Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Президенттин катчылыгынын алдында өзүнчө структура болуп түзүлгөн басма сөз кызматына жетекчи болуп Алмаc Турдумаматов дайындалды.

Ал “Азаттыкка” берген маегинде басма сөз кызматына президент институтуна кирген бардык мамлекеттик органдарды маалыматтык тейлөө милдети жүктөлгөнүн билдирди:

- Аппарат, Катчылык, өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик, коопсуздук боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчиси сыяктуу президент институтуна кирген бардык структураларды жалпысынан эми басма сөз кызматы тейлейт. Тышкы саясат боюнча мамлекеттик министрдин дагы жумуштарын маалымат жагынан биз колго алабыз. Бир өзгөчөлүгү ушул болду. Мурда деле ушундай иштер бар болчу. Мисалы, биз мурда президенттин жасаган иштерин чагылдыргандан тышкары Мамлекеттик катчынын жана Коопсуздук Кеңештин дагы иш чараларын чагылдырчубуз,-деп билдирди Алмаc Турдумаматов.

Президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын баардыгына тегиз мамиле кылып, Кыргызстандагы болуп жаткан маанилүү окуялар, Президент жүргүзүп аткан иш чаралар жөнүндө так маалымат таратууга бардык аракет жумшаларын айтты.
XS
SM
MD
LG