Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:22

Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков кыргыз-америка экономикалык алакасындагы пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз кылат.

- Кечээ кыргыз-америка бизнеси аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча жыйын болду. Анда эки өлкөнүн экономикалык алакасындагы буга чейин пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Сиздин оюңузча АКШны кызыктыра алган буга чейин пайдаланылбай келген Кыргызстандын кандай экономикалык потенциалы бар?

- Негизи эле акча деген чек араны тааныбайт. Ошондуктан кайсы жерде акча табууга мүмкүнчүлүк боло турган жерди көрсө ишкерлер, инвесторлор акча табуунун үстүндө болот. Бирок бул үчүн албетте акча табуу үчүн коопсуздук маселеси, мыйзамдар, айтор бардык нерсе эске алынат.

Кыргызстанга да бизнес жасоого мүмкүнчүлүктөр негизинен бар. Ал эми акча табыш үчүн кайсы гана тармак болсун келе берсе болот. Маселен, бир эле нерсе- бүгүнкү күңдө өзүңөр билесинер, баалуу кагаздар өкмөттүн колунан институттун, агенттиктин колуна өтпөдүбү, бул дагы кандайдыр бир деңгээлде көбүрөк баалуу кагаздар менен иштөөгө чет элдик инвесторлорго көбүрөк жеңилдик берсе керек деген да божомолду пайда кылып атат.

Анткени агенттик аркылуу чоң-чоң ишкерлердин, анын ичинде биринчи кезекте мамлекеттик чоң-чоң ишканалардын баалуу кагаздардын алып, андан пайда көрүүгө болгон аракеттерди жасаса болот. Андан сырткары, албетте бизде көп эле айтып жүрүшөт, бизде тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча. Кыргызстанда ар түрдүү жер алдындагы кен байлыктары толтура. Буларды иштетүүгө болот чоң каражаттарды салып.

Негизи эле кайсы гана тармак болбосун баардык тармактарга мүмкүнчүлүктөрүнө жараша инвесторлор келип акча салса, андан пайда табууга мүмкүнчүлүк бар. Анткени Кыргызстанда конкуренция анча чоң эмес. Тиги же бул тармак боюнча келип акчасын салып, азырынча анча чоң конкуренция жок учурда көбүрөк пайда алууга болот деген көз караш бар.

-Жакында эле “Манас” аба майданында АКШнын транзиттик борбору кыргызстандык ишкерлер менен кызматташкысы келерин айтып бир катар иш-чараларды өткөрдү эле. Бул жаатта Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин долбоорлору, сунуштары барбы?

- Кыйла эле сунуштар болуп келатат. Маселен, Кыргызстанда көбүнчө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, ошол продукцияларды четке сатуудан баштап, бизде өндүргөн көп продукцияларды, керек болсо Американын өзүнө чейин сатуу боюнча сунуштар, үлгүлөр жиберилип келатат.

Американын Камчам деп коюшат, ушундай соода уюму бар Кыргызстанда түзүлгөн. Мына ушунун жардамы менен Кыргызстандагы товарларды Американын өзүнө сунуш кылуу же болбосо ал жактан инвесторлорду Кыргызстанга тартуу боюнча эки тараптуу аракеттер жүргүзүлүп келатат. Өзгөчө билесиңер, финансылык уюмдардын баардыгы түздөн-түз Американын таасири астында. Ошон үчүн ал уюмдардын көз карашы, мамилеси жана келишимге байланыштуу Кыргызстанга акча каражат келет.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG