Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Пакистандын Лахор шаарында бомба жардырылды


Жардыруудан сегиз киши мүрт кетип, 20га жакын адам жарадар болгону кабарланды. Пенжаб провинциясынын расмийлеринин маалыматы боюнча, 23-февралдагы жардыруу соода түйүндөрү жыш жайгашкан райондо болду.

Жардыруу болгон ресторандын айланасын полиция курчап, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул жардыруудан бир күн мурун Пакистан бийлиги террордук коркунуч жөнүндө жарыялаган. Акыркы 11 күндө өлкөдө жардыруулардан 130дан көп киши набыт болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG