Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Бермет Акаева шайлоого барбайт, бирок оппозицияда болот


Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева атасынан кол тийбестик укугун алган Убактылуу өкмөттү айыптап, Кыргызстанды сабатсыз адамдар башкарууда деп сындады. Ал мындан ары азыркы бийликтин саясатына каршы туруп, оппозициянын катарында болоорун да жарыя кылды.


"Күлкүлүү декрет"


Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев парламенттин макулдугусуз эле декрет кабыл алып, кол тийбестик макамынан ажыратканы үчүн мыйзам одоно бузулду деп Убактылуу өкмөттү кескин сынга алууда. Өзү Москвада туруп алып маалымат каражаттарына интервью берип, ал эми кызы Бермет Акаева учурда атасынын таламын талашып, жактоочу жалдап Кыргызстанда жүрөт. Ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, кол тийбестик укугунан ажыраткан декрет Орусиядагы бир катар адистерди таңгалдырганын айтат:

- Бул декрет жазылган кагазды окугандардын баары аргасыз күлүп жатышат. Көп адамдар “Укук факультетинде биринчи курста окуган студенттер да мындай сабатсыз жазышпайт” деп айтышты. Ушунчалык сабатсыз жазылган, бул биздин өлкө үчүн уят. Бизди кимдер башкарып жатканын көргүлө.

Экс-президенттин кызы учурда Кыргызстанды билимсиз, мыйзамды сыйлабаган адамдар башкарып жатканын айтып, “бардык саясий күчтөрдү жана коомчулукту сабатсыз бийлик менен күрөшүүгө чакырам,- деди.

"Акаев ак эмес!"

Анткен менен вице-премьер министр Азимбек Бекназаров Аскар Акаевди Үзөңгү-Куушту, Каркыраны саткан жана бийликти таштап качкан деп айыптап, ыңкылаптан кийин келген бийлик мурдагы эки президентти тең жазага тартууну көздөйт дейт:

- Аксы окуясы боюнча президент А. Акаев, К. Бакиев апрель окуясы боюнча кандай жооп бериш керек болсо, ошондой жоопкерчилик тартышы керек. Экинчиден Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелерине ошол Акаевдин учурунда кол коюлган. Аны унутпашыбыз керек. Мамлекеттин башкы кол башчысынын элин ташап качып кеткендигинин өзү кылмыш иши деп эсептелинет. Эки президент тең качып кетишти. Экөөнө бирдей жоопкерчилик болушу керек бул жагдай боюнча,-деди Азимбек Бекназаров.

Аскар Акаевдин өзү жана үй-бүлөсү мындай декретти кабыл алынышын Азимбек Бекназаровдун “кезектеги популисттик кадамы” деп баалашты.

Журналист Адилет Айтикеев Акаевди күнөөсү жок дегенге кошулбайт, бирок анын кол тийбестигинин алынышы мыйзамсыз болду деген дооматтарды колдойт:

-Бул жеке адамдын амбициясынан келип чыккан маселе. Менин билишимче бул боюнча өкмөттө атайын отурум болуп колдоого алынган эмес. Бирок эптеп кол койдуруп чечим чыгарышты. Булар деле Бакиевдин жолун жолдоп, өкүмзордукка барып жатышат. Бул жаатта Бермет Акаеванын айткандарын толугу менен колдойм.

Ошентип дээрлик беш жылдан бери Москвада күн кечирип, экинчи ыңкылаптан соң мекенине келүүнү максат кылып жаткан экс- президент Аскар Акаев кол тийбестигинен ажырап, бул чечимди эл аралык сотко берип болсо да жокко чыгарууну көздөөдө. Ал эми кызы Бермет Акаева азыркы бийликти мыйзамсыз деп атап, өзүн убактылууларга оппозициямын деп жарыялады.

-Мен эч бир саясий күчкө кошулбайм, бирок убактылуу өкмөткө оппозициямын.

Бермет Акаева Убактылуу бийликти “Кыргызстанды бир жарым жыл ичинде туңгуюка кептейт” деп сын тагып, мыйзамды сыйлабаган өкмөттү колдоого болбостугун айтты. Ал ошол эле убакта өлкө жакырчылыка жана паракорлука кептелгени үчүн өз атасын кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү деп билет, бирок Аскар Акаев соңку эки бийликтен тең кыйла эле бийик турат деген түшүнүктө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG