Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

“Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Э. Каптагаевдин айтымында, шайлоо учурунда тымпыйып ооз ачпай, эми "жоо кеткенден" кийин баатыр болгондор оппозицияга асылып сын айтууда.

-Эмилбек мырза, саламатсызбы? Чындыгында акыркы убактарда президент тарабынан Башмыйзамга каршы келген бир катар өзгөртүүлөр болгону көп эле айтылып жатат. Бирок оппозиция унчукпай келүүдө. Мунун себеби эмнеде?

- Бул коомдогу нерселерге менин оюмча тереңирээк көз караш, тереңирээк анализ менен айтпаса, азыр бир кыймыл болсо ага каршы кыймыл боло берүү менин оюмча анча деле көп максатка жеткирбейт. Максим Бакиевдин дайындалышы боюнча, структуралар боюнча оппозициялык көз караштагы адамдар өз пикирлерин айтып эле келатат. Мен дагы өз пикиримди «Азаттыкка», башкаларга да айткам, гезитке да чыкты. Оппозиция такыр эле унчукпай отуруп калды деген менин оюмча туура эмес. Башка иш, БЭК өз позициясын азыр ачык бирдиктүү документ катары билдире элек. Бул жакынкы күндөрү жарыкка чыгат болуш керек.

-Ушул мезгилде Камбар-Ата ГЭСтери тууралуу мыйзамга да өзгөртүү киргизүү маселеси каралды. Ушундай учурларда оппозиция өзүнүн билдирүүлөрү менен чыкпаганы боюнча оюңуз кандай?

- Бул боюнча мен мындай атат элем. Жакында эле аксакалдар менен жолугуп сүйлөшүп калдык. Ошондо мага бир киши мындай деп айтты: "азыр бийликтин жүзүн ачып ашкерелей бергендин деле кереги жок болуш керек. Анткени өткөн шайлоодо бийликти эл толук эле билип калды, анын кандай экенин, эмне максаты бар экенин, кайда баратканын билет."

Бирок ошол кеп, же кыймыл-аракет ушул бийликтин жүзүн кандай өзгөртөбүз, кандай багытта коомду алып кетебиз деген аракет болсо дегенди айтып атат. Бүгүнкү күндө оппозицияны сындап, оппозициянын колунан келбей калды деп аткандын баары тең менин оюмча өздөрү аракет кылбаса дагы, оппозиция жакшылыка алып барат, же күч пайда болобу деген үмүттүн аркасынан чыгып атат деп ишенем.
Эми мына өткөн шайлоо көрсөтпөдүбү. Бир улуу кишилер айткан да, тозоктун эң ысык, эң алоолонуп турган жери улуу моралдык сынак мезгилинде унчукпай отуруп алган адамдар деп. Менин оюмча, ушул эң курч сынды, моралдык сыноо, шайлоо мезгилинде унчукпай отуруп алгандар айтып атат.

Азыр оппозицияга карата, бул менин оюмча жарандык позиция эмес. Ошол сынак мезгилинде айтылчу сөз айтылыш керек болчу. Сынак мезгилинде айтчу кишилер өзүнүн позициясын, көз карашын ачык айтып чыгыш керек болчу. Мына ошондо коом өзгөрмөк.

Азыр тымпыйып отуруп алып туруп, азыр эр болуп аткан, түштөн кийин жоо кеткенден кийин кылычын ташка чап деген абал деп элестетем мен. Ал эми оппозицияны сын айтылып атканы биримдик боюнча туура. Анткени биригүү эки себеп менен болот, себептерге карата, анан максатка карата.

Оппозициянын ичинде максаты менен бириккен да топ бар, бийликке кандайдыр бир себептер менен нааразы болуп келип кошулгандар бар. Ошон үчүн кызматка, байлыкка, аракка, же жармага таарынып келип калгандар алар сөзсүз кетип калат.

Ошол себеби өзгөрсө кетип калат. Ал эми максат менен бириккендер бүгүн дагы бир, мындан ары коом, келечек, эл үчүн күрөшүүнү уланта берет.

-Эмилбек мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG