Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Өкмөт отун-сууга тарифтердин баарын бир учурда жогорулатуу менен элди “төө бастыга” алып, кыйнап коет деп билдирди “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдразаков.

- Мына өкмөт жаңы жылдан тарта электр энергиянын баасын эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы 5-10 эсе көтөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Сиз мурунку маектериңизде айтып келбедиңиз беле, шаарда өкмөт жылытып берген үйлөрдүн тургундары эмдигиче коммунизм доорунда жашайт деп. Эми алардын андай доору бүттүбү?

- Негизи үйдү жылытууга баалардын көтөрүлүшүн мен туура эле деп эсептейм. Анткени көп кабаттуу үйлөрдө союз убагынан бери эле социалдык теңсиздик болуп келген да. Жер тамдарда жашагандар менен буларды алсак, ушул убакытка чейин эле өкмөттүн эсебинен үйүн, ысык суусун жылытып келген, оңой жашоо дейбизби, бекер жашоо дейбизби, ушундай болуп келген.

Анын үстүнө бүгүнкү күнү убакыт келди деп ойлойм. Мына 18 жыл болду эгемендүүлүккө. Элдин аң-сезимин ойготушубуз керек биринчиден. Экинчиден, булардын үйү менчиктештирилип кеткен, ал эми менчик үйгө өкмөттүн акчасын кетиргенге болбойт. Ага карабай эле союздун убагында калган мыйзамдардын негизинде али күнгө чейин буларды үйүн жылытып, ал эмес үйдүн үстүн чатырын, лифтисин алмаштырып берет.

Ушунун баардыгы законго туура келбейт. Анан үстүнө Конституцияда жазылып турат, бүт адамдардын укугу бирдей, мамлекет бүт адамдарга бирдей мамиле жасашы керек деп турат. Андай боло турган болсо, анда жер тамдагы үйлөрдүн да чатырларын алмаштырып, тепкичтерин оңдоп, печкасына от жагып беришибиз керек калыстык, теңдик болуш үчүн. Бул жерде калыстык, теңдик, адилеттүүлүк болбой жатат.

Бирөөлөр өкмөттүн эсебинен жашап атса, бирөөлөр болсо өзүнүн эмгеги менен жашап атат. Мисалы, жер тамдагы үйлөр менен буларды салыштырсак, жети облустун эли, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды алсак, булар тамдарды өз акчасына салган. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдү болсо союз убагында завод, фабрикаларда иштеп бекер алышкан.

Ошондон бери булар өкмөттүн эсебинен ысык суусу, электр энергиясы менен камсыз болуп келатат, булар болсо өз чөнтөгүнөн чыгарышат. Мисалы салыштырып көрсөк, бир жер тамдагы үй кыштан чыгыш үчүн 5 тонна көмүр алат, аны 3 миң сомдон эсептеңиз, 15 миң сом кетет. Андан сырткары жыгачы, жумушу менен 20-30 миң сом менен кыштан чыкса, ал эми үч бөлмөлүү көп кабаттуу үй болсо өкмөттөн 10 миң сомдун тегерегиндеги дотация алат, өздөрү болсо 3 миң сом төлөйт. Эки бөлмөлүү үй болсо 9 миң сомдой акчаны өкмөттөн алат дагы, өздөрү 2 миң сом төлөйт. Мына ушундай социалдык теңсиздик бар.

- Энергиянын баасы баардык керектөөчүлөр үчүн эки эсе кымбаттабадыбы. Айрым серепчилер айтып чыгышты, бул өлкөдөгү энергетикалык проблемаларды чечпейт, тескерисинче ырбатып жибериши мүмкүн деп. Өкмөттүн жаны тарифине байланыштуу кандай көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн?

- Бул жерде мен өкмөткө бир сунуш берет элем. Электр энергияны бүгүнкү күнү кымбаттатканы туура эмес. Биринчиден, азыр бүткүл дүйнөлүк каржы кризиси болуп атат. Экинчиден, өзүбүздө светти өчүрүп атабыз түнкүсүн. Үчүнчүдөн, биз баарын кымбаттатып атабыз, светти дагы, газды дагы, сууну дагы.

Анын үстүнө быйыл кыймылсыз мүлккө салык кирип атпайбы. Мунун баары элди кыйнап коет, үстөкө-босток болуп, элге төө басты болуп калат. Мен өкмөткө өткөндө да сунуш кылдым эле азыркы күнү электр энергияны кымбаттатпай эле чыгып кетүүнүн жолу бар.

Анткени электр энергияда 40 пайыз жоготуулар болуп атпайбы, ошону акчага которсок 6 млрд. сом болот. Мен азыр айткан дотация, жанагы көп кабаттуу үйлөрдүн ысык суусуна, үйүн жылытканга кетиргенге жыл сайын өкмөттүн бюджетинен 2 млрд. сом акча кетет. Мына экөөнү кошсоңуз 8 млрд. сом. Анан газда дагы 25 пайыз жоготуу болот, бул 12 жарым млн. доллар. Мына ушунун баарын эсептесек 10 миллиарддан ашык акча. Булар бааны көтөрбөй, өзүнүн жоготууларын, ичкен-жегенин, коррупциясын токтотсо, ошону менен эле чыгып кетсек болмок кыйынчылыктан.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG