Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Баткен: Чек арада чыр чыккан айыл күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткендин Көк-Таш айылында абал туруктуу, түн тынч өттү, күч органдары дагы эле күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен районунун акими Кеңеш Салихов билдирди.

- Абал кечинде эле тынчыган. Чек арачылар, күч структуралары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Окуя териштирилүүдө.

Акимдин белгилешинче, мурдагы күнү тажик тараптын тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү Баткен районунун Көк-Таш айылынын милиция бөлүмүнө келип тажик жараны токмоктолгону тууралуу кайрылган, бирок териштирүү учурунда бул факт далилденген эмес. Ал эми кечээ күнү жабыркады деген жаран өзү менен кошо бир нече тургунду ээрчите келип, айыл өкмөтүнүн жанына топтолгон. Аларды тынчытууга чыккан айыл башчы Разия Өсөрова тажик тургундарынын ур-токмогуна кабылганын айтууда. Учурда ал ооруканада. (RK)

XS
SM
MD
LG