Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

“Акыйкат жаштар” Кыргызстанды алга сүрөйт


Кыргызстанда жаштар коомдук-саясий турмушка жигердүү аралашып келатат
Кыргызстанда жаштар коомдук-саясий турмушка жигердүү аралашып келатат

Кыргызстанда “Акыйкат жаштар” деп аталган жаңы кыймыл түзүлдү. Жаштардын жаңы уюмунун лидери Максатбек Жолдошбеков “Азаттыкка маек курду.

- Алгач кыймылдын максаттары, багыттары тууралуу токтолуп кетсеңиз?

- “Акыйкат жаштар” кыймылын бүгүнкү коомдогу болуп аткан терс көрүнүштөр, бүгүнкү кадр, социалдык жана энергетикалык кризистер болуп аткан үчүн жана жаштардын бүгүнкү күнү өтө чабалдыгынан улам түзүлүп отурат. Биздин кыймылдын негизги максаты - азыркы жаштарга күч-кубат берип, аларга моралдык жактан жардам берели деген идеянын негизинде түздүк. Мамлекеттин өнүгүшүнө муундар татыктуу салым кошушу керек. Аздыр-көптүр саясат менен аралашып, ар бир нерсенин даамын татып көрүп, Кыргызстандын келечегин сактап калуу үчүн салымыбызды кошобуз деген негизде бир муундагы улан-кыздар бириктик.

- Сиздердин кыймыл кайсы бир саясий уюмдун негизиндеби, же өз алдынча түзүлдүбү? Сиздердин артыңыздарда бир саясий күчтөр турабы?

- Бул жерде өзүм ачык айтып кетким келет, бизди уюштурган эч бир саясий күчтөр, же оппозиция, же бийлик тараптан эч ким жок. Биздин жаштар кыймылын бир ойду, бир максатты көздөгөн, толук бышып жетилген, аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган 25-30 жаштын тегерегиндеги улан-кыздар, түзгөнбүз.

- Кыймылда учурда канча мүчө бар?

- Азыр ачыгын айтканда, саны жагынан аябай эле аз. Тактап айтсам, бүгүнкү күндө официалдуу түрдө, биз менен башынан бир идеялаш болуп, оюбуз бир жерден чыккан 150 мүчөбүз бар. Буюрса биз ишибизди жакшылап арытып, бүгүнкү күндө жаштардын социалдык-экономикалык, дегеле коомдогу маселелерди туура багыт, туура жол менен чечип, элге өзүбүздүн жүзүбүздү көрсөтсөк, бизди көп эле жаштар ээрчип, катарыбызды толуктайт го деген ойдобуз.

- Дегеле ушул кыймылды түзүү демилгеси кимге таандык. Бул өзүңүздүн жеке демилгеңизби, же кайсы-бир жаштар тобунун идеясыбы?

- Бул демилгени Кыргызстандын ичинен Теңир-Тоо аймагындагы кочкорлук бир муунда окуп бүткөн жигиттер көтөрдүк. Алардын алды бүгүнкү күңдө жогорку билим алып, чет өлкөгө чейин барып, аркасы Кыргызстанда өзүнүн салымын кошуп жатат.

- Учурда республикада дагы бир нече жаштар уюмдары иш алып барууда, ошол уюмдар менен кызматташуу маселесин карап жатасыздарбы?

- Биз, албетте, кызматташууга даярбыз. Биздин өзүбүздүн координациялык борбордук кеңеш деп коет, өзүбүзчө кеңешип, чечим кабыл алганбыз. Биз бардык кыймылдар менен кызматташууга даярбыз. Бирок биздин принциптерибиз бар. Биздин өзүбүздүн программабызга, максатыбызга туура келген учурларда гана биз кызматташууга даярбыз.

XS
SM
MD
LG