Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Тергөөдө кыйноого кабылгандар прокуратурага кайрылышты


Эки жыл мурун Бишкекте террордук чабуулга даярданган деген айып менен соттолгондор тергөөдө кыйноого кабылганын ырастоодо. Алардын адвокаты ушундай арызды 22-февралда Башкы прокуратурага тапшырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна билдирген укук коргоочу Азиза Абдирасулова кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтар кеч чыгып жатканын, сот иши жабык өткөнү менен байланыштырды.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы ушул иш боюнча соттолгондор кыйноого дуушар болгонун айтып чыккан эле. Бирок УКМКнын расмий өкүлү муну төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте 2015-жылы 16-июлдагы атайын операция учурунда жок кылынган жоочулардан сырткары алар менен тыгыз кызматташтыкта болгон уюшма топтун калган мүчөлөрү кийин кармалганын жарыялаган. Бул сегиз адамга жоочулар менен тыгыз байланышта болгон деп айып коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG