Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:42

Ыр ышкыбоздору белгилүү эстрадалык ырчы А.Жетигенованын талантын казактын калк артисти Р.Рымбаева менен салыштырып, бирок ага өкмөт, бизнес чөйрөсүнөн колдоо болбогонунан улам республиканын аймагынан башка жактарга барып өнөрүн көрсөтө албай калганын айтышууда.

«Жыл мезгилдерден жазды сүйөмүн,
Жазындасы сүйүү келет.
Сүйүүмдү дайым күтүп жүрөмүн,
Махабатым качан келет?

Күтөм жазды,
Күтөм чыдабастан.
Менин сүйүүм жүрөт кечигип,
Жүрөк жараланганын карабастан»/

“Күтөм жазды” аттуу обончу Нуркамил уулу Кубанычтын чыгармасын “ийнине” жеткирип аткарган кыргыз-казак элине таанымал ырчы Алина Жетигенова Талас облусундагы Арал айылында чоң ата, чоң энесинин тарбиясында бой жетип, “тырмактай” кезинен ыр-бийге шыктуу өсөт. Ал айыл мектебинде өткөрүлгөн ар кандай майрамдык иш чараларда жекече ырдап-бийлеп, комуз чертип, баянда ойноп концерттин көркүн ачып, “Айылдын өнөрпоз кызы” атыккан.

Кийинчерек Бишкектеги №5 мектепте билим алып жүргөн чагында борбор шаардагы филармониядагы концерттерди, опера балет театрындагы спектаклдерди үзбөй көрүп, ырчылыкка, көркөм өнөр дүйнөсүнө болгон ышкысы ого бетер ойгонот.

Тээ качандыр бир кезде өткөн бактылуу балалык күндөрү ырчы мындайча эскерди.

-Арал мектебинде окуп жүргөндө “мектептин жалгыз ырчысы менмин го” деп ойлочумун. Анткени бардык майрамдарда өткөрүлгөн кечелерде ырдап, комузда, баянда ойноп ошондо эле артистка болууну эңсегем. Окуучу кезимде эле райондук кароолорго дагы катышып, байгелүү орундарга жетиштим. Кыялымда “чоң сахнада ырдасам,телевидениде мен аткарган ырлар көрсөтүлсө” деп тилек кылуучумун. Таластын токойуна барганда тели-теңтуштарымды көрүүчү кылып коюп, ушунчалык эргип ырдачуумун.

Алина онунчу классты Талас шаарындагы №1 мектептен бүтүрүп, Бишкектеги филармониянын алдындагы эки жылдык эстрадалык студиядан ырдоонун ыкмаларын, музыкалык билимин өркүндөтөт. Ал окууну ийгиликтүү аяктап, филармонияга кызматка алынып 27 жыл мурда биринчи жолу профессионалдык сахнага ырдап чыгат.

-Профессионалдык деңгээлде 1982-жылы филармониянын сахнасында студент кезимде эле чыктым. Андан кийин, 1986-жылы филармониянын алдында түзүлгөн “Ариэт” деген эстрадалык ансемблине солистка болуп, Кыргызстандын аймагын кыдырып концерт берип кеттик. Ошол “Ариэтте” жүргөндө Ташкентте өткөн эстрада ырчыларынын эл аралык фестивалына катышып, биринчи орунду алгам. Андан кийин Москвадагы конкурска катышып, үчүнчү байгелүү орунду Ленинградтын ырчысы менен тең бөлүшүп алгам.

Алина Жетигенованын профессионалдык деңгээлге чыгуусуна композитор Түгөлбай Казаковдун, Аскар Карыбевдин, Жамила Муратованын ырларынын таасири зор. Анын өткөн кылымдагы 85-жылдары Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун сөзүнө жазылган композитор Тарас Асанакуновдун “Кыздын сыры аттуу ыры” кыргыз эстрадасындагы жогорку чеберчиликте тартылган алгачкы клипи катары учурунда Москванын телевидениесинен көрсөтүлгөн.

Алинанын ырдоо ыкмасында жеке өзүнө таандык назиктик, ийкемдүүлүк, үнүндө табихат тартуулаган тазалык бар дейт, аранжировщик Бакыт Айтбосунов.

-Алина Жетигенованын үнү таза коңгуроодой чыгат. Ырлардын текстин дагы так ырдап угармандарга жеткирүү чеберчилиги мыкты. Эстрадада “ритм” деп коет. Мына ушул ритмге бардык эле ырчы так түшүп, ырдын ыргагын бузбай аткара алышпайт. Алинанын ыргакка түшүү, абазды угуу жөндөмдүүлүгү дагы абдан жакшы.

