Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Болот Шамшиев: Башкы ой-максатым - "Манасты" тартуу


Болот Шамшиев "Азаттык үналгысынын" бИшкектеги бюросунун кеңсесинде. 2009-жылдын 27-февралы.

Болот Шамшиев "Азаттык үналгысынын" бИшкектеги бюросунун кеңсесинде. 2009-жылдын 27-февралы.

Кыргыздын атактуу кинорежиссеру, таанымал өнөрпоз Болот Шамшиев бул күндөрү Би-Би-Си корпорациясынын чакыруусу менен Лондондо жүрөт. Ал Би-Би-Си Борбордук Азия кызматынын 15 жылдык мааракесине байланыштуу салтанаттарга да катышты. Кабарчыбыз режиссерду телефондон кепке тартып, Европадагы сапары кандай өтүп жатканы, алдыдагы чыгармачылык максаты тууралуу маектешкен.

- Болот агай, сиз Европаны кыдырып жүрүптүрсүз, кандай максат менен, эмне иштер менен келип калдыңыз?

- Мени чакырды, бул жакта чоң майрам болуп атат, Би-Би-Синин Борбор Азия жана Кавказ кызматынын 15 жылдык юбилейи, ошого келдим. Бул жакка бир топ жакшы адамдар, жазуучулар Азербайжандан, Өзбекстандан келишти. Казакстандан Олжас Сулейменов келем деген болчу, бирок учпай калды. Анын себеби азыр кыш, бороон, Франциядан учуп келе албай калды.

- Чыгармачылык майданда кандай иштер менен алек болуп атасыз? “Курманбек” эпосу боюнча, дагы “Жаңгак токоюнун элеси” деп аталабы, ушундай бир кинолор тартылат жакында деген кабарлар тарады эле?

- Биз азыр токтоп турабыз. Себеби кичине техникалык проблема чыгып, мен тарта албай калдым. Биздин студиянын техникалык абалы начар, ал эмес камера жок. Ошондуктан азыр өкмөтүбүз акча бөлдүрүп атат. Жакында мен Лос-Анжелеске учуп барам, ошол жактан жаңы камераны алып келем, анан баштайбыз. Биз фильмдин үчтөн бир бөлүгүн тарттык.

- Курманбек боюнчабы?

- Жок, Курманбек эмес, “Жаңгак токойдун арбактары”.

- Ал Мурза Гапаровдун китеби боюнча эмеспи?

- Жок, мен жазган “Джихат” деген роман боюнча, ошонун биринчи китеби - “Жаңгак токойдун арбактары”. Экинчи китеп - “Золотой талисман Алайских царей”. Триллер элементери катышкан кылмыштуу окуя.

Биздин кыргыз кинокөрүүчүлөр кинотеатрга барбай калды. Ошондуктан кайра чакырыш керек аларды. Биз “Бөрү зынданды” тартканда бир айдын ичинде 150 миң адам келип көргөн болчу. Ошондуктан ойлоп атабыз, жанрдык ар түрдүүлүк болуш керек деп.

Азыр биз жаңы тасма тартууга кириштик. “Курманбек баатыр” андан кийин болот. Ошондой эле америкалыктар менен биргелешип, “Танго сүйүүсү” деген жаңы чоң сценарий жаздым, ошону менен азыр алек болуп жүрөм. Январь айында Лос-Анжелеске барып, өнөктөштөрүм менен сүйлөшөм.

- Сиз “Бөрү зындан” тасмаңызда тарыхта так болуп калган, ачык айтылбаган фактыларды ачып көрсөткөнү үчүн элдин чоң кызыгуусу болгон. Азыр “Жаңгак токойдун арбактары” тасмаңызда да кандайдыр бир коомчулукка ачык айтылбаган, жашыруун калган маалыматтар сыяктуу окуялар болобу?

- Мен ойлоп атам, бар. Себеби, адам башында түркүн тагдыр бар экен, биздин коомубузда көп процесстер өтүп атат дегендей. Экинчи бөлүмү Чыгыш Памир, баңгизат жолу, куралдуу топтордун келип чыгышы жөнүндө. Бул адамдын психологиясы жөнүндө болот, биз кантип тынч жашоодон согушка өтүп кетип жатабыз.

- Болот ага, сиз кыргыз киносу материалдык жактан абдан кыйын абалда турат, кино тартууга мүмкүн болбой калды дээрлик деп атасыз. Бирок ошого карабастан Темир Бирназаров, Эрнст Абдыжапаров, Актан Арымдар кичирээк болсо дагы кино тартып, ар кайсы фестивалдарга катышып, байгелерди жеңип келип атышат. Деги кыргыз киносунда ушундай агым жүрүп атат, жаңы таланттар келаткандай да. Сизге кандай сезилет?

- Бул баягы жаш кинонун мектеби. Ал да керек. Бирок мен жаңы режиссер эмесмин да. Мен көнүп калгам чоң киного.

- Башка коңшулаш өлкөлөрдөгү кино өндүрүшүнүн өнүгүшүсүндө аларда бизден айырмалуу кандай нерселер болуп атат. Мисалы Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда биздегидей абалда болуп атабы, же өнүгүп атабы? Аларга байкоо жүргүзүп атасызбы?

- Жок, аларда башка абал. Себеби казактар бай, Назарбаев абдан көп акча бөлөт, 100 млн. доллар азыр казак киносунун өнүгүшүнө жумшалууда. Сегиз чоң долбоор бар, алардын баары миллиондогон доллар. Менин проблемам Казакстан үчүн түккө турбайт. Мустафа Чокай деген киного үч жарым млн доллар бөлүндү. Бизге болсо азыр “Жаңгак токойдун арбактарына” 350 миң доллар керек.

- Ошол 350 миң доллар табылдыбы, бөлүндүбү сиздин киноңузду тартканга?

- Али жок, 50 миң доллар берди. Ага эмне жасамак элем. Мени кечирип коюшсун, бирок мен жаш бала эмесмин.

-Кыргыз киносунун атагы Советтер Союзунун аймагында жакшы эле тараган. Азыр деле Казакстанда, Өзбекстанда иштегендер айтып калышат кыргыз киносу жакшы салты бар, тарыхы, маданияты бар мектеп эле деп. Ошол салтты акыры бир күнү кайра улантып кете алабызбы?

- Совет заманында Москва бөлчү эмес, казактарга көбүрөк акчаны беребиз, кыргыздарга азыраак деген саясат жок болчу. Эгерде жакшы режиссер чыкса, мына мен чыктымбы, “Бөрү зынданды” тартканга мага бир млн. доллар берген болчу. Ошол кезде бул абдан чоң акча болчу.

Бирок азыр биз Орусия менен жакшы иштеп келатабыз, өз ара кызматташтык жөнүндө өкмөт аралык келишимге кол коюштук. Мен Михалков менен жолугушкам, сүйлөшкөм. Алар биргелешип иштейли, биз кыргыз киночуларга жардам берели деп айтып жатышат. Чокморовдун эстелигин тургузууга акча берели деп атат. Биздин Маданият министрлиги бир тыйын акча бөлө албайт Чокморовдун эстелигине.

- Европада кызыгуу барбы. Мисалы сиз аябай жакшы сценарий жазып, дүйнөгө көрсөтө турган кино тартат элек деген сунуш менен чыксаңыз, Европада колдой турган кишилер табылабы?

- Табылат. Бирок бизди кичине унутуп калды да Европа. Европа азыр башка маселе менен алек. Кытай менен Индия, ушул эки чоң өлкө менен биз биригип иштесек жакшы болмок. Себеби Ысык-Көл кинофестивалын биз дал ушул көз караштан, улуу кинодержаваларды Ысык-Көлдө чогулталы деген максат менен уюштурганбыз.

- Эң башкы ой-кыялыңызда эмне, Курманбекти тартайын дейсизби, же дагы башкалар барбы?

Менин
жашоодогу башкы кыялым-тилегим - “Манасты” тартуу.
- Биринчи “Жаңгак токойдун арбактары”, анан “Сүйүү тангосу”, анан “Курманбек”, анан “Манас”. Эң негизгиси “Манас”. Мына Джеймс Камерон “Аватарды” тартты, бул анын жашоодогу кыялы болчу, ал бул ишке 400 млн доллар жумшады. А “Манасты” тартыш үчүн сом менен андан азыраак эле каражат жетмек. Бирок Камерон сыяктуу эле менин дагы жашоодогу башкы кыялым-тилегим - “Манасты” тартуу”.

- Сценарий барбы?

- Сценарийди жазабыз, биздин адамдар көп. Керек болсо 10, керек болсо 20 кишини чакырабыз. Баары отуруп жазсын биригип, жалпы элдик фильм болсун.

- Рахмат чоң! Ден-соолугуңуз чын болсун, жаны жыл сизге ийгиликтерди алып келсин!

Тасмада: "Кыргыз керемети": Кечээ, бүгүн, эртең

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз киносунун бүгүнкү абалына арналды. Назарыңыздарга ошол берүүгө кирген баянды сунуш кылабыз. SA.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG