Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Жириновскийдин "жинди" ойлорунун артында кандай максат бар?


Владимир Жириновский
Владимир Жириновский

Орусия Мамдумасынын төрагасынын орун басары В. Жириновский жакында Тажикстан менен Кыргызстанды Орусия Федерациясына кошуу керек деген идеясын айтып чыкты.

Саясатчынын ишениминде, ушундай жол менен Орусия полиомелит оорусунан, мыйзамсыз келип аткан мигранттардан жана ооганстандык баңгизаттан кутула алат.

Орусия курамына Кыргызстан менен Тажикстанды кошуу демилгесин Владимир Жириновский айтып чыкты. Чуулгандуу кеби менен аты чыккан саясатчы айткан ойдо мындай деген жери бар: “Мен маселени чечүүнүн башка жолун сунуш кыламын. Тажикстан менен Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болуу келечеги жок. Келгиле, ал экөөн бириктирип, федералдык тогузунчу округга айланталы. Бишкекте, айталы, Рушайло өкүл болот жана ал түзүлүш Орусия Федерациясынын ортоазиялык жаңы округу болуп калсын. Ошентип бардык маселени чечебиз: ашып-ташкан жумушчу күч бизде болот, жашылча-жемиш бүтүндөй биздики, эт да биздики, бир да ооруган киши болбойт” – деген Жириновский. Ушундан улам орусиялык саясатчылар буга кандай баа берерин билиш максатта саясий талдоочу Алексей Мухинди кепке тарттык.

Алексей Мухинди: Владимир Жириновский демейдеги адатын карматып, саясий көрөгөч катары кеп курганы көрүнүп турат. Мындай кеп анын Дмитрий Медведев менен Владимир Путин тандеми жүргүзгөн бийликте советтик түзүлүштү калыбына келтирүү аракетинен улам аларга жагайын деген ниетинен улам пайда болгон. Башкача айтканда, экономиканын негизинде, баарыдан мурда, мурдагы СССР жумурияттарын экономикалык союзга, атап айтканда: Казакстан, Орусия жана Беларусту бириктирүү болуп атат.

Азыр бажылык союзу дегенге Украинаны кошуу боюнча катуу аракет жүрүп атат. Дал ушул экономикалык альянска калган мурдагы СССР жумуриятын түзгөн өлкөлөрдү да алып келип чиркөө толук ыктымал. Ушул маанайды көргөн Владимир Жириновский, өз кызыкчылыгынан улам аталган борборазиялык жумурияттарды да ошол, экономикалык альянска кошулат деп аткан шекилдүү.

- Аты кыйла таанымал саясатчынын оозунан чыккан кеп бекеринен эмес дегендер бар. Сиздин баамда, өлкө жетекчилигинин алдын ала кыргыздар менен тажиктердин саясый чөйрөсүнүн баш терисин сынаган кеп болуп атпайбы? Кремлдин артын качырган саясаты жатпайбы бул жерде?

Алексей Мухинди: Жок. Жагдай бул жерде айдан ачык. Мындай ык менен кутум теориясын колдонуу дегеле мүмкүн эмес. Кеп өнөктөштөр менен мурдагыдан ынагыраак алыш-бериште болуучу соодалык топту же картелди түзүү аракети жүрүп атат деп ойлойм. Батышта жана Чыгышта да.

- Тажикстанды айтпайын, Кыргызстандын жарандарын алалычы, мындай маалыматты кандай кабылдашы керек деп ойлойсуз?

Алексей Мухинди: Бул жагдайда, албетте, Орусия менен альянска баруу – анын кандай гана түрү болбосун, азырынча сунуштала элек жана даяр боло электир деле – ал Тажикстандын атуулдары менен Кыргызстан атуулдары үчүн пайдалуу. Анын жөнөкөй себеби бар. Эмне дегенде ал мамлекеттер экономикалык кыйла оор абалда. Ошондуктан аларга адегенде финансылык жөлөк керек. Андай өнөктөштөр Евробиримдигинен болобу, Эл аралык Валюта кору жактан болобу, АКШданбы же Орусиядан болобу, аны мезгил көрсөтөт.

Орусия финансылык өнөктөш болууга абдан ыңгайлуу экени айтпаса да түшүнүктүү, эмне дегенде каржылык жардам көрсөтүлүп жатканда өлкөнүн ички саясый системасын же коомду демократиялаштыруу же өзгөртүү талабы коюлбайт.

XS
SM
MD
LG