Ош шаарындагы мектеп жана бала бакчаларда бардык тилдерди даңктаган “Эне тил жумалыгы” өтүүдө.
Шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Бекташ уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, иш-чара “Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамда” көрсөтүлгөндөй, ар бир этнос өз тилин өнүктүрүүгө акылуу экенин жайылтуу максатында, 21-февраль – Эне тил күнүнө карата уюштурулууда:
-Мындай жумалык былтыр да болгон. Бирок туура түшүндүрүлбөй калып, баары кыргыз тилин даңазалаган иш-чараларды уюштурушкан. Бирок эне тил менен мамлекеттик тил деген эки башка түшүнүк эмеспи. Ошондуктан, мунусунда ким кайсыл улуттун өкүлү болсо, өз тилин даңкташы керек деп тапшырма бердик.
21-февраль – Эне тил күнү деп 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилген. Ал эми мамлекеттик тил, кыргыз тили күнү 23-сентябрда белгиленет.
Кыргызстанда сексен чамалуу улут өкүлдөрү жашайт. (SE)