Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Индонезияда зилзала жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алды


Индонезия бийлиги Суматра жээгиндеги жер силкинүүдөн 100дөн ашуун адам набыт болгонун маалымдады. Ондогон кишилер урандылардын астында калды. Мындан улам курмандыктар саны дагы өсүшү ыктмалдыгы айтылууда.

Жабыркагандар саны 70тен көп экени маалымдалды. Кызыл чырым уюмунун жергиликтүү бөлүмү бир топ имараттар зыянга кептелгенин билдирди.

Бүгүн Ачех провинциясында катталган зилзала күчү 6,5 баллга жеткенин АКШнын Геология кызматы кабарлады. Адистер Цунами коркунучу жок экенин белгилешүүдө.

Индонезияда 2004-жылдын декабрында да катуу жер силкинип, артынан цунами болгон. Андан жүздөгөн адамдар набыт кетишкен эле. 2005-жылкы зилзала 900дөн ашуун өмүрдү жалмаган. (SE)

XS
SM
MD
LG