Бакыт Айтбосунов белгилегендей Алина Жетигенованы казак элинин калык артисти Роза Рымбаева менен салыштырышат.

-Казак эли сыймыктанган Роза Рымбаева аттуу ырчысы бар го, биздин Алина дагы ошол Рымбаевадай ырчы. Өзүнүн бою пас болсо дагы, үнү бийик чыгат. Бир кемчилиги казактардай болуп кыргыздар Алинаны колдоого алып, сүрөп чыкканда ошол учурдагы Советтер Союзунун мыкты ырчыларынын арасына аралашмак. Убагында Москвадагы конкурста калыстар тобу “таланттуу, келечеги кең ырчы” деп бекер айтышпаса керек.

Музыка өнөрүн таануучулардын айтымында, эгерде Алинага кыргыз бийлиги, маданият тармагы тарабынан жеткиликтүү колдоо көрсөтүлүп, “сүрөө” дарашкандай казак ырчысы Роза Рымбаевадан кем эмес жетмек.

Алинанын ырларын сүйүп уккан анын күйөрмандары болсо алигиче ага “Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылбаганын, маданият жаатында калыстык, акыйкаттыктын жоктугу катары баалашат.

Алина Жетигенова быйыл Эл акыны Насирдин Байтемировдун либреттоосу боюнча, атактуу композитор Насыр Давлесов жазган “Аста, секин колукту” музыкалык комедиясында Зияданын ролун аткарып, адисттер тарабынан алкоого татыды. Бул анын роль аткаруудагы биринчи ийгилиги болду.

“Алина мурда жалаң эле ырдоо менен чектелип келсе, Зияданын ролу менен актердук жөндөмү дагы жогору экенин көрсөттү”,-дейт Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиев:

-Ал кичинекей кезинде “Аста, секин колукту” опереттасындагы ырларды ырдап, жүрөгүндө багып жүрүптүр. Зияданын образын ачууда ошол жакшы көрүү сезими дагы түрткү болду окшойт. Себеби, Зияданын ролун аткарууда жеке эле ыр ырдабастан,анын кыял-жоругун, мүнөзүн, кыймыл-аракетин, айылдык назик, шайыр кыздын образын ачуу керек. Мына ошол образдарды Алина жогорку чеберчиликте ача алды.

Эл артисти, композитор Насыр Давлесов дагы Алина Жетигенова жараткан Зияданын образы мыкты жаралганын белгилеп, анын ырчылык жөндөмүнө жогору баа берди.

Азыр эстрада “майданында” жаш ырчылардын жоон тобу чыгып, мурдагы ырчылар менен атаандаштык пайда болду.

“Азыркы муун, жаш көрөрмандар Алина Жетигенованын чыгармачылыгына анчейин кызыкпай калды?”- деген суроо туулушу ыктымал.

Аранжировщик Бакыт Айтбосуновдун баамында, Алина Жетигенова алигиче “формасын” жогото элек, мурдатан бери эл оозуна алынып, “пайдубалын” түптөп алган ырчы.

-Албетте, азыркы жаш ырчылар менен конкуренция бар. Эски ырчылардын көпчүлүгү азыр той, ресторандарда эле ырдап чоң концерттерге чыкпай калды. Алина анда-санда концерттерге чыгып жүрөт. Эгерде ал эстраданын жаңы багытындагы ыргактар менен жакшылап иштеп, азыркы жаштардын табитиндеги ырларды ырдап чыкса кайрадан жылдызы жанат. Себеби Алинанын үнү уникалдуу эстрада үчүн жаралган. Азыркы көпчүлүк жаш ырчылардын Алинадай үнү жок.

Алина менен алдыдагы пландары тууралуу баарлашканымда, маданият, көркөм өнөрүнө коңшу өлкөлөрдөгүдөй маани берилбей жатканда чыгармачылыгын элге тартуулоо боюнча долбоорлору ишке ашпай, "ойлогон ойду, кыстаган турмуш" жеңип жатканын жашырган жок.

Анын айтымында, “чириген байлар, сараң чиновниктер” дүңгүрөтүп “чык” агызып той беришип, ырчыларды бекер ырдап берсе дегендей мамиле кылышып, таланттуу адамдардын чыгармалары элдин рухун азыктандырып, жан дүйнөсүнө рахат тартуулай тургандыгын анчейин баалай беришпейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG