Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

10-ноябрда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 65 жашка толду. Бул күнү анын дарегине жылуу сөздөр да, сын пикирлер да айтылды.

Кыргызстанда бийлик алмашып, мурдагы президент Аскар Акаевдин бийликтен түшүүсүнө эң ириде анын башкаруу режими себепкер болгондугу тууралуу көп айтылып келе жатат. Бирок бийлик алмашкандан бери деле кыргыз коомчулугунда эч кандай өзгөрүү болбой, тескерисинче үй-бүлөлүк башкаруу системасы Акаевдин тушундагы учурга караганда бекемирээк орногону тууралуу пикирлер да көп.

Кыргызстандын туңгуч президенти тууралуу сөз болгондо ал башкарган алгачкы жылдары өлкө демократиялык жолго түшүп, аздыр-көптүр Борбор Азиялагы демократиялык аралча деген аталышка конгону, улуттук валюта сомдун киргизилгени тууралуу, бирок кийинчерээк А. Акаев экинчи-үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланган соң баары тескерисинче боло баштады деген сөздөр көп айтылат.

Мурдагы президенттин тушунан бери бийликке оппозиция болуп келе жаткан “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде Аскар Акаев жаңы президент болуп турган учурда эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга аракет кылып турган:

-Акаев биринчи президент катары, албетте салыштырмалуу, коңшу мамлекеттердин режимдерине караганда бизде жумшагыраак режим түзгөн. Өзүнүн кыялкечтиги жана жумшак мүнөзү менен айырмаланган. Эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга ар дайым аракеттенип келген. Бул коңшу диктаторлордон айырмасы. Ал эми калган иш жүзүндө үй-бүлөлүк башкаруу, Конституция баш болгон мыйзамдарды одоно бузуу, бийликти ашыкча өзүнө ыйгарып алуу сыяктуу көрүнүштөргө жол берген. Мына ошол көрүнүштөрдөн азыркы бийлик үлгү алып, “устатынан шакирти өттү” деген принцип менен үй-бүлөлүк башкаруу системасын күчөтүп жатат.

Кыргызстанда бүгүн терең орногон үй-бүлөлүк башкаруу, сөз эркиндигинин муунтулушу, адам укуктарынын бузулушу, саясий куугунтуктардын күчөшү, мунун баары А. Акаев түзүп кеткен системанын уландысы деген пикирлерге жанаша эле өлкө бүгүн А. Акаев түзүп кеткен бир катар экономикалык программалардын негизинде жашап жатат деген ойлор да бар. Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар бирикмесинин төрайымы Токтайым Үмөталиева мурдагы президент Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө чоң иштерди жасады деп эсептейт.

-Мурдагы президенттин тушунда Комплекстүү өнүгүү программасын кабыл алганбыз. Анын негизинде жакырчылыкты жоюу программасы кабыл алынган. Азыр ошол программанын экинчи этабы иштеп атат. Ошол программанын негизинде сырттан трактор, автобустар, чоң-чоң грант акчалар келип жатат. Акаев Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн улуттук валютаны башкалардан озунуп киргизди, жерди жеке менчикке берип, жеке менчикти өнүктүрдү. Бул дагы анын көрөгөч жетекчилигин айкындап турат, -дейт Токтайым Үмөталиева.

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу багытында болгон аракетин жумшап, мамлекетти натыйжалуу башкаруу максатында түрдүү реформаларды жасап келгенин мурдагы президент өзү да көп жолу белгилеген. Ал ошондой эле мамлекетти башкарууга үй-бүлөсү кийлигишпегендигин да “Азаттыкка” билдирген:

Бермет Акаева
-Менин үй-бүлөм эч кандай мамлекеттик иштерге кийлигишкен эмес. Бул жанагы оппозициянын ойлоп тапкан көп мифтеринин, жалган каралоо негизинин бири деп эсептейм. Тескерисинче, менин үй-бүлөм колунан келишинче ар бири элибизге жардам эле кылып келди. Мына менин өзүмдүн жолдошум Майрам Акаеваны алсак, кайрымдуулуктан башка эч жакка кийлигишкен жок. Менин улуу кызым Бермет он жыл чет өлкөдө иштеп келди. Бир күн дагы мамлекеттик кызматта болгон жок. Туура, кийин өз элине кызмат кылып берейин деп депутат болуп шайланды, ал максатына да жете алган жок.

Туңгуч президент Кыргызстанды он беш жыл башкарды. 1990-жылы күзүндө президент болуп шайланган Аскар Акаевдин Конституция боюнча мамлекет башкаруу укугу 2000-жылы аяктоого тийиш эле. Бирок Башмыйзамга улам бир өзгөртүүлөрдү киргизип, өзүнүн мөөнөтүн улам узартып жүрүп отурушу, бул аралыкта өлкө Акаевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна өтүшү –элдин кыжырын күчөткөн, дешет айрым саясат талдоочулар.

“Московский комсомолец” басылмасы да Кыргызстандын мурдагы президентин 65 жаш курагына байланышкан макала жарыялап, анда А. Акаевдин бийликтен куулушуна- анын өз убагында, башкаруу мөөнөтү аяктаганда эле кетип калбаганы деп белгилеген. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин ою боюнча Аскар Акаевдин бийликтен куулушу, бүгүнкү күнү минтип сыртта жүрүшү - анын бийликти мечиктөөгө жасаган аракетинин натыйжасы болду:

-Аскар Акаев өзү бийликте он беш жылдап отуруп алганы аз келгенсип, 2005-жылы уулу менен кызын парламентке мүчө кылды. Ага чейин эле Кыргызстанды анын үй-бүлөсү башкарып жатканы элди тажатып келе жаткан. Чынын айтуу керек, ал башында ишти жакшы баштады, Кыргызстандын демократиялык өлкө кылууга аракеттенди. Бирок анын аягына чыгалган жок. Ал экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин тескерисинче өзүнүн бийлигин чыңдоого киришти. Бул үчүн 1998-жылы Конституцияны реформалап, Референдум аркылуу бийликтин көп бөлүгүн өзүнө алууга жетишти.

Туңгуч президент Аскар Акаевдин мамлекет башкаруусу 2005-жылы 24-мартта элдин кысымы алдында Кыргызстандан чыгып кетүүсү менен аяктады. Бул окуяны өлкөдө бийлик алмашуу боюнча тажрыйба катары эсептеген пикирлер да бар. Жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев президентти бийликтен кулаткан март окуясы кийинки бийликке сабак болот деген ою менен бөлүштү:

Айрым пикирлер боюнча Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч, улуттук валюта –сомду жүгүртүүгө киргизген, өлкөнү 2 млрд. доллар тышкы карызга батырган, Үзөңгү-Куушту Кытайга берген жана Аксыда алты адамдын канын төккөн президент катары тарыхта жана элдин эсинде калат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG