Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

“Интербилим” эл аралык борбору дээрлик төрт жылдан бери Кыргызстандагы жаш активисттерди лидерлер мектеби долбоорунун алкагында окутуп, тарбиялап келет. Келечекте “лидер, саясатчы болом” деген жаштар аталган борбордо сабак алып, чет өлкөгө чыгып, тажрыйба алмашып, жаштар турмушу менен таанышып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

“Интербилим” борборунун жетекчиси, белгилүү саясатчы Асия Сасыкбаева өлкөдөгү жаштар саясаты туурасында «Азаттыктын» кабарчысы Жанарбек Акаевге маек курду.

“Азаттык”: Асия айым, сиз бир топ жылдан бери жаш лидерлерди окутуп, тарбиялап жүрөсүз. Айтсаныз, “лидер болом, саясатчы болом” деген жаштар кандай сапаттарга ээ болушу керек? Өзгөчө Кыргызстандын шартында?

А.Сасыкбаева: Биздин лидерликке жөндөмү бар жаштарыбыз ал жөндөмүн сөзсүз өнүктүрүп, аны алдыдагы жашоосунда колдоно билиши керек. Өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө учурда морал, нрава деген нерсе катуу аксап турат. Бирок биз ошого карабастан жаш лидерлерди ачык, чынчыл болууга үйрөтүп жатабыз.

Жөнөкөй эле нерсе - адамдарга туура мамиле жасоону билиши керек. Анан албетте өз билимин өстүрүүнүн үстүнөн такай иштеши керек. Окушу керек. Өз мекенинде болуп жаткан окуяга кайдыгер мамиле кылбашы керек. Кыргызстандын жерин сатып жатса карап отурбашы керек. “Менин эртеңкиме, биздин балдарыбызга эмне калат” деп, келечекти ойлой билиши кажет. Жаштарга кайрылат элем, өз өлкөңө, өз элиңе, мекениңе кайдыгер карабагыла!

Чындык издегенден чарчаган жаштар...

“Азаттык”: Бирок соңку жылдары кыргыз саясатында жаштардын орду, таасирдүүлүгү жоголуп бараткандай туюлат. Эмне үчүн жаштар жыл өткөн сайын жигердүүлүктөн тайып баратат?
Cаясий иш-чараларга катышкан жаштарды башкаларга сабак болсун үчүн атайын кызматтар суракка алып жатышат.


А.Сасыкбаева: Бул биринчи кезекте бийлик төбөлдөрүнүн кемчилиги деп айтсак болот. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тартып, жогорку бийлик бутактарына чейин жаштардын бийликти сынчыл көз караш менен караганын жактырышпайт.

Жаштар айылдагыбы, шаардагыбы өздөрү аралашып жүргөн көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, өздөрүнүн, аялдардын, балдардын проблемаларын айтканды бийликтегилер уккусу келбейт. Ошондуктан укук коргоо органдары, атайын кызматтар тарабынан ушул сыяктуу ар кандай жолдор менен алардын демилгелерине суу сээп, өчүрүп турушат.

Өлкөнүн саясий турмушунда мындай окуялардын бир нечесине күбө болуп келатабыз.. Маселен, саясий иш-чараларга катышкан жаштарды башкаларга сабак болсун үчүн атайын кызматтар суракка алып, убактылуу кармоочу жайларда кармап жатышат. Бул көрүнүш башка жаштардын жигерин өчүрүп жатат. Ошондуктан жаштарды өз өлкөсүндө чындык издегенден көрө, чет өлкөдөн жумуш издеп кетүүгө аргасыз кылышууда.
Жогорку окуу жайдын мугалими маданияттуу, саясатты, демократияны, адам укугун жакшы түшүнгөн инсан болушу керек.


“Азаттык”: Айтайын дегеним, кайсы бир жылдары жаш активисттер конститутциялык реформа талабын коюшуп, ар кандай акцияларды өткөрүп турушчу. Азыр эмнегедир өлкөдөгү олуттуу окуяларга жаштар өз ойлорун тайманбай айтуудан чочулап калышкандай. Шайлоолорго да кайдыгер мамиле болуп жатат...

