылдан кеткен жаштардын дээрлик баары кайра кайтып барбай жатканын белгилейт. Ошондуктан агылып чыгып кеткен, өз өлкөсүнө азырынча кайра кайтаар-кайтпасы белгисиз болуп турган жоон топ жаштарга бул концепция таасир этер-этпеси белгисиз:

- Шаарга окууга келип, шаардан ары Казакстан, Орусия жергесине кеткен балдардын баары эле кайра айылга барган жери жок. Дээрлик токсон пайызы барган жок. Бүгүнкү күндө жаштарга мамлекеттин колдоосу деле жок.

XS
SM
MD
LG