Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Укук коргоочуларга акчалай айып салышты


Укук коргоочулар пикетке чыгар алдында журналисттерге маалымат берүүдө

Укук коргоочулар пикетке чыгар алдында журналисттерге маалымат берүүдө

Бишкекте төрт укук коргоочуну Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгып, мыйзамсыз камалгандары бошотууну талап кылганы үчүн акчалай айыпка жыгышты.

Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Гүлнар Журабаева жана Асия Сасыкбаева өткөн адамдарга милиция мыкаачылык менен сабаган адамдардын сүрөттөрүн көрсөтүп жатышты. Пикет башталгандан жарым саатча убакыт өткөндө Биринчи май райондук милициянын начальнигинин орун басары Шатманов келип акцияны токтотууну талап кылып, укук коргоочуларды кызмат унаасына салып милиция бөлүмүнө алып кетти.

Милиция бөлүмүнөн ары Биринчи май райондук сотуна алпарып, укук коргоочулардын ар бирине бир жарым миң сомдон акчалай айып салган чечим чыгарышты.

"Жарандык коом коррупцияга каршы" укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, 29-июлда Бишкекте көчө акцияларына чыккан адамдарды кармап-камоолор башына аягына чейин укуктарды тебелеп-тепсөө менен өттү. Карапайым адамдарды милициянын кепкап кийген, атайын даярдыктагы күчтөрү кармап, күч колдонуп сабап, 22 адамды атайын комендатурага, 45 адамды Бишкектеги кабыл алып-бөлүштүрүүчү борборго алып барып тыгышты. Алардын үстүнөн сот жабык өткөн, күбөлөр суралган эмес, түшүндүрмөлөр жазылган эмес. Аялдарды жылаңачтап тинтүүгө алып, манжаларынын изин алышкан.

Төлөйкан Исмаилованын жүйөөсүндө, үч суткадан 17 суткага чейин камалгандар камакта мыйзамсыз отурат. Анткени, мыйзам боюнча камоо жөнүндө сот чечими он күндөн кийин гана күчүнө кирет, ал убакыттын ичинде айыпкердин сот чечимин талашып күрөшкөнгө мүмкүнчүлүгү болуш керек. Укук коргоочу ошондой эле адамдарды кармоо учурунда уруп-сабоого ички иштер министринин орун басары өзү баш болуп катышканын белгилейт:

- Элдин баары көрүптүр, Курманалиев (ички иштер министринин биринчи орун басары) атайын чыгып, айылдык кеңештин депутатын сабап, бөйрөгүнө тепкен ошол болуптур.

Дагы бир укук коргоочу Сартбай Жайчибековдун айтымында, Бишкекте оппозициянын чакырыгы боюнча келатып кармалгандардын баары мыйзамсыз камалды. Анткени сот милициянын оперативдүү протоколу боюнча эле ишти карап чечим чыгарды. Бул жерде административдик иш козгоо жөнүндө прокурордун чечими да, катышы да болгон жок.

ИИМдин тараткан маалыматы боюнча, бир күн мурда шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп каршылык акциясына кошулуу үчүн Бишкектин жака белинен шаарга кирген 66 адам кармалып, анын ичинен алтоо мас абалында болгон. Аларга тартип сакчыларына баш ийбей, көчө жыйындарын өткөрүү тартибин бузду деген негизде административдик күнөө коюлуп, 34 адам үч суткадан 17 суткага чейин камакка алынып, калгандары акчалай айыпка жыгылып, бошотулуп жиберилген. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов укук коргоочулардын милиция күчтөрүнө коюп жаткан дооматтарынын баары суу кечпейт деп билдирди:

- Кимдир бирөөлөр сабады, дагы бири ооруканада жатат деген текшерилбеген маалымат. Ал эми биздин ички иштер министрибиздин орун басары аларды сабап, кол көтөрдү деген маалыматтарды мен чечкиндүү төгүндөйм, себеби андай болушу мүмкүн эмес.

Укук коргоочулар Кыргызстанда адамдарды мыйзамсыз кармап-камоолор, басмырлоолор күчөгөн, чектен чыккан деңгээлге баратканына тычсызданышууда. Алардын пикиринде мунун акыры чоң чыр-чатакка алып келет же Кыргызстанда туташ укуксуз адамдардын үстүнөн өкүмзор бийликтин биротоло орношуна алпарат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG