Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Б. Абдразаков:"Төрагабыз губернатор болсо жарашат"


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдразаков мамлекеттин кадр саясатындагы соңку дайындоолор боюнча "Азаттык" менен ой-пикир бөлүштү.

- Кечээ Бакыт Төрөбаев Чукул кырдаалдар министри болуп кетти. Башкаруу системасындагы реформаларга ылайык, Жогорку Кеңештеги кадрдык өзгөрүүлөр кандай жүрүп жатат?

- Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаал министрлигине барганы эң туура болду дейм. Анткени, биринчиден жаш. Экинчиден, экономиканы, бюджетти билген жигит. Мен ойлойм, жакшынакай иштеп, өз ишин жакшынакай көрсөтөт болуш керек деп. Ишине ийгилик каалайм.

Дегеле азыркы өкмөттү алсак, мурдагы депутаттардан 5-6 бар. Мисалы ошол эле премьер-министр мурдагы депутат болгон. Каржы министри Марат Султанов, Акматбек Келдибеков, Оштун мэри Мелис Мырзакматов депутат болгон. Депутаттардын бийлик органдарына барышы бир чети туура.

Анткени бул жакта дагы депутаттардын иштөөсүн билет, анан эң негизгиси элдин көйгөйүн жакшы түшүнөт, билет. Ошондуктан жоопкерчилик болот да. Ошондон улам Бакыттын ал жакка барганы туура деп ойлойм.

Жалаң эле Бакыт эмес, кийин деле депутаттардын арасынан министр болуп барса, менимче уят кылбай жакшылап иштеп берет болуш керек деп ойлойм.

- Баткен облусунун губернаторлугуна Жогорку Кеңештен барат экен, болгондо да парламенттин төрагасы Айтибай Тагаевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө деген имиштер айтылууда. Эгерде төрага алмашса, анын ордуна кимдер татыктуу деп ойлойсуз?

- Мен андайды укпаптырмын. Бирок бүгүнкү күндөгү “Ак жол” фракциясынын күн тартибин кечээ бизге таркаткан, андай маселе жок. Эми андай маселе болуп калса... эмнеге болбосун болот болуш керек. Анткени жаңы эле айттык Бакыт Төрөбаевди, эми төрага деле губернатор болсо жарашат менимче, тажрыйба бар, ал жактын койгөйүн жакшы түшүнөт, көп жылдан бери иштеген, ал жакты жакшы билет. Ошондон улам барса менин оюмча элдин көйгөйүн түшүнүп жакшы иштеп берет деп ойлойм.

Ал эми жалаң эле губернатор эмес, жогоруда айттык го башка кызматтарга деле депутаттар барса болот. Ал эми бизде төраганын ордуна бул жактан вице-спикерлердин арасынан эле тандап коюп койсо, менин оюмча туура болот. Спикердин жумушун жакындан билет, күнүгө иштеп жүргөн жумуш. Анан кийин вице-спикерлердин арасында дагы эки жолку депутат болгон, эки жолу вице-спикер болгон депутаттар бар. Мисалы Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Исабеков, мына ошолор жакындан билет жумушту.

Алардын ичинен көбүнчө тажрыйбасы көп Кубанычбек Сатындиевич болуш керек. Анын элде дагы кадыр баркы бар. Эки депутат болуп көп иштерди кылды. Кумтөр боюнча канча соттошуп жүрүп канчалаган акчаларды бюджетке түшүрдү. Биздин дагы 70-жылдыкты жакшы өткөрдү чуркап жүрүп акча жок болсо дагы.

Менин оюмча , Кубанычбек Сатындиевичти коюп койсо жакшы эле болот болуш керек деп ойлойм. Анан чет өлкөдөн келген министр болобу, депутат болобу, премьер болобу, ошону да өз деңгээлинде кабыл алып, өз деңгээлинде сүйлөшөт деп ойлойм.

- Жогорку Кеңештин өзүндө өзгөрүүлөр болгондо, андагы социал-демократтар фракциясына комитет жетекчилиги тийбей калган эле. Буга кандай карайсыз?

- Комитетти биз бекитип атканда Социал-демократтарга бюджеттик каржылоо боюнча комитеттин орунбасарлыгын бергенбиз Асылбек Жээнбековго. Кийин өздөрү тиги жерден чыгып алып кетип калышты. Ошону менен андан да айрылып калышты. Менин оюмча ошонусу туура эмес болуп калды.

Ошол жерден чыкпай, кетпей эле, бирин билим берүү тармагына, бирин саламаттыкты сактоо жагына орун басар болсо дагы иштей берсе жакшы болмок да. Менин оюмча депутат болгондон кийин жалаң эле жетекчи болуш керек эмес, жөнөкөй депутат болуп туруп жетекчиден чоң иш кылып койсоң болот. Менин оюмча ал өзүнүн ишетегенинен, эмгегинен, аракетинен болот болуш керек.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG