Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Эстебес эстелбей калабы?


Залкар төкмө акын, СССРдин Эл артисти, казактын Халк акыны, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Эстебес Турсуналиевдин аркы дүйнөгө сапар алганына жакында төрт жыл толот.

Эстекемдин жаркын элесин түбөлүккө калтырыш үчүн 2008-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши атайын токтом кабыл алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин токтомдо көрсөтүлгөн иш чаранын бири дагы ишке ашпай келет. Бул тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов маркумдун жубайы Райгүл Деркенбаеваны кепке тарткан.

- Райгүл айым Эстекемдин калдайган кыргыз калкы менен кош айтышканына жакында төрт жыл болот. Эстекемдин ысмын, жаркыраган элесин түбөлүккө калтырыш үчүн 2002-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алды эле. Бүгүнкү күндө ал токтом аткарылдыбы?

- 2008-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш атайын токтом чыгарган. Токтомдо Бишкек шаарында мемориалдык музейди уюштуруу, эстелигин тургузуу, көчөнүн бирине ысмын берүү, жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотуу, филармониянын фойесине бюстун коюу, Талас шаарынын көчөлөрүнүн бирине атын, Манас районунун мектептеринин бирине ысмын берүү айтылган эле.

Мен чоңдордон, биринчиден, Эстекеңдин үй музейин уюштуруп берүүнү сурандым. Өзүң билгендей залкар эл шайырларынын биринин да үй музейи жок. Мына биз туу туткан Калыктын, Осмонкулдун, Алымкулдун, Атайдын, Мусанын, Ыбырайдын, Карамолдо деген эмне деген кишилер. Булардын биринин да ордо калаабызда үй музейи жок. Алардын бир ыры, бир күүсү менен бүгүнкү күндө жаш шайырлар бүт дүйнөнү кыдырып жүрүшөт. Залкарлардын бир ыры, бир күүсү менен биз сыймыктанып атабыз. Бирок бирөөнө дагы музей курулган жок.

Эстекеме үй музейин курууга татыктуу. Ал СССРдин эл артисти, жазуучулар союзунуну мүчөсү, биринчи даражадагы “Манас” орденинин ээси, учурунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кайним Болот Шернияз: -ой, жеңе байкемдин комузун, кол жазмаларын бирөөгө берип койбо, - дейт. Ой, айланайын Болот, байкеңдин комузу эмес бир кылын да бирөөгө бербейм. Эгерде силер музей уюштуруп бере турган болсоңор экспонатты мен өзүм эле чогултуп берейин, материал деген үйдө толтура. Мен эч кимге бирдемесин бербей, жылдырбай отурам, - деп, материалдардын баардыгын көзүмүн карегиндей сактап отурам.

Мен жетекчилерге Эстекең атындагы көзү өтүп кеткен төкмө акындардын, азыркы шайырлардын бүт чыгармаларын, айкелдерин коюп, концерттик залы менен музей уюштурсак, анда акындардын, ырчылардын, комузчулардын сынактары, фестивалдары өтүп турса кандай сонун болоор эле. Илгери адабий окуу болоор эле. Ал азыр таптакыр унутулуп калды. Чындыгында мектепте биз көркөм адабий окуу менен чоңойдук, өсүп өндүк.

Азыр болсо көркөм окуу деле, мектептерде ийримдер эле жок. Дагы рахмат, жаш балдарыбыздын комузду кармап жүргөндөрүнө. Жеке эле комуз эмес, эл чыгармачылыгын ар тараптан өстүрүшүбүз керек. Бүгүнкү күнгө чейин чечимде айтылган Эстекеме музей ачуу, эстелик коюу, көчөгө, мектепке атын берүү, туулган жерине, жашаган үйүнө меморалдык такталарды орнотуунун бирөө дагы бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө.

Маган айтышкан Таластагы Мир деген көчөгө Эстекемдин ысмын бердик деп. Бирок алар берсе мени чакырышат эле. Алар айтышкан СССРдин эл артисти, казактын халк акыны Эстебес Турсуналиев атындагы көчөсү деген жазууну жазып, тактасын жасатып беребиз деп. Мен макул деген элем. Эмдигиче дайын жок. Таластыктар көчөнүн атын беришсе, бала-бакырам менен барып элге, жетекчилерге ырахматыбызды айтып, кой союп, бата алалы деген элем. Азыркы күнгө чейин эч нерсе жок.

Азыркы жаштардан Эстебес ким десең билишпейт. Теле берүүдөн бая күнү бирөөдөн Чыңгыз ким деп сураса, "билбейм ал башкарма" деп кеот. Ошондуктан азыр жасап калбасак кийин кеч болуп калат. Казак эли өнөрдү абдан баалайт, барктайт, мына 60 гектар жерде Жамбул Жабаевдин музейи бар. Биз илгери концерт коюп барганбыз. Музейи да, күмбөзү да ошол жерде. Барган көрүүчүлөр музейине киришип, күмбөзүнө куран окуп чыгышат. Дүйнө жүзүндө төкмө акын бизде өтө күчтүү өнүккөн. Ошондуктан, кармай турган туубуз төкмө акындык өнөр.

- Райгүл айым, кечиресиз сөзүңүз оозуңузда. Эстекем Казакстандын да Халк акыны эле. Бир боордоштор Эстекемдин элесин түбөлүккө калтырыш үчүн кандай иш чараларды көрүшүүдө?

- Казактар өнөрдү аябай баалайт. Баягы күнү бир жигит телефон чалды. Атын унутуп калдым. Ал эл шайырлары тууралуу даректүү фильм тартып атыптыр. Мен Казакстандан Эстекең жөнүндө не бир шумдуктарды алып келдим дейт. Эстекеңди казактар аябай жакшы көрүшчү. Өзгөчө казак президенти Нурсултан Назарбаев төкмө акындарды урматтайт. Өзү да ырдайт, домбрада күү да чертет.

Биз эгемендүүлүккө ээ болгондо казак адабиятынын, маданиятынын тарыхында биринчи жолу Эл артисти эмес, Халк акыны деген ардактуу наамды берди. Жакында Казакстандан мага телефон чалышты, Эстекемдин өмүр баянын кыргызча, орусча жазып бериңиз деп. Мен жазып жибердим. Көрсө, Чыкедин, Эстекемдин ысмы Астанадагы көчөлөргө берилип жатыптыр.

Ал бизде Бишкектен көчөлөргө ысымдары берилбей жатат. Уят го деймин. Казактардан да уяласың. Алар айтып атат эгерде Эстекемдин үй музейин курууга жер алсаныз, биз өзүбүз каржылап беребиз, деп. Бул эмне деген баа. Дагы бир нерсени айта кетейин.

Союз учурунда казактар Эстекеңдин жеңе экөөңүздөр келиңиз, жеке үй куруп беребиз, лимузинге гана салып жүрөбүз. Тек гана сизди мааракеге алып баарбыз, өзүңүз Кыргызстанда да, бизде да иштеңиз деп чакырышканда Эстекең барбай койгон. Ошондо да казактар Эстекеңе Халк акыны деген наам берип жатпайбы.

Эгерде бүгүнкүдөй турмуш болсо: - ой, Эстеке кой казак туугандарга баралы. Эки эл бир тууган, намызыңды кой десем болмок экен. Намыз үчүн жер берсе көзүмдүн тирүүсүндө өлсөм, тирилсем да музей салам деп атам. Мага жер беришсе болду.

- Жер маселеси боюнча жетекчилерге кайрылдыңызбы?

- Кайрылдым. Жогорку Кеңештин чечими чыккандан кийин бир жерди көргөзгүлө, бергиле дешти. Мен бердим. Бирок бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок. И.Айдаралиевге кирдим. Ал Чудиновго киргизем деди. Бүгүнкү күнгө чейин Чудиновго кире албай жүрөм.

Бакиевге арыз жазгамын жооп да жок. Алиге чейин кире албай жүрөм. Мен муну менен жөн калбайм. Көзүмдүн тирүүсүндө бир киши чуркабаса болбойт экен бүгүнкү күнгө чейин эч ким укпайт тура.

- Ачык айтып, ак дилден ой бөлүшкөнүз үчүн чоң рахмат.



XS
SM
MD
LG