Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 абакта жаза өтөп жаткандар ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн билдирди.
Аталган түрмөдө террорчулук жана экстремизм боюнча айыпталып камалган 40тай адам 13-январда ачкачылык акциясын баштаган эле. Алар террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга тыюу салган мыйзамга каршы болуп нааразылык акциясын башташкан.
2016-жылдын августунда күчүнө кирген мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы кылмыштар менен камалгандар өзүнчө кармалат жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулбайт. (SE)