Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстанда ВИЧ/СПИДге кабылгандардын саны 2 миң 837ге жетти. Бул тууралуу бүгүн “Маңзаттарды пайдаланууну жана ВИЧ/СПИДдин тарашынын алдын алуу” долбоорунун координатору Болоткан Сыдыканов билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө, айрыкча жаштар арасында ВИЧ илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. “Баңгизат колдонгондордун жарымынан көбү 21-30 жаштагылар, алардын ичинен 15 пайызын 21 жашка чейинкилер түзөт. Кыргызстанда 1990-жылдан бери баңгизат колдонгондордун саны беш эсе өстү.

Кыргызстандын өкмөтү СПИД дартынын алдын алууга жетиштүү чараларды көрүп жатабы?

Ушул суроо боюнча ой-пикириңизди "Азаттыктын" Бишкектеги студиясына (0312) 31-61-71 же 31-61-63 телефонуна чалып билдириңиз. Ошондой эле ушул шеринеге да жазып жибере аласыз. Келип түшкөн ой-пикирлерди дайыма иш күндөрү кечки саат тогуздагы берүүбүздөн уктурурабыз.
XS
SM
MD
LG