Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Алтайдан Ала-Тоого "Манас жолу" жүрүшү


Алатоолук кыргыздар менен тарыхый жана маданий байланыштары бар Алтай жергесине жакында Кыргызстандан элдик өкүлдөрдөн куралган кырк жигиттин экспедициясы жөнөгөн жатат.

Ал топ Алтайга жетип, ал жактан кайра ат менен Манас көчүп келген жолду басып, жүрүш жасап, сыйынып, Алтай менен Ала-Тоонун тарыхый жана табигый байланышын жандандырып жаңыртууну ниет кылууда. Бул иштин демилгечиси жана уюштуруучусу жазуучу, этнограф Асыкбек Оморовдон Алтай жергесине даярдалып жаткан “Манас жолу” деп аталган акциянын маани-максатын сурадык.


- Асыкбек мырза, Сиз кыргыздардын тарыхый жана маданий байланыштары бар Алтай жергесине барып келипсиз. Келгенден кийин кайра Алтайга кырк жигиттин экспедициясын уюштуруп жатыпсыз. Ушул иштин чоо-жайы, максатын айтып кеп оролун жандырсаңыз.

- Акай деген Алтай Республикасынын дин борборунун жетекчиси болгон көзү ачык жигит бар экен. Силерде кырк уруу бар дейт, аларды урууну сөөк деп айтышат экен. Ошол оң канаттан, сол канаттан, ичкиликтен - кырк уруудан бирден чогулуп, келишиңер керек дейт. Мен ошол силер келе турган учурга кырк ат даярдап коем. Кырк атты минип алып, Манастын туулган жери Чамалган деген жерден Кыргызстанды көздөй Манастын жолу менен жөнөйбүз. Бул жүрүштү “Манастын жолу” деп атаса болот дейт.

Биз биринчи Манастын жолун асман менен байланыштырабыз. Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөндө Көкө Теңирдин тоосу бар дейт. Бул кайсы десем, силердеги Кан-Теңир тоосу дейт Сары-Жаздын башындагы. Ошол жерге барып Манас сыйынган экен. Ошол жерге барып биз дагы сыйынабыз, Манастын туулган жеринен топо салып, таш алып кетебиз. Топуракты Манастын күмбөзүнө алып барып төгөбүз дейт.

Кыргызстанга 31-август Эгемендик күнүн утурлап, эки-үч күн эрте келебиз дагы улуу курултай өткөрөбүз. Ошентип биз кыргызды биримдикке чакырабыз, бул мага келип жаткан аян болуп жатат деп айтты.

Дагы бир экинчи топ машина менен Алтайдан кедр карагайларын Кыргызстанга алып кетип, саздуу жерге отургузушу керек экен. Муну менен өсүмдүктөрдү байланыштырабыз, топуракты алып кетебиз, асман менен байланыштырабыз. Кыргыздардын аялдары сатып албай туруп, кол менен бирден чепкен, бирден калпак тигип бериши керек экен. Биз барганда ошол калпак-чепкендер даяр болуп калышы керек дейт. Биз алып бара турган жылкылардын арасында эки-үч айгыр, калгандары бээ болот дейт. Алар ошол жерде калат, ошондон кыргыздар силер тукум алып, өстүрүп, анын атын Манас породасы деп коесуңар дейт.

Бул жерде жылкыны, өсүмдүктү, жерди жана асманды байланыштырып жатабыз, андан сырткары кийимди. Мына ушунун баарын жасасак, бизде тынччылык болот деп ушуну мага дайындады.

-Бул айткандарыңыз кызык экен. Эми Акай көзү ачыктын сөзүнө сиз өзүңүз кандай маани берип жатасыз, чын эле ага ишенип, айтканын кылыш керекпи?

- Мен- дейт – Акаев иштеп атканда анын кабинетине кирип, Манастын ташын бергем дейт. Сен ушул ташты ыйык сактагының, жылда курултай өткөзүп тур, элиңе тегиз карагын. Болбосо сен качып кетесиң дегем дейт. Чын эле ушундай болбодубу.

2005-жылы Бакиев президент болгондо ага да келип, бир таш алып келип бериптир. Сени келечекте Акаевдикинен да жаман окуялар күтүп турат. Сен Манастын ташын ыйык сактап, жылда бирден чоң курултай өткөзүп, элиң менен бирдикте иштебесең, сен да качып кетесиң дегем дейт. Бакиев да качып кетти, ошол окуядан кийин биздин убактылуу өкмөткө келсе, кабыл албай коюшуптур. Мен үчүнчү жолу барам дейт, эгер мен айтканды жасабасаңар дагы бир революция болот, согуш чыгат дейт.

Кыргыздарга абдан оор жүк түшүп турат дейт, Ушул оор жүктү кыргыздар туура көтөрүп, туура жол менен кетиш керек деп айтты. Мен өзүм атеист болуп тарбияланган адаммын, бирок болгон окуяларды алдын ала айткандан кийин, айла жок ишенүүгө туура келет.
XS
SM
MD
LG