Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Жогорку Кеңеш депутаттары келерки жылдын бюджет долбоорун карап, талкуулашууда. Жаңы жылдын бюджети жөнүндө депутат Бегалы Наргозуев "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.

- 2008-жылдагы бюджет долбоору парламентте каралганда өкмөт мүчөлөрүнө мамлекеттик казынадагы каражат туура эмес пайдаланылган фактылар боюнча бир топ сындар айтылган. Сиз кандай ойлойсуз, эмне себептен бюджеттик каражаттарды уурдоо жана туура эмес пайдалануулар күчөдү?

- Бул жерде негизинен уурдалганы жөнүндө эмес, бюджеттик тартип жөнүндө сөз болуп атат. Бюджеттик акчаларды негизги максатка пайдаланбай, башка багыттарга жумшап жиберген учурлар жөнүндө болуп жатат кеп. Каржы министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ушундай айыптар коюлуп атат.

Менин оюмча, мунун баардыгынын себеби мындай. Бизде көп Батыш өлкөлөрүндөй бюджет түзүлүп жатканда ар бир тыйынына чейин майдаланып жазылбайт, дүңүнөн көрсөтүлүп бекитилет. Эгер ар бир тыйындын чыгымдалышы майдаланып жазылып, ошол мыйзамдашып, ошондон бир тыйын оңго же солго чыкса, ошол мамлекеттик кызматкер, министр болобу, башкасыбы, жоопко тартыла турган тартип орномок. Ушул салтка айлана турган болсо, бизде мамлекеттик бюджеттик каражаттарды максаттуу эмес пайдаланууга чек коюлат эле. Ушул багытта бизде парламентте азыр чоң сөз болуп атат.

- Бегалы мырза, айтсаңыз, азыр мамлекеттик бюджетти экономдоо максатында мамлекеттик мекемелерди кыскартуулар, кайрадан түзүүлөр болуп атпайбы. Ушунун эсебинен 600 млн. сом сарамжалданат дешет экономисттер. Айрымдар айтып атат, бул көп деле каражат эмес, ошондуктан мамлекеттик мекемелерди кайра түзүү, кыскартуу тууралуу узак сөз кылуунун деле кажети жок деп?

- Жок, кыскартылган мамлекеттик кызматкерлердин фонддору деле кайрадан калтырылып атат, аны өзүңүздөр билесиздер. Себеби ал кыскартылган акчаны биринчиден алардын өздөрүнүн компенсациялык төлөмдөрүнө төлөп бериш керек. Экинчиден, Каржы министрлиги сунуш кылып атат, ошол фонддорду кайра эле калтыралы, ошол жерде иштеген кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, эмгек акы фондусун сактап калууга бир резерв болсун деп.

Бирок бул кыскартуулар финансылык каражаттарды гана үнөмдөө максатында эмес, дегеле башкаруу системасын оптималдаштыруу, анын натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалып жатат. Бүгүнкү күндүн талабына төп келген структуранын ийкемдүү болушу үчүн жасалып жаткан кадамдар катары да түшүнүш керек.

Муну бир жактуу, жалаң эле каражатты үнөмдөө максатында жасалып жатпагандыгы, ушул башкаруу структурасын бүгүнкү күндүн талаптарына, бүгүнкү дүйнөлүк тенденцияга ылайыкташтыруу максатында жасалып жаткан реформа катары түшүнүү керек деп ойлойм мен.

- Бүгүн 2010-жылдагы бюджетти талкуулайсыздар. Бул бюджетти айтып атышат өнүктүрүү бюджети деп. Ушул туралуу кененирээк айтып бераласызбы?

- Бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү бюджетине жакшы көңүл бурулчу эмес. Сырттан келип жаткан акчалардын көпчүлүк бөлүгү инфраструктураны колдоо максатында, жалпак тил менен, кыргызча айтканда жеп, ичилип кете турган максаттарга пайдаланылчу.

Эми 2010-жылдан баштап өнүктүрүү бюджетин күч алдыруу максатында ушундай тенденция кетип атат. Мисалы, 2010-жылга 20 млрд. сомго жакын акча каралып атат. Эгерде ушул бюджетте бекилип калса, бул өнүктүрүү бюджети.

Өнүктүрүү бюджети Кыргызстандын шартында өзүнө кайтарымы бар долбоорлоорго жумшалмакчы. Каражатты мурункудай жеп-ичилип кете турган эмес, өзүнүн кайтарымы бар долбоорлорго жумшоо пландаштырылып жатат.

Бул жагынан көп долбоорлор бар бизде. Мисалы, энергетикалык көз карандысыздык боюнча, өлкөнүн ичинде ички энергетикалык алкакты түзүү боюнча долбоорлор каралып жатат.

Транспорт коридорлорун түзүү боюнча, мисалы Кытайдан Азия, андан ары Европа мамлекеттерине өтүп кетүүчү транспорт коридорлорун түзүү боюнча жумшалган каражат кайра 2-3 жылда, 5-6 жылда, 10 жылда кайтарым боло турган гана долбоорлорду каржылоо пландаштырылууда.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG