Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Авиакырсыкта өзүн жабыркоочу катары көрсөткөн жаран кармалды


"Семетей" мейманканасы.
"Семетей" мейманканасы.

Авиакырсыкта жабыркаганын айтып, “Семетей” мейманканасынан баш паанек алгандардын бири “көз боёмочулук кылган” деп кармалды. Милициядан “Азаттыкка” билдиришкендей, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну өзүн жабырлануучу катары көрсөтүп, өкмөттөн жана президенттен компенсация алууга да аракет кылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал авиакырсыкты уккандан кийин Дача айылына барып, жабыркаган адам катары куткаруучуларга аты-жөнүн башкача айткан.

Бүгүн шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат.

“Семетей” мейманканасында кырсыкта жапа чеккен төрт үй-бүлө жашап жатканы расмий маалымдалган. Алар өкмөттүн чечимине ылайык, жайгаштырылган.

Жабыркаган үй-бүлөлөргө президенттик аппараттан 100 миң, парламент спикеринин фондунан 80 миң, өкмөттөн 70 миң сомдон жардам берилери айтылган. Андан тышкары кулаган учактын ээси, Түркиядагы My Сargo компаниясы да кенемте төлөнөрүн ырастаган.

Апааттан 38 өмүр кыйылды. Алардын 34ү кыргызстандыктар, төртөө экипаж мүчөлөрү. 19 турак-жай кыйраган. Бир катар үйлөр талкаланган. (SE)

XS
SM
MD
LG