А.Сасыкбаева: Менимче, бүгүнкү бийлик жаштарга жүзүн бургусу келбей жатат. Бийлик жаштардын биздин келечегибиз экенин, аларда мыкты идеялар бар экенин, алар өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошоорун байкабай жатышат. Шайлоо тууралуу айтсам, жаштар бүгүн Кыргызстанда ачык-айкын шайлоо өтпөй турганын, ал эмес шайлоо жок экенин жакшы билип калышты.

Мугалим ким? Ал адам укугун баалаган инсан.

“Азаттык”: Асия айым, мына сиз демократиянын өлкөдө жайылтылышына салым кошуп жүрөсүз. Бирок, маселен Ошту эле алсак, жаштар демократия, өз укугу, эркиндик боюнча дээрлик түшүнүктөрү аз. Азыр эле мага онго чукул студенттер айтышты, «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Ошто жаштар менен жолугушат экен. Биз да абдан баргыбыз келип жатат, бирок мугалимдерибиз тыюу салып жатышат дешет.

А.Сасыкбаева: Бул эми жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин маданиятсыздыгы деп эсептейм. Алар студенттер оппозиция лидери Текебаев менен жолугушса ойлору өзгөрүлүп, Текебаевдин идеяларын колдоп кетишет деп чочулашат. Алар студенттерге тыюу салуу менен бирге жаштардын кызыкчылыктарын, укуктарын чектеп жатышат. Алар муну менен өздөрүнүн жеткен маданиятсыздыгын, студенттерден да деңгээли төмөн экендигин тастыктап жатышат.

Студенттер мурда өз мугалимдерин ачык коррупционер катары билишсе, эми аларга саясий түшүнүгү төмөн, маданиятсыз деген наамдар да кошулат. Жогорку окуу жайдын мугалими деген маданияттуу, саясатты, демократияны, адам укугун жакшы түшүнгөн инсан болушу керек.

Бүгүнкү бийлик жаштарга муктаж. Бирок...

“Азаттык”: Өзүңүз жакшы билесиз, Кыргызстанда ар дайым айтылат эмеспи, “бийликке жаштар келиши керек” деп. Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө бийликке келчү, чоң жоопкерчиликти колго алчу жаштар барбы?
Азыр техниканын, тынымсыз өнүгүүнүн кылымы. Демек бүгүнкү күндө бийлик жаштарга муктаж.


А.Сасыкбаева: Албетте бар. Маданияттуу, өлкөнү кантип өнүктүрүү керек, кантип элдин жашоосун оңдоого болот деп ойлонгон жаштар көп. Эгерде сиз биз уюштуруп жаткан талкууларга катышчу болсоңуз, анда жаштардын мыкты идеяларын, өлкөнү алга жылдырчу конкреттүү сунуштарын уга аласыз. Анын үстүнө азыр техниканын, тынымсыз өнүгүүнүн кылымы. Демек бүгүнкү күндө бийлик жаштарга муктаж.

“Азаттык”: Бирок азыр билимдүү жаштарыбыздын көпчүлүгү чет өлкөлөргө кетип калышпадыбы. Аларды, дегеле жетиштүү билими, тажрыйбасы бар жаштарды кантип бийликке тартуу керек?

А.Сасыкбаева: Тилекке каршы жаштарды иштетүүгө, аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө биздин бийликтегилерибиз өздөрү умтулбай жатышат. Бүгүн жумушка чакырып алып, эртең өздөрүн шерменде кылып жумуштан алып жатышат. Бул үчүн алар ыплас технологияны колдонуп, маалымат каражаттары аркылуу каралоодон да кайра тартышпайт. Аны көргөн жаштар, бийликке баруудан мурун өтө дыкат ойлонушат, мага ушунун кереги барбы дешип.

Экинчиден, аларды айлык акы да канааттандырбайт. Алар азыркы чиновниктерге окшоп коррупционер болуп жашоого бети чыдабайт. Ошон үчүн алар чет өлкөгө кетишип, өздөрүнүн келечек жашоосуна каражат топтоп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG