Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Жакында БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Жолдош Орозов менен “Эр айдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатов Европа өлкөлөрүнүн биринен саясий баш паанек суроо боюнча кеткени маалым болуп атат. Саясий куугунтуктан улам чет өлкөгө баш паанек издеп чыгып кеткен жарандар, саясатчылар жөнүндө “Азаттыкта” укук коргоочу Акин Токталиев айтып берди.

- Жакында БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Жолдош Орозов менен “Эр айдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатовдун баш паанек издеп кетишине эмне себеп болду?

- Мен Качкын Булатовдун адвокаты болуп көп жылдан бери жүрөм. Мен Качкын Булатов менен Жолдош Орозовду абдан жакшы билем. Бул экөөнүн качып кеткен себеби - мунун бүт баары тең биздин балык депутаттардан кетти.

Биздин азыркы балык депутаттардын баары тең эле чөнтөк депутат болуп калып, бири ооз ачалбай, ар кайсы жерге арызданып, тигиндей-мындай болуп атат десе да, алар көңүл бурган жок.

23-июлда Балыкчы шаарында баш аламан болду деп, ошол жактын жергиликтүү бийликтери милиция чакырышып, эки депутатты кошо сабашып, күнөөсү жок адамдардын баарын тең алып барып камай баштаганда, Качкын Булатов ошолорго киришип, силер туура эмес камап атасыңар десе, сени да кошо камайбыз деп аны да 2-3 жолу чакырганда, ал кой, акыйкаттык болбой калды деп айласыздан качууга туура келди.

- Алардын үй-бүлөсүнө бул жерден укук коргоо органдар тарабынан кысымдар болбоптурбу. Алардан маалымат алалган жоксузбу?

- Алардын үй-бүлөсүнүн баары тең качып жок, бала-чакалары менен. Ошондуктан булардын балдарына да жолуга алган жокмун. Биз эч саясатка кийлигишпейбиз, силер да кийлигишпегиле, издесеңер барып жолдошумду издегиле, бизге тийбегиле дейт.

- Биздин алган маалыматка караганда Качкын Булатов Ысык-Көл облустук администрациясын, укук коргоо органдарын сотко бергени үчүн кысмакка алынгандыгы тууралуу маалымат бар. Ушул тууралуу токтоло кетсеңиз. Чынында эле ушундай болду беле?

- Бул абдан туптуура, 17-18-июлда Балыкчы шаарынын милициясынын башчысын, прокурорун, акимин, бүт 7 районун, шаарын, облгубернатордон бери эл аралык сотко берип чыккан болчу. Булар мыйзамды бузуп атышат, тескери карап атышат деп чыкканы чоң бир себеп болду качканына.

- Азыр саясатчылар, журналисттер өлкөнү таштап качып кеткен бир өнөкөткө айланып баратат. Муну сиз эмнеден көрөсүз?

- Мунун баарын мен президенттен, балык депутаттардан көрөм. Мен 88 депутатка кат жазсам, алардын беши гана иттен чыгарып жооп берип коюшту. Калган депутаттар унчукпай, тымызынан отурушат.

- Эмне маселе менен кайрылдыңыз эле ал депутаттарга?

- Мен айткам ызы-чуу, башаламан болуп атат, өзүңөр чыгып бир карап көрбөйсүңөрбү, акыйкатсыздык болуп атат деп. Мисалы, депутат К. Кадыровду айттым. Кадыровду жөндөн-жөн эле камап коюшту, жөндөн-жөн эле балдар отурат.

Сүйлөшүп, текшерип карап келбейсиңерби десем, бир депутат да чыкпай койду. Акырында айттым, депутаттар өзүңөр биздин акчабызды, бюджеттин акчасын жебей тарап эле кетип калсаңарчы десем, ага да болбой отурушат.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG