Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Жалал-Абад аза күтүүдө

  • Ырысбай Абдыраимов

Сузак районунун Сары-Булак айылында тополоң учурунда окко учкан Бердибек Курамаевдин сөөгүн жерге берүүгө облус губернатору Бектур Асанов баш болгон расмий адамдар барып катышты

Сузак районунун Сары-Булак айылында тополоң учурунда окко учкан Бердибек Курамаевдин сөөгүн жерге берүүгө облус губернатору Бектур Асанов баш болгон расмий адамдар барып катышты

Бүгүн Жалал-Абад облусунда аза күтүү күнү. Облустун калкы 14-майда болгон кандуу тополоңдон кийин эсине келүүдө. Контрреволюциялык күчтөр уюштурган тополоңдо эки адам окко учуп каза болуп, алтымыштай адам ар кандай жаракаттарды алды. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Бүгүн облуста расмий иш-чаралар өткөрүлбөйт. 14-майдагы тополоңдо эки адам каза тапканына байланыштуу дүйшөмбү күн облустук мамлекеттик администрациянын чечими менен аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери менен мурдагы президент К. Бакиевдин тарапкерлери кагылышкан 14-майдагы тополоңдо, шаар прокурору Баймурза Жаанбаевдин айтымында, жабыр тарткан 65 жарандын отуз беши ок тийип жарадар болуп, экөө каза тапты. Анын бири Жакшылык Козуевдин сөөгү Кара-Кулжа районундагы Чалма айылына жөнөтүлдү.

Абалы оор делген үч адам дарылануу үчүн Бишкекке жеткирилди. Облустук ооруканада жаткан отуз адамдын алтоосуна операция жасалып, азыр реанимациядан чыгыша элек.

Жалал-Абад шаар башчысы Максат Жээнбеков 14-майда тополоң чыгарып кан төккөндөрдү айыптап, аларды жексур аракеттерди токтотууга чакырды.

"Элге каршы чыгып, элди аттыргандар балдарын сыйлабаган акмактар экен. Силердин өзүңөр өлүп, балдарыңар ыйлап турса кандай болот эле. Ушул өлгөн балдардын ата-энелеринин, бир туугандарынын ордуна өзүңөрдү коюп көрүп анан иш кылгылачы. Токтоткула мындай ишиңерди",- деди Максат Жээнбеков.

Бердибек Курамаевди аялы (ортодо кара жоолук салынган) жана кыздары жоктоп ыйлап жатышат.
16-майда Сузак районундагы Сары-Булак айылында окко учкан жигиттин бири Бердибек Курамаевдин сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга губернатор Бектур Асанов баш болгон облус жетекчилери барып катышты. Бектур Асанов Бердибек Курамаев эли үчүн, жери үчүн баатырларча курман болду деп баса белгилеп, анын ата-энесине, туугандарына кайрат айтты.

"Биздин инибиз, досубуз Бердибек Курамаев баатырларча көз жумду. Ал жалпы Кыргызстан үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн өз жанын берди. Анын биздин "мыктыларыбыз" элин азапка салып, кан төгүп коюп качып кетти. Бул баланын жаркын элеси кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып түбөлүккө сакталып калат",-деп сүйлөдү Бектур Асанов.

Бердибектин артында чырылдаган төрт кызы калды, кенжеси бир жарым жашта. Анын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан бир миллион сом өлчөмүндө материалдык жардам берилет. Ошондой эле жергиликтүү бийлик шейит кеткен жигиттин үй-бүлөсүнө дайым көз кырын салып турарын облус губернатору Бектур Асанов билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG