Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Убактылуу өкмөт 18-майда түн бир оокумга дейре Конституциялык кеңешме тапшырган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап, аны 27-июнда жалпы элдик референдумга алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды. Баш мыйзамдын долбоорундагы мамлекеттик башкаруу жоболору кандай жазылгандыгы жөнүндө Конституциялык мүчөсү Эркин Алымбеков "Азаттыкка" маалымат берди.

- Кечээ убактылуу өкмөт түн бир оокумга чейин баш мыйзамдын долбоорун талкуулады. Кандай жыйынтык, чечим чыгарылды. Оболу ушул тууралуу маалымат бере кетесизби?

- Кечээ түнкү саат 12ге чейин өкмөттүн жыйыны болуп, Конституциялык кеңешме сунуштаган Конституциянын долбоору каралып, кызуу талкуулар менен, талаш-тартыштар менен коштолду. Бирок Конституциялык кеңешме сунуштаган Конституциянын долбоору бекитилди. Буюрса үлгүрсөк бүгүн, бүгүн болбосо эртең жарыялоо болот. Буюрса элибиз күткөн Конституциялык кеңешме ар тараптан кылдаттык менен карама-каршы пикирлердин негизинде көптөгөн коомчулуктун миңдеген сунуштарын иргеп, изилдеп, эл аралык эксперттердин оюн эске алуу менен бирге биринчи жолу элибиздин, Кыргызстандын келечегине адилет, кайрымдуу, жоопкерчиликтүү бийлик алып келе турган башкаруу системасы сунушталып атат. Буюрса ошол референдумга чыгат.

- Исмаил Исаков президенттик башкарууга негизделген Баш мыйзамдын долбоорун сунуштады эле. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров 1993-жылдагы баш мыйзамга кайтап келүүнү сунуштоодо?

- 1993-жылдан бери коом да, түшүнүктөр да өзгөрдү. Элибиздин көпчүлүгү жаңы өзгөрүштөргө умтулуп, эки жолу кризиске алып келген бийлик системасына барбай эле, коомчулуктун сунуштары жана пикирлери менен изилденип камтылган Конституцияга умтулуп аткандан кийин, ушундай тарыхый мүмкүнчүлүк болуп турганда 93-жылкыны жана мен айткан ар тармактан изилдеп камтылган жаңы жакшы принциптерди кошуу менен элибиз күткөн Конституцияны кабыл алуу азыркы учурдун талабы. Ошол сыяктуу Исаковдун суперпрезиденттик дегени бул азыркы менталитет, азыркы салт сакталып турганда кайра эле кризиске алып келет. Бул мындайча айтканда жоопкерчилик эмес. Ошондуктан негизинен Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоор бекитилди.

- Азыркы бекиген Баш мыйзамдын долбоорунда бийлик бөлүштүрүү кандай болду? Буга чейин парламенттик башкарууга негизделген десе, азыр айрымдар аралаш башкаруу деп айтып чыгышты?

- Аны тарыхчылар менен окумуштуулар тактап берер. Бирок негизинен бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары тең жана так бөлүнүп, алар бири-бирин тең салмакташтырып көзөмөлдөө үчүн, тийиштүү жоболор киргизилди. Эгер алып карасак, өкмөт башчысы экономикалык дагы, саясий дагы милдеттерди аркалай турган турган фигура болду. Кечээ Орусиянын атайын өкүлү Рушайло менен ж.б. КМШнын өкүлдөрү менен кезиккенде алар дагы таң калып түшүнбөй отурат. Мисалы, азыр силер парламенттик өлкө болдуңар, эл аралык жана башка келишимдерди премьер-министр бекитет экен, ошол негизги фигура болот экен. Президенттер менен отурганда премьер-министр алар менен отуруп келишимдерге колду кандай коет, ар бир ШКУ, КМШ жана эл аралык уюмдарда Уставында президент кол коет деп жазылган деп алар дагы өзүлөрү таң калып сурап отурат.

Биз түшүндүрүп атабыз, эми ал Уставдар акырын өзгөрүлөр, Конституция кабыл алынгандан кийин премьер-министр негизги фигура болгондон кийин, акырындан ал президенттер дагы көнүп, жоболорго өзгөртүүлөр киргизилет. Анткени биз айтып атабыз, өнүккөн сегиз өлкөнүн форматында деле, атап айтсак Италиянын, Англиянын премьерлери кол коет президенттер менен аралашып. Мындайча айтканда негизги багыты парламенттик система. Анткени парламент өкмөттүн курамын бекитет дагы, президент болсо туруктоочу, арбитрдык ролдор менен тең салмакташтырып, экономикалык, тышкы жана кадрлар саясатына таптакыр кийлигишпей турган механизмдер киргизилет. Бул парламенттик бийлик системасы, муну эл аралык коомчулук да таанып атат.

- Кандай ойлойсуз, Конституциянын долбоорун талкуулоодо коомчулуктун бардык катмарынын пикири эске алынды деп ойлойсузбу?

- Канча киши болсо ошончо көз караш, ой болот экен. Бирок негизги элибиз күтүп аткан ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде, шайлоо институтун толук кандуу калыптандырууга жол ачкан, саясий ат салышууга негизделген бийлик системасы болду. Анан кыска механиздерин айтсам, бийликтин ыйгарым укуктары тең салмактуу бөлүштүрүлдү. Негизги басымдуу бийлик парламент менен өкмөткө бөлүштүрүлдү.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG