Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

МИЛЛИОНЕР ДАНИЯР ҮСӨНОВ КАЙРАДАН ОЮНДА


Президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык экс-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми аны бул кызматка шаардык кеңештин депутаттары бекитүүсү керек. Байкоочулардын баамында Данияр Үсөновдун шаар башчылыкка келе тургандыгы бир канча ай мурда эле айкын болгон. Коомчулукта талаш-тартыштуу бул фигуранын кайрадан чоң кызматка келиши тууралуу ар кыл пикирлер айтылууда. Мурда Д.Үсөновду вице-премьерлик орун үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына 300 000 доллар бергендиги айтылып, кыйла талаш-тартыш жараткан.

Экс-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов, коомчулукта кыйла талаш-тартыштарды жараткан саясий фигура. Андыктан анын Бишкек шаарынын мэрлигине дайындалышы менен коомчулукта түрдүүчө пикирлер кайрадан жүрө баштады. Мындан мурда экс-премьер-министр Феликс Кулов, Дания Үсөновдун парламент депутаттарына 300 000 доллар берип вице-премьерлик орунду сатып алганы, аны ага өзү айтканы тууралуу маалымат тараткан . Мындай айыптоону Данияр Үсөнов четке кагып, эч кандай акча бербегенин айткан. Ал кечээ күнү журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатып, ага бул кызмат капысынан, күтүлбөгөн жерден сунуш кылынганын айтып өттү. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны «мамлекеттин чөнтөгү менен өз чөнтөгүн алмаштырып жиберет»,- деп ишеним көрсөтпөй келишет. Бишкектин түштүк жакасынан да кыйла жерди колуна алып койгондугу тууралуу кептер катуу айтылган. Ошентсе да кабарчыбыздын бул жаатагы суроосуна, «ушак чыгарбагыла» дегендей маанайда, мындай жооп кайтарды:

- Мен ойлочу элем мурда жалгыз эле депутаттар же партиялар элдин атынан сүйлөйт деп. Бирок, «Агым» менен «Азаттык» элдин атынан сүйлөп калыптыр да. Менде жакшы бир сунуш бар. Колуңузда маалымат бар болсо талкуулайлы, жок болсо ушактарды таратпагыла.

Ушундай деген Данияр Үсөнов, эл арасында, саясий чөйрөдө айтылып жаткан кептерди «ушак» деп баалап, эки массалык маалымат каражатын айыптап өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Акшумкар» партиясынын тең төрагасы Темир Сариевдин айтымында, Д.Үсөновдун кайрадан жогорку кызматке келиши, президенттин алдыдагы саясий таймаштарга болгон камылгасы. «Негизинен ал өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен өйдө койгон киши»,- дейт депутат:

- Данияр Үсөнов абдан ар түрдүү, карама-каршылы пикирлерди жараткан адам. Буга чейин да көптөгөн чырлардын башында болуп келген. Вице-премьерлик кызматта жүргөндө да далай кептер айтылган. Эми, Бишкектин башына келсе дагы биз айтып жүргөндөй өзүнүн жеке кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коюп коёт.

«Таза коом» партиясынын төрагасы Табылды Акеровдун пикиринде, Данияр Үсөнов мыкты ишкер жана экономист. «Анын бул кызматка келиши шаарга эле пайда»,- дейт Т.Акеров:

- Данияр Токтогуловичтин алдына чыга келген деле чоң экономист жок Кыргызстанда. Балким кыйын экономисттер бар, көп эле, бирок алар өздөрүн Данияр Токтогуловичтин деңгээлинде көрсөтө элек. Анан негизи Кыргызстанда мобундай кризис болуп турганда, ушундай адамдар өздөрүн көрсөтүп, өз мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн кайсы бир тармагын алып, аны алга сүрөгөнгө аракеттенсе жакшы болот.

Жаш экономист Талант Кемеловдун айтымында, алдыдагы референдум, шайлоолор жакындаган сайын президентке акчалуу адамдар көбүрөөк керек боло баштады:

- Менин оюмча бул келе жаткан референдум, андан кийинки шайлоолорго карата көрүлгөн камылга болушу керек. Улуу урматтуу президентибиз өзүнүн тобуна ушундай финансылык жактан көз карандысыз, бай, күчтүү кишилерди кошконго аракет кылып атат. Бул киши президенттик партиядан дагы жакшы жерлерди ээлеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG