Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:39

Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча мамлекеттик деңгээлде татыктуу чечимдер болбой жатканы, Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп жаткан тоолордо боло турган жардыруулар, журналисттердин жана саясатчылардын сабалышы, энергетикалык кризис элди бушайман ойго салган маселелер болуп жатат.

Чыңгыз Айтматовдун баркына жетпедикпи?

Кыргыз коомчулугу 12-декабрда Кыргыз эл жазуучусу, залкар инсан Чыңгыз Айтматовдун 81 жылдыгын белгиледи. Таластык жердештери Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтырууда өкмөттүк деңгээлде иш-аракеттер көрүлбөй жатканына нааразылык билдиришти.

Нусуп Бектенов, Талас шаарынын тургуну :

Бир Чыңгыз Айтматов агабызга абдан карыз болдук. Бийлик анын баркын, даңкын билбей, ашын деле дүйнөлүк масштабды мындай кой, республикалык деңгээлде өткөрө алган жок. Аттиң, арман.
- Чынында кыргызды дүйнөгө тааныткан Кыргыз Эл Баатыры, залкар инсан, даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматовдой кыргыз элине кызмат кылган, даңазалаган ким бар?! Анын деле пендечилик кылганын айтып, басма сөзгө жазып, жалпы коомчулукка жарыя кылып, сынга алып жүрөбүз. Убагында алыста жүрүп, туугандарынын жакшылыгына же жаманчылыгына келбей калган учуру болгондур. Мындай залкар улуу инсанды көзү тирүүсүндө деле, көзү өткөндө деле барктап, баалай албадык. Кыргызды дүйнөгө таанытканын, кыргыздын каада-салтын, тарыхын, улут, эл катары касиетин, адамдык парасатын көрсөткөн эмгеги эле Ала-Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй залкар. Башка улуттарда мындай залкар инсандарын даңаза кылып, атын түбөлүккө калтырып, улуттук баатыр катары урмат-сый көрсөтөт экен. Бир Чыңгыз Айтматов агабызга абдан карыз болдук. Бийлик анын баркын, даңкын билбей ашын деле дүйнөлүк масштабды мындай кой, республикалык деңгээлде өткөрө алган жок. Аттиң, арман...

Соотбек Токтогазиев, Талас районундагы Кара-Суу айылынын тургуну:

- Биздин Талас облусунун борбору башка өлкөлөрдүн шаарларынын катарында бир кичине кыштак эле болуп калат. Анан ушул Таластын бир чолок көчөлөрүнө дүйнөлүк масштабдагы залкар-ойчул жазуусу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгарып же анын ысымы жазылган темир такталарды тага албагандыктан, бул жорукту башкалар шылдың катары кабыл алышы мүмкүн. Таластын же башка облустардын айыл-кыштактарынын баткак көчөлөрүнө Кыргыз эл жазуучусу, улут сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү жарашпайт. Андай эле эл өкүлдөрү, парламент кыйын экен, Бишкектеги төрт райондун бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарса дурус эрдик болбойт беле?! Себеби Кыргызстандын борбору Бишкекте төрт райондун аты тең орустун, совет доорунда коюлган аты менен жүрөт. Чет элден келгендер деле муну байкап, кыргыздын дале бечел экенин, орустардын көзүн карап, жалтаң болуп турганын көрүп баш чайкап турса керек.

Ээ кокуй, орус драм театрына атын берип коюу менен чектелип калганыбыз өтө уят иш. Орустар деле кыргыздар Чыңгыз Айтматовду баалап, барктай албагандыктан орус драма театрына ысымын биз бердик деп намыска тийбейби?!
Мисалы, Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май району деген аттарды дале 17-18 жылдан бери колдонуп, намыстанбаган эгемен алдык деп, дүйнөгө жар салып, өзүнчө мамлекет болдук, туубуз, гербибиз бар деп мактанган кыргыз эли үчүн өтө эле уят иш. Жок дегенде кыргыз эли үчүн эч нерсе кылып бербеген Свердловдун ордуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарып койсо дүйнө эли, коомчулук алдында жүзүбүз жарык болбойт беле?!

Же баш калаабыздагы борбордук Биринчи Май районунун атын которуп, аны Чыңгыз Айтматов району деп атап алууга биздин акыбыз жокпу?! Чыңгыз ага да көп жылдар ушул Биринчи Май районунун аймагында жашап, иштеп, кыргызды дүйнөгө тааныткан чыгармаларын жараткан. Же Биринчи Май биздин улуттук салтыбыз, элдик майрамыбыз, тарыхыбыз болсо бир жөн эле. Чыңгыз аганын алдында Биринчи май майрамы шоона эшпеген окуя да.

Ээ кокуй, орус драм театрына атын берип коюу менен чектелип калганыбыз өтө уят иш. Орустар деле кыргыздар Чыңгыз Айтматовду баалап, барктай албагандыктан орус драма театрына ысымын биз бердик деп намыска тийбейби?! Учурдагы бийлик тез арада бул маселени карап, катачылыктарды оңдоого аракет кыларына күмөнүм бар. Мунун жалпы кыргыз эли көтөрүп, талап кылууга акысы бар деп ойлойм.

Фатима, Бакай-Ата районунан:

- Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ашы туулуп өскөн Шекер айылында белгиленди. Ал айыл бизден алыс болгондуктан, агайдын ашына чоңдор, чиновниктер гана барып, карапайым калк барууга чамасы да жеткен жок. Республикалык масштабда 81 жылдыгы белгиленсе болмок. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмалар көрсөтүлүп, фестивалдар, эскерүү кечелери уюштурулса дурус болмок. Аны маданият агенттиги кылган жок. Анан дагы ушундай кыргыз элинин патриот уулу, кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар ойчул инсандын уул-кыздары анын жолун уланта албай калганы абдан өкүндүрөт. Себеби теле көрсөтүүдөн көрүп, радиодон угуп, маалымат каражаттарынан билгендей уул-кыздары ата салтын улантмак тургай, кыргызча дурус сүйлөй албаганы абдан капа кылат. Орусча сүйлөп, кыргыз салтын, наркын билбей калышканы абдан уят, намыска тийчү жорук.

"Азаттыктын" архивинен: Чыңгыз Айтматовду эскерүү



Жалалабаддыктар Камбар- Ата 2 ГЭСинде болчу жардырууга кабатыр

Облустун көпчүлүк жарандары 22-декабрда боло турган Камбар-Ата гидро түйүнүндөгү жардырууга кайдыгер экени жана өкмөт таратып келаткан маалыматтар менен гана кабардар экени сурамжылоодон улам билинди.

“Азаттыктын” Жалал-Абад обулусундагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов пикирлешкен адамдар ГЭСтеги жардыруу кыйла кооптуу болоорун белгилешти.

Токтогул районунан Салават Аликеев :

- Камбар-Ата ГЭСинин жардыруусу анын жанында турган Кара-Жыгач айлына таасир тийгизүүсү мүмкүн. 700дөй үй-бүлө жашайт ал жерде. Ким билет эми, жардыруу жер үстүндө болот деп бир айтышат. Жардыруудан кийин 8-9 балл жер титиресе, кесепети тийбей коймок беле? Ошо айылдагылар пикетке чыгабыз деп чогулуп жүрүштү эле айыл өкмөтү алдап, басып коюптур. Айылдагыларды көчүргөнгө адамдар жүргөнсүйт. Кечээ жакында Токтогул ГЭСинде авария болду деп, жарыкты улам өчүртүп, кыйнап жатышат, элди.

Бул пикирге карата губернатордун 1-орунбасары Турдуназир Бекбоевдин жообу мындай болду:

-Камбар-Ата ГЭСин жардыруу 20-22-декабрь күндөрүнө болжолдонгон. Алар жерде атайын штаб иштеп жатат. ГЭСке бир жарым-эки чакырым жакын турган Кара-Жыгач айлында 2600 адам жашайт. Алдын ала изилдегенде 2 үй жараксыз деп табылган. Аларды көчүрүүгө чатыр жагынан камсыз кылуу Өзгөчө кырдаал министрлигине тапшырылган. Адамдар үчүн ошо кыштактан 600 метр жогору турган жакка чатырлар тигилип, тамак-аш уюштурулат. Тамак-аш Нарын ГЭС каскадынын эсебинен болот. Чатырга жагуу үчүн зарыл болгон бир машина көмүрдү Таш-Көмүр мэриясы кечээ машина менен жеткирип берди. Коопсуздук жагы эске алынган. Жардыруудан кийин кандайдыр бир кокустук болсо, мамлекет жардам берет. Биз жолугушканда түшүнбөгөн адамдар болду. Аларга түшүндүргөндөн кийин “кылымдын курулушу болот экен, бүтсө өзүбүздүн балдарга жумуш табылат экен” дешип, аксакалдар бата беришти. Пикет болот деген сөз айтылбады эл чогулганда.

Базар-Коргон районунун тургуну Төрөкан Алимов:

- Калкты кыш күрөөдө үй-жайынан айдап чыккан жакшы эмес. Эл арасында күйүүчү май, электр жарык акыларынын кымбаттаганына нааразы болгондор бар. Жарыктын түнкүсүн өчкөндүгүнөн ким да болсо жабыркап жатат.

Жардыруу боюнча кооптонууга негиз жок

Жалал-Абаддыктарды кооптондуруп турган жардыруулар, анын натыйжасында боло турган жер титирөөнүн күчү, кубаты тууралуу Сейсмология инситутунун жетекчиси Канат Абдрахматов “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

- Камбар-Ата ГЭСин жардыруу 20-22-декабрь күндөрүнө болжолдонуп, даярдыктар бүтүп калды. Ал жерде атайын штаб түзүлүп, жардыруу иштерине камылгалар көрүлүп жатат. Жергиликтүү калк кооптонгондой укмуштай жер силкинүү, жер титирөө болбойт. Себеби мен адис катары түшүндүрүп, айтып кетейин. 7-8 баллдык жер титирөөлөр жердин алдында 15-20 километр тереңдиктен башталып, ушундай күчкө жетет. Ал эми Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу үчүн тоону жардыруу ыкмасы жердин үстүнкү бетинде болот.

Эпицентринде 7-8 баллга барабар болгону менен бүт энергия абага, асманга кетип, бир жарым-эки чакырым жакын турган Кара-Жыгач айлына 3-4 баллдык гана силкинүүсү байкалып, сезилет. Бул башка табигый жер титирөөгө салыштырмалуу эң эле кичинекей силкинүү десеп болот. Мындай силкинүүдө эч кандай жаракалар болбойт. Жардыруудан алыс 4 чакырым жерде силкинүү 3 баллга барабар болот.

Мисалы, Токтогул ГЭСинин жанында силкинүүлөр 2 баллга жетип-жетпейт. Жардыргыч заттардан чыккан чаң, жыт дагы абага тарап, элге зыяны тийбейт. ГЭС куруудагы мындай ыкма биздин өлкөдө биринчи ирет болуп жаткандыктан эл түшүнүп, түшүнбөй эле ар кандай имиштерди таратып жатат. Коопсуздукту сактоо максатында жергиликтүү калкты айылдан алыс жерге көчүрүү, аларды тамак-ашы жана жылуу чатырлар жагынан камсыз кылуу Өзгөчө кырдаал министрлигине тапшырылган. Ошондуктан жергиликтүү элге айтарым: кооптонууга эч кандай негиз жок. Ушак-айың, имиштерге ишенбей тынч болгула. Катуу жер титирөө болбойт. Бул максатта атайын жардыргыч материалдарды пайдаланабыз.

Сабалган саясатчы, журналист. Жарыгы өчкөн калк. Бишкекте биттегендер

Жакында эле белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалган Коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Болот Жанузаков менен журналист Александр Князев тууралуу коомчулукта түрдүү кайчы пикирлер да айтылууда. Мындан сырткары өлкө аймагындагы электр жарыгынын өчүрүлүшү, жылуулук берүү көйгөйлөрү, баалардын жогорулашы тууралуу кабатыр болгон пикирлер бар.

Апас Мамытов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Болот Жанузаков экс-президент Аскар Акаевдин доорунда далай оппозиция өкүлдөрүн куугунтукка алып, Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоп, сотко чейин сүйрөгөн. Өзүнө жакын кармаган, аны жек көргөн да адамдар болду. Мүмкүн ошолордун кедергиси тийип, балким учурунда ага кол тийгис болуп турганда өчүн алалбай калгандар кылгандырдын эми колу жетип жаткандыр.

Ал эми Александр Князев Борбор Азия боюнча саясат таануучу, журналист. Анын макалаларында же теле-радиодон чыгып сүйлөгөн учурларында андан “мен кыргызстандыкмын” деген нотаны сезбейм. Бизге өйдөтөн карагандай, Кыргызстанды шылдыңдап, кемсинткендей маанайдагы макалалары бар. Ал макалаларында калыстык, ортомчулук маанай жок, андан кыргыздарды басынткан, кемсинткен ойлорун, пикирлерин мен дагы окуп, байкагам. Өлүм жазасына мораторий жасап, демократиялуу, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киребиз деген далалаттардын фонунда мындай сабоо, коркутуулар үрөй учурган өтө жапайы көрүнүш болуп жатат.

Тентимиш Акматов:

- Саясый куугунтуктоолор көбөйүүдө. Далай журналисттер, саясатчылар, оппозициячылар чет өлкөлөргө башпаанек сурап кетишти. Атып кеткендер, сабалгандар, тоноолор көп болууда. Мындай көрүнүштөн эл чочуп, таңгалып, эртеңки күн кандай болот деп кооптонуп да турат. Баалардын өсүшү да кабатыр кылууда. Деги эл кайда барат?

Манас Осмон, “Апта” гезитинин башкы редактору:

- Мени өтө кабатыр кылып турган көйгөй - ГЭСтердин жана электр, энергия тармагынын жеке менчикке өткөнү жатышы. Бул бийлик жергиликтүү ишкерлерге, фирмаларга эч убакта тендерге катышууга жол бербейт. Алар сырткы күчтөрдүн баскысы астында бийликтин эле башындагы “бирөөлөр” менчиктеп алышат. Андан дагы бир маселе - Кыргызстан тышкы саясатта көп катачылыктарды кетирип, тышкы саясатта бар, же жок экени билинбей жатышы да өкүндүрөт.

Гүлсина Өмүрбекова:

- Кантип кыргыз болуп, сакталып калуунун жолун кечээ жакында эле Манас бабабыздын кырк чоросунун бири - Жайсаң Үмөт уулунун “Айкөл Манас” дастанын он томдук кылып, жараткандын амири менен Бүбү Мариямдын колу менен жаздырып, “Бийиктик” басмасынан чыгарып, элге тартуулап койду. Кыргыздын ким экендиги, кандай калк болгону, салт-санаасы, үрп-адаты, улут катары касиети, дүйнө таанымы, акыл-дарамети, адамкерчилик сапаттары, кулк-мүнөзү, баары ушул дастанда толуп чагылдырылып, кеңири философиялык ойлор менен берилип жатат. Дал ошол он томдукта берилгендей жолго түшүү үчүн Жайсаң Үмөт уулунун “Айкөл Манас” дастанын окуу китеби катары талдоого алып, жогорку окуу жайларга жана мектептерге окуу программасына киргизүү менен кийинки муундарды Манас духу, руху менен гана тарбиялообуз керек.

Догуркан Турдиева:

- Бишкек шаарындагы Москва көчөсү-51 үйдүн жашоочулары атынан “Азаттыктын” “Эл үнү” берүүсүнө кайрылып жатам. Себеби биз жылуулук боюнча карыздарды бүт төлөп бүткөнбүз. Бирок булар бир шылтоо таап, бизди жылуулуктан кыркып салуу үчүн жылуулук бербештин амалы кылып жатат. Бизди аябай убара кылып жатышат. Бизге 15-ноябрда эле жылуулук бериши керек болчу. Биз алардын бардык талаптарын аткарып, милдеттүү түрдө аткаруучу иштерди бүтүрүп, кагаздарын бердик эле. Ушул маселени, биздин үнүбүздү президент Курманбек Бакиевге чейин жеткирип койсоңуздар дейбиз. Себеби бир айга чукул убакыттан бери убара болуп, маселе чечилбей, үнүбүздү эч ким укпай жатат.

Асылкан: - Бизге жылуулук бербей, кийимчен жатып, тоңуп калдык. Ушул жетишкен заманда биттеп өлмөк болдук. Айрыкча жаш төрөгөн келиниме убал болду. Же наристенин жалаяктарын жууп, кургата албайт. Же аны киринтип, жуунта албай кыйналып жатат. Оорукчал тургундардын убалы кимге? Деги бул маселени чечип, жылуулук берчү жетекчи барбы?

Нурлан: -Жарыкты эрте өчүрүп, кеч күйгүзүп жатышат. Мына, жаңы конуш “Калыс ордодо” таңкы саат алтыдан кийин электр жарыгын беришүүдө. Окууга баруучу балдарга кыйын эле болууда. Ал түгүл күндүз деле электр жарыгын көп убакыт өчүрүп жатышат. Бишкектин айланасында ушундай болуп жатса, алыскы айыл-кыштактарда жарык берүү чоң көйгөй болуп жатса керек.

Оңолбек Батырканов: - Баалар күндөн күнгө көтөрүлүп жатат. Коммуналдык төлөмдөрдү да кымбаттатып жатышат. Электр жарыгы үчүн да баа жаңы жылдан баштап жогорулаганы турат. 1-2 миң сом пенсия алган кары-картаңдарды бул бийлик кыйнап бүттү. Минтип олтурса, оппозициясыз эле эл-журт өзү эле нааразычылык акцияларын уюштуруп, бийликке каршы көтөрүлүп чыгат.

Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн концепциясы жок

Эл үнү” берүүбүзгө Нарын облусунун мурдакы губернатору Кемелбек Ашыралиев да кайрылып, өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүүдө өкмөттүн концепциясы жоктугун, жайлоо-кыштоолорго бара турган жолдор жоголгондуктан төө жаныбарын өстүрүү, көбөйтүү маселесин көтөрдү.

Кемелбек Ашыралиев: - Баягы Кеңеш доорунда курулган, салынган жайлоо-кыштоолорго чейинки жолдорду суу, жаан жеп жүрүүгө жарабай калды. Алыскы жайлоолорго эл жетпей калгандыктан айылдын четиндеги автоунаа жете алган жайыттарга гана мал жайлап, күздөп, кыштап жатып, көп жерди деградациялап, жайыттардын абалы өтө жаман болуп кетти.

Ошондуктан алыскы жайлоо-кыштоого каттоо үчүн төө керек. Эгерде сенде бир төө болсо, ал бир автоунаанын жүгүн көтөрөт. Эки төөң болсо эки машинанын жүгүн жайлоо-кыштоого жеткире алат. Ошон үчүн төө тукумун өнүктүрүп, өстүрүү зарыл. Алыскы жайлоолорго төө менен гана барууга мүмкүн болуп калды. Малды алыска жайып, семиртүү маселесин колго алуу үчүн төөгө көңүл буруу зарыл.

Баса белгилей кетчү жагдай, өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттин бир да концепциясы жок. Жылкы, топоз, төө, ири мүйүздүү малды, кой чарбасын кантип, өстүрүү боюнча бир да мамлекеттик концепция жок. Бардык маселени дыйкан, малчынын мойнуна гана жүктөп, мамлекет четке чыга берди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG