Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

КМШ өкмөт башчыларынын 19-ноябрда Ялтада өткөн энергетикалык отурумунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип курууга байланышкан маселе кайчы пикирлерди жаратты. Ал эми кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча уюштуруу иштери аягына чыкканын билдирүүдө.

Өткөн жумада Ялтада КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары энергетика маселесин талкуулаган жыйынга чогулганы белгилүү. Анда шериктештиктин өкмөт башчылары ар кандай энергетикалык обьекттерди биргелешип түзүү боюнча концепцияга кол коюлду. Бирок ага тиркелген планды талкуулоодо бир катар кайчы пикирлер түзүлдү.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда Ялтадагы отурумда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каршы чыгып жаткан Өзбекстандын пикирин Орусиялык энергетика тармагынын жетекчилери да кубаттап, концепцияга тиркелген пландагы эки пунктту: Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун жана Кыргызстан менен Тажикстанда чакан ГЭСтерди курууну иликтөөнү алып салууга макулдугун билдирип, натыйжада план кайра иштеп чыгууга жиберилген.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында жыйынга катышып келген “Түндүк электро” ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун токтотуу боюнча эч кандай маселе болбогонун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Орусиянын келерки жылдык бюджетинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каражат каралган:

-Мен катышып келбедимби. Кыргыз-оруc премьер-министрлеринин ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Эми Орусиянын каржы министрлиги качан каражат бөлөт, аны күтүп жатабыз. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо маселесин Орусия кийинки жылдын бюджетине киргизди. ГЭСти куруу боюнча долбоор токтогону же башка маселе боюнча Орусия тараптан эч кандай маалыматтар болгон эмес, -дейт Сапарбек Балкыбеков.

Ошентсе да Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жайлап жатканын Орусия Ташкендин сөзүн уга баштаганы, буга болсо анын Өзбекстан сыяктуу газга бай энергетикалык өнөктөштөн ажырап калбоо кызыкчылыгы себеп болууда, деген пикирлер бар.

-Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу созулуп кетүүсү толук ыктымал. Анткени негизги көйгөй Өзбекстан тараптан болуп жатат. Сиздерге белгилүү өзбек тарап бул ГЭСтин курулушуна башынан каршы болуп келе жатат, Орусия да бул жолу аларды ийге келтирип, өзбектер да энергетикалык консорциумга кирмейинче созула бериши мүмкүн. Анткени Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу энергетикалык өнөктөштөрүнөн ажырап калууну орустар да каалабайт, -дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

Белгилүү болгондой Орусиядан алынган 300 млн. доллар насыя акча Кыргызстандагы Өнүктүрүү фондуна берилген. Ал эми фонддун активдерин башкаруу жана кеңеш берүү укугун Евгений Гуревич жетектеген MGN Group алганы белгилүү.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде бул Орусияны чочулатып жатышы мүмкүн:

-Акча өкмөттүн көзөмөлүндө эмес, башка бир группаларга таандык болуп жатканы –Орусия үчүн тобокелчиликке барууга барабар. 300 млн. доллар насыя акча да Өнүктүрүү фондунун көзөмөлүндө болуп атпайбы. Мына ушул азыркы түзүлүп аткан структуралар дагы орус бийлигин чочулатып жатышы ыктымал.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Марат Казакбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу кечеңдеп жатканы каржылык каатчылыктын негизинде болуп жатат, деп эсептейт:

-Көбүнчө материалдык жана каржылык ресурс жетпей жатат. Анткени азыр Москва өзү каржылык каатчылыктын капшабын тартып жатат. Ошондуктан, Камбар-Ата-1 үчүн каражат азырынча бөлүнбөй жатса керек. Бул жерде орустардын Кыргызстанга мамилеси салкындап атат деп айтууга негиз жок.

Камбар-Ата-1 ГЭСи Нарын каскадынын эң чоң бөлүгү. Камбар-Ата-1 ГЭСи бир жылда 6 миллиард 300 миллион килловатт саат электр энергиясын иштеп чыга алат. Анын чөйчөгүндө 4 миллиард 600 миллион куб метр суу сакталат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин жалпы курулушун аяктоо үчүн 2 миллиард 200 миллион доллар керек деген эсеп бар.

1993-жылы Канадалык “Наrza” компаниясы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча ТЭО жүргүзүп, ошол убактагы баалар менен курулушка 1 млрд. 800 млн дон ашуун доллар акча керек болорун маалымдаган. Орусия ГЭСтин курулушуна 1,7 млрд. доллар бермек болгон.

2008-жылдын башында башталган “Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушу 70% аяктап калды. Бул ГЭСке суу бөгөө үчүн тоо жардыруу иши үстүбүздөгү жылы 20-декабрда жүргүзүлмөкчү. Ал эми 1-агрегаты келерки жылы май-июнь айларында ишке кирүүсү күтүлүүдө. Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу -360 мВт. Ал эми жылыга иштеп чыгара турган электр энергиясы болжол менен 10 млн кВт саат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG