Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

А. Бекназаров: Исаковдун бир да күнөөсү далилденген жок


Бишкек гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковго каршы козголгон иштерди кароону аяктап, чечим чыгаруу алдында турат. И. Исаковдун адвокаты А. Бекназаров соттун жүрүшүндө генералга коюлган күнөөлөрдүн бири да далилденген жок деп билдирди.

- Азимбек мырза, соттун жүрүшүндө эмнелер далилденди, эмнелер далилденген жок?

- Бул иш боюнча соттук тергөө бүттү. Исмаил Исаковичке үч эпизод менен кылмыш иши угузулган. Биринчиси, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн баласына квартира алып берүү үчүн өзүнүн орунбасары Югайга буйрук берген деп, 304-статья менен коюлган.

Экинчиси, министр болуп турганда аскер техникаларынын сатылып, уурдалып кетишине жол берген деп коюлган. Үчүнчүсү, Коргоо министрлигинин атайын эсебинен 600 миң сомдон ашык акчаны мыйзамсыз пайдаланган деп баардыгы үч эпизод менен айып коюлган.

Мен биринчи квартирасы боюнча айтайын. Исаковдун өзүнүн баласына квартираны менчикке каттап бергиле деп айтканын сотто далилдеген бир дагы күбө, же бир дагы документ оозеки, же жазуу жүзүндө болгон жок. Тескерисинче, сотто ошону мен кылдым эле, тезинен каттап алгыла дегенинен, мен Исаковдун баласына убактылуу жашап турган үчүн ошого каттап салдым эле деп коргоо министринин орунбасары Югай мойнуна алып, ал жазасын алды. Ал жазасын алып, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ушул ишти сот кыскартып салды.

- Югай, балким, Исаков министрдин кол алдында иштегендиктен, анын таасири тийип, анан жоопкерчиликти өзүнө алып аткан жокпу?

- Жок, андай болбойт. Себеби оозэки айткан күндө дагы Югай аны аткарбаш керек да. Ал жерде турак жай боюнча комиссия бар да, квартираны кимге бөлөт, кандайча бөлөт, аны Югай чечпейт да, комиссия чечет. Экинчиден, бул квартираны тергөө органдары эмес, иш козголо электе 2007-жылы эле гезитке чыгып кеткенде Исаков билип калып, өзү кайра койдуруп баланска алып койгон да.

- Демек ал Исаковдун баласынын квартирасы эмес, азыр мамлекеттики?

- 2007-жылы сентябрь айында эле Коргоо министрлигинин балансына алынган кайра, муну Исаков өзү экинчи бир орун басары Орозбаев дегенге айтып, ал Орозбаев Коргоо министрлигинде коррупция боюнча комиссиянын да төрагасы экен, мен угуп атам, менин балама кайдан бул квартираны каттагансыңар, мага тез аранын ичинде териштирип, жооп айтасыңар дегенде, булар текшерип, чын болуп чыккан.

2007-жылы сентябрь айынын ичинде квартираны кайра Коргоо министрлигинин балансына алып, ошол эле жылы аны Сыдыков деген прапорщикке бөлүп беришкен. Мындайча айтканда, Коргоо министрлигине эч кандай мүлк зыяны жок. Бул бардык документтер менен тастыкталып атат.

Бул генерал Бекбоев дегендин арызынын негизинде Аскер прокуратурасы квартира боюнча дагы текшерүү жүргүзүп атат. Бул квартира туура эмес катталган, бирок өз учурунда кайра убагына коюлган экен дегендин негизинде ишти кароодон баш тарткан материал чыгарган 2008-жылы май айында. Анан булар 2009-жылы декабрда козгоп атпайбы эки жылдан кийин. Эптеп бул кишиге каршы бир нерсе табыш керек болчу.

- Экинчиси, аскер техникасы боюнча?

- Экинчиси, аскер техникасында кечээ күнү бүт документтерди изилдедик. Бул Исаковго бир нерсе табыш үчүн эле эптеп эле иш козгоп койгону билинди да. Иш жүзүндө 13 техниканын 12си Каимов дегенге 2008-жылы август, ноябрь айларында сатылганы тастыкталды. Ал эми И.Исаков май айында кызматынан кеткен. Демек азыркы министр Калыевдин убагында бардыгы жок болуптур. Бир гана техника - КАМАЗ автоунаасы 2007-жылы пайдаланууга жараксыз катары чыгарылып, сатылыптыр. Бирок аны өкмөттүн токтомунун негизинде Мамлекеттик мүлк фонду сатыптыр. Акчасы өз убагында министрликке түшүптүр, бүт квитанция документи менен келди.

- Демек бул дагы далилденген жок?

- Бул техника боюнча атүгүл Каимов дегендин подотчетунда турат. Ал күлбөдүбү министрдин эмне тиешеси бар деп. Чындыгында техникага аскер бөлүгүнүн командирлери жооп берет экен. Анан керектен чыгарып, же болбосо эскилиги жетти деп сатылса, же металлоломго тапшырса, атайын куралдануу боюнча орунбасары Сатыбалдиев деген бар экен, андан ары такыр өтпөйт экен.

Сатыбалдиев бүгүн жоопко тартылып атат. Мына ушул техникалар боюнча Коргоо министрлигине 3 млн. 800 миң сом зыян келтирилген деп айып коюлган эле. Кечээ коргоо министрдин өкүлү минтип айтты, бул зыянды ким эсептеп чыкканын биз билбейбиз деп.

Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү прокурордон сурадык, силер аныктадыңарбы десек, алар биз дагы аныктаган эмеспиз дейт. Иштин ичиндеги бир жеке аудитор компания бар экен, ошол эсептеп чыгыптыр. Ал кимдин тапшырмасы менен аныктаганын айтуудан Башкы прокуратура да баш тартты, биз берген эмеспиз дейт. Коргоо министрлиги да айтат биз берген эмеспиз деп. Анда биз судьяга айттык, бул документ кайдан келип калды деп.

- Негизи Башкы прокуратура козгогон да ишти?

- Козгогон. Бирок алар мындай да, ар бир экспертиза дайындаганда тергөөчү токтом чыгарат да, ал же бул экспертке тапшырылат, жана канча зыян болгон, кимдин айынан, кандай техникалар деп суроо коюлат да. Ошого жооп берет да алар. Андай тергөөчүнүн токтому жок.

- Үчүнчүсү 600 миң сом боюнча?

- Эки жылдын ичинде генерал Исаков Жаңы жыл майрамында Баткен, Ооган окуясында курман болгон офицерлердин, аскерлердин балдарына белек катары чыгарыптыр эки жыл мурун. Андан кийин 23-февралга, андан кийин КР Куралдуу күчтөрүнүн күнү 29-майда, анан 8-мартта депутат аялдарга куттуктоо кетирген. Андан кийин чет өлкөлүк Жамааттык коопсуздук боюнча келишим, ШКУ уюмдарынын Куралдуу күчтөрүнө фуршет өткөргөн деген айып коюлуптур.

Акыркысы журналисттерге “Аскер калеми” деген конкурс жарыялап, ошол жерде 13 миң сомду мыйзамсыз пайдаланган деген айып коюлуптур. Бирок бул дагы соттук тергөөдө далилденбейт деп эсептейбиз. Эмне үчүн дегенде, атайын эсебиндеги акчаны Коргоо министрлиги өзү бөлүштүрөт. Кайда бөлүштүрөт, кайда жумшайт - бул Коргоо министрлигинин гана иши.

Ошол атайын эсептен 2007-08-жылы Каржы министрлигин Эсеп палатасы текшерип, булар эч убакта ашырган эмес, тескерисинче 1-2 млн. аз пайдаланган деген чечимдери бар экен. Булар фуршет деген сөз үчүн кармап атат. "Башка чыгымдар" деген бар да, ошондо фуршет деген сөз каралган эмес, андай сөз жок деген коюлуп атат.

Анан Каржы министрлигинен, казыналыктан келген өкүл айтып атат, фуршет, гүл, открытка алганынын баарын жаза бербейт да, биз ошон үчүн эч кандай мыйзам бузулду деп эсептебейбиз деп сотто дагы өздөрүнүн корутундусун берди. Мен ойлойм, бул эпизод дагы жокко чыгарылат деп.

- Коюлган үч айыптоо тең эле далилденбей жаткан экен да. Эми кыскача жыйынтыктасаныз, бул эмнени көргөзөт?

- Кыскача жыйынтыкталганда, бул үч иш саясий заказ экени, бүгүнкү күндөгү оппозициялык күчтөргө каршы багытталган нерсе экени тастыкталды. Себеби Балыкчыда жалаң Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү түрмөдө отурат, Петровкада болсо БЭКтин активисттери, лидерлери.

Ал эми бул жерде болсо, Исаков бийликтен кетери менен бизге кошулуп кеткенине байланыштуу, башка чиновниктер ушинтсеңер Исаковдун кейпин киесиңер дегендей кылып атат. Окшоштугу - мамлекеттик айыпкерлер тарабынан кандай суроо берип, кантип жоопко тартышты билбей тайсалдаганы.

Бардык далилдер күбөлөрдөн күч менен, мыйзам бузуу менен алынган мамлекеттик кызматкерлер тарабынан. Айрыкча Петровкада 3-4 кызматкер, мен өзү бөлгөндү жаман көрөм, ошол адистердин баары түштүктүн милиция кызматкерлери болуп атат. Бул жактагылар андай көрсөтмө бербейт, алар түз берип атат.

16-17-апрелде дайындалыптыр кызматка, 5-6 күн болбой ошол жерде Рыскулов, Аргынбаевдер жүргөн башкарып дешти. "Аргынбаев экенин сен кайдан билесиң иштегениңе 5 күн болуптур" десек, "мага айтышты Аргынбаев деп", жасалма күбөлөр экени далилденип атат. Үч иште тең ушундай фактылар билинип калып атат.

- Рахмат сизге.

И. Исаков: Өз ара кеңешүү үчүн сот жылдырылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

XS
SM
MD
LG