Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Барскоонго берилген төрт миллион доллар кайда кеткен?


Бүгүн Октябрь райондук сотунда “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын үстүнөн сот иши башталат. Иштин чоо жайын “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоевадан сурадык.

-Эркингүл айым, саламатсызбы. Сиздер берген бул доо арыз боюнча сот көптөн бери уланып келе жатат окшойт. Анткени 1-Май райондук соту май айында эле карап баштаган болчу?

- Бул боюнча биз 1-Май сотуна бергенде компаниянын өкүлү адвокаты Спасенко биз Октябрь районунда катталганыбыздын негизинде Октябрь районуна которулсун деп сураныч берген. Ошонун негизинде Октябрь районуна которулду.

-Өтө эле узак аралыка созулуп кеткен жокпу, анткени сот май айында эле башталган болчу?

- Булар ар кандай негиздерде сотту узартып атат. Мисалы, 1-Май райондук соту Октябрь районуна которулсун деди, ал жакка которулса кайра шаардык сотко берди. Биз 1-Май райондук сотунда эле калмакпыз, Октябрга которбой эле койгула деп атканбыз. Ошонун негизинде ушундай узак болуп атат.

Ал эми 2005-жылдан 2007-жылга чейин сот болгон. Бул боюнча булар тынчтык келишими боюнча өкмөткө 4 млн. доллар бергенбиз, ошонун негизинде өтүнүч кылышкан бул соттун ишин токтотуп бериңиздер деп. Бирок сот негиздеп изилдеп, бул тынчтык келишими законсуз түзүлгөнүнүн негизинде өтүнүч четке кагылган.

Ал эми азыр болсо компаниянын адвокаты Спасенко дагы эле өкмөттү экинчи жоопкер катары ишке тартууну суранып жатат соттон. Бирок биз ойлойбуз тынчтык келишими түзүлүп, ал 4 миллионду кимге берди, Акаевге бердиби, Силаевге бердиби ошолордон сурап алышы керек. Ал эми жабыркаган эл болсо эч кандай акча алышкан эмес. Мурун 1000, 500 сомдон балдарга жардам катары гана берилген болчу. Ошондуктан каза болгон, ооруп аткан адамдардын бул компанияны сотко берип жатышы закондун негизинде болуп жатат.

-Буга чейин биринчи траншка каражат бергенин дагы Кумтөр ишканасы кайра-кайра кайталап атат?

- Бул таптакыр өзүнчө. 98-99-жылдарда өкмөттүн айыл чарба жагынан бир канча өкүлдөр текшерип чыгып, канча түшүм алынбай калды деп, ошол актынын негизинде алынбай калган түшүмдүн гана компенсация берилген. Муну эч кандай адамдын ден-соолугу боюнча маселеге аралаштырбаш керек.

-Цианид уусунан жабыркагандар катары 300дөн ашуун киши деп айтылып жүрөт. Доо арызды 29 киши берип атыптыр. Калгандары каалаган жокпу?

- Сот айтып атат 300 кишинин баардыгын карай албайбыз деп. Ошондуктан биз биринчи баскычында 29 кишини бердик. Эгерде буюрса сот биз тарапка чечип бере турган болсо, калган кишилерди улам-улам бере беребиз. Мен ойлоп атам, биз соттон жеңебиз деп. Анткени бизде бүт фактылар бар. Биринчи жардам берген медиктер дагы бизге кошулуп атышат.

-Эркингүл айым, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG