Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

МАМЛЕКЕТ ӨЗ ЖАРАНДАРЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛА АЛБАЙ КАЛДЫБЫ?


Көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшү журналисттик кесиптин кооптуулугун дагы бир ирет тастыктады. Мамлекет журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тезинен чечкиндүү чара көрүүсү зарыл, деп билдирди Медиаөкүл иниститутунун директору Илим Карыпбеков. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакеев болсо журналисттердин укугун коргоо боюнча бийлик бардык аракеттерди көрөрүн “Азаттыкка” билдирди.

Алишер Саиповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү туурадуу өлкө башчысы Курманбек Бакиев кабардар болуп, окуянын чоо жайын жеринде иликтеп, чечкиндүү чара көрүүнү талап кылып президенттин администрациясынын Коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Өмүрбек Субаналиевди Ошко жөнөттү, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев. Анын айтымында журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бийлик бардык аракеттерди көрөт.

-Бул маселе боюнча биз сырттан карап кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Азыр биз журналисттердин коопсуздугу боюнча, аларды сабап кетүү, атып кетүүлөрдүн алдын алууга жана аларды коргоо боюнча бир топ маселелер каралып атат.

Медиаөкүл иниститутунун директору Илим Карыпбеков буга чейин бир нече ирет коомчулукка, бийликке журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берүүнү сурап кайрылган. Бирок ушул күнгө чейин бийлик журналисттерди курал катары гана пайдаланып келатат.

-Биздин бийликке айткан сөздөрүбүз, биздин кайрылуубуздун баары “ташка чапкандай” эле кала берди.Мен буга чейин эле айтып келгем бийликтин журналисттерге болгон мамилеси түкүрүндү мамиле, көңүлсүз мамиле, деп. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналисттерди бийлик курал катары пайдаланып келатат.Ал эми аларды коргоо жагын таптакыр таштап койгон.

Карыпбеков белгилегендей буга чейин Кыргызстанда бир нече журналисттерди сабап кетүү, коркутуу сыяктуу көрүнүштөр болуп келген. Саиповдун өлүмү журналисттик кесиптин кооптуулугун дагы бир ирет тастыктады дейт, Карыпбеков.

Ал эми “Кылым шамы” укуктук уюмдун жетекчиси Азиза Абдырасулова маркум Алишер Саиповду беш-алты жылдан бери жакшы таанырын, Аксы окуясы боюнча Саипов эл аралык маалымат кызматтарына так, айдан-ачык маалыматтарды убагында берип турганын эскерди. Анын айтымында, бийлик журналисттерди эле эмес жалпы атуулдарынын коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл.

-Алишер Саиповду атып өлтүрүп кетиши абдан чоң кайгы. Айрыкча президент тарабынан, укук коргоо органдары, өкмөт тарабынан өтө чоң кооптонууну жаратышы керек. Саиповдун өлтүрүлүшүн мамлекет өзүнүн атуулдарынын коопсуздугун камсыз кыла албай жатканы катары, мамлекет өз милдетин аткара албай жатат, деп баалайм.

“Ак шумкар” партиясынын теңтөрагасы Кубатбек Байболов журналисттин атып өлтүрүлүшү, бийлик тарабынан сөз эркиндигине карата жасаган кысымынын уландысы катары эсептейт.

Маркум Алишер Саипов “Америка добушу” радиостанциясы менен кызматташып жаткан, андан мурда "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус кызматында дагы кабарчы болуп эмгектенген. Ал өзбек тилиндеги “Сиёсат” (Саясат) гезитин негиздеген. Алишер бар болгону 26 жашта болчу. Аны 24-октябрда Оштогу Апсамат Масалиев атындагы көчөнүн №66-үйдүн жанынан кечки саат жетилерде белгисиз адамдар атып кетишкен.
XS
SM
MD
LG