Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Э. Сариева: Байкоочу кеңеш шашып кетти


Элвира Сариева, Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңешинин төрайымы.
Элвира Сариева, Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңешинин төрайымы.

КТРК Байкоочулар кеңешинин төрайымы Элвира Сариева Коомдук телеканал жетекчисин тандоо сынагы узарышынын себептерин чечмелеп берди.

- КТРКнын жетекчисин тандоо сынагынын акыркы айламасындагы жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Илим Карыпбеков көп добуш алган экен. Бирок азыр Байкоочу кеңеш сынакка кошумча баскыч киргизип, кошумча кеңешүү керек деп чечиптир. Бул эмнени билдирет?

- Байкоочу кеңештин мүчөлөрү бүгүн өзгөчө муктаждыктарды айтышты. Алар төрт талапкерге көбүрөөк убакыт берилиши керектигин белгилешти. Экинчиден, Байкоочу кеңештин арасында талапкер боюнча бир консенсус болушу үчүн үчүнчү айлампа өткөрүү чечими чыгарылды.

- Эмне үчүн талапкерлер жашыруун добуш берүү жолу менен тандалып алынгандан кийин гана бир консенсуска келүү муктаждыгы айтылды. Эмнеге мурдараак бул маселе эске алынган эмес?

- Кечээ күнү Байкоочу кеңеш эртең мененки саат тогуздан баштап жыйырма талапкер менен сүйлөшүү өткөрдү. Алардын ар бирине жарым сааттан убакыт берилип, суроолор берилген. Анын ичинен төрт талапкер тандалып чыккандан кийин, алардын талапкерлиги ошол замат добуш берүүгө коюлган. Шашылыш болуп калгандыктан, аларга жакшы көңүл бурулбай, суроолор аз берилип калды да. Бүгүн бул маселени чогулуп алып дагы талкууладык. Илим Карыпбеков сегиз пайыз алганы менен кайра төрт талапкер менен ачык түрдө сүйлошүүлөрдү өткөрөлү деген ой болду. Алардын ар бирине эртең кырк беш мүнөт убакыт берилип, болгон суроолордун баарын берип, КТРКны өнүктүрүп, жакшы иштеп кете турган ишенимдүү жетекчини тандап алалы, бир чечимге келели дедик.

- Мисалы эртең кайра башка талапкер көп добушка ээ болуп калса, талаш-тартыштар чыгып кетпейби?

- Азыр Илимбек Карыпбеков сегиз пайыз алганы менен ушул тапта Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрүндө “Балким биздин чечимибиз туура эмес, талапкерлерге көп убакыт берилбей калдыбы” деген кооптонуулар болуп жатат. Биз ачык түрдө талапкерлерди кайра тандайбыз. Биз бул боюнча талапкерлер менен сүйлөштүк. Илимбек Карыпбековго да абалды түшүндүрдүк.

- Ал буга карата кандай көз карашта болду экен?

- Ал өзүнүн көз карашын билдирди. Эртең кайра келип сынакка катышам деди.

- Демек Байкоочу кеңеш кечээ шашылыш түрдө добуш берип койгонун мойнуна алдыбы?

- Ооба, аны биз мойнубузга алдык. Тандоону ачык түрдө жүргүзөбүз дегенден кийин, протоколдо айтылган сөздүн баарын биз коомчулукка көргөзөбүз.

- Аягында 4 талапкер калыптыр. Алар кимдер, канчадан добуш алганын айта аласызбы?

- Бул Болот Казаков 11, Илимбек Карыпбеков 12, Эрнис Мамырканов 8, Кубат Оторбаев 7 добуш алды.

- Буга чейин сынактын эки гана айлампада өтөөрү айтылды эле. Эми үчүнчү кошумча тур кошулуп калды. Бул сынактын критерийлеринин жакшы иштелип чыкпагандыгынан кабар бербейби?

- Биздин мындай чечим көп суроолорду жаратып жатат. Байкоочу кеңеш коомдук болгондуктан ачык иш алпарышы керек. КТРК ачык иштеш керек. Эгерде биз ушундай чечим чыгаргандан кийин жаңылыштыктарды кетирсек, биз аны мойнубузга алабыз. Эртең кайра добуш берип кайра жетекчини шайлайбыз.

- Сиз Байкоочу кеңештин төрайымы катары айтсаңыз, мындай чечимдин чыгарылышына байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө карата бир башка таасирлер болгон жокпу?

- Жок, андай байкалбайт.

- Мындай демилгени кимдер биринчи көтөрүп чыкты?

- Мен жана Шамарал Майчиев. Анан дагы негизи 10 чакты киши да каршы болбодубу.

- Талапкерлердин коомдук телеканалды түзүү боюнча программаларын карап чыктыныздар. Аларды сиздер кантип бааладыныздар?

- Азыркы КТРКда иштин абалы кандай, андагы проблемаларды чечүүнүн реалдуу жолдору, пландары каралды. Финансылык, кадрдык, программалык маселелерди кантип чече алышат. Ушул жагынан карап тандадык төрт талапкерди.

- Эртең мыкты жетекчи тандалат, ушуну менен бул маселеге чекит коюлат деп ишенесиздерби?

- Мыкты талапкер башкы директордун позициясына бекитилет деп ойлойм. Мындан башка сынак жарыяланбайт. Анткени бизде мындан башка жол жок.